Ганг

Википедия дан
Ганг.

Ганг, ГангаИндия менен Бангладештеги дарыя. Узундугу 2700 км, алабынын аянты 2200 миң км2. Гималаи тоолорунан башталат. Инд-ганг түздүгүнүн чыгыш бөлүгү аркылуу агып, Инди океанынан Бенгал булуңуна куярда Брахмапутра жана Мегхна дарыялары кошулуп жалпы дельтаны пайда кылат. Негизги куймалары Жамна, Сон, Дамодар (оң), Гомати, Гхагхра, Гандак, Коси (сол). Режими муссондук, жайында деңгээли 15 мге чейин көтөрүлүп, ташкындайт. Орто чыгымы 13 миң м3/сек; чатынан 300 кмге чейин деңиз ташкыны таасир тийгизет. 1450 кмге (Гималайдын этегине) чейин кеме жүрөт. Ганг жана анын куймалары сугатка кеңири пайдаланылат. Боюнда Аллахабад, Варанаси, Патна шаары, дельтасында Калькутта (Индия) деңиз порту жайгашкан. Ганг индустардын ыйык дарыясы катары эсептелет, жээктеринде зыярат жайлары бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:River-stub