Инд-ганг түздүгү

Википедия дан
Инд-ганг түздүгү.

Инд-ганг түздүгү – түндүгүнөн Гималай тоолору, түштүгүнөн Декан бөксө тоосу менен чектешет. Индия, Пакистан жана Бангладеш өлкөлөрүнүн аймагында. Араб деңизинин жээгинен Бенгал булуңуна чейин 3000 кмге созулат. Туурасы 250-350 км. Тоо этегиндеги альп бүктөм аймагында жайгашып, негизинен аллювий тектеринен турат. Инд жана Ганг дарыясынын суу бөлгүчүнөн (270 м бийикте) алардын дельталарын карай эңкейиштейт. Жеринин бети негизинен жайпак, айрым жерлерде аңдар, дарыя тектирлери кездешет.

Климаты субэкватордук муссондук, батышында тропиктик. Январдын орточо температурасы 12-20°С, июлдуку 30-36°С. Жылдык жаан-чачыны түштүк-чыгышында 1500 мм, түштүкбатышында 100-150 ммге чейин, көбүнчө жайында жаайт. Негизги дарыялары Инд жана Ганг, алардын көптөгөн куймалары жайында ташкындайт. Чыгышында Ганг менен Брахмапутранын саздуу дельтасын чытырман мангр токою, борбордук бөлүгүн жалбырагы күбүлмө токой жана саванна, батышын шор баскан жерлер, кумдуу чөл ээлейт. Көп жери айдалган (шалы, буудай, гозо жана башкалар өстүрүлөт), сугат каналдары арбын. Калк жыш отурукташкан. Ири шаарлары: Дели, Калькутта (Индия), Карачи, Лахор (Пакистан), Дакка (Бангладеш).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]