Инд

Википедия дан
Инд.

Инд же ҮндүКытай, Индия, Пакистандын аймактары аркылуу аккан дарыя. Узундугу 3180 км, алабынын аянты 980 миң км2. Тибет тайпак тоосунан (Кайлас кырка тоосунан, 5300 м бийиктиктен) башталат; Гималай менен Гиндукуш тоо тармактары, ортоңку жана төмөнкү бөлүктөрү Инд-ганг түздүгүнүн батыш бөлүгү аркылуу агып, көп салаага бөлүнөт. Араб деңизине куярда аянты 8 миң км2 болгон дельтаны пайда кылат. Негизги куймалары: Гилгит, Кабул, Сатлеж (Панжнад). Суусунун орточо чыгымы Хайдарабад ш. тушта 3850 м?/сек (эң чоң чыгымы 30 миң м3/секдан ашык), буулануудан жана сугатка кеңири пайдалануудан төмөн жагында чыгымы азаят. Төмөнкү агымы жылдын кургакчыл мезгилинде соолуп калат. Режими муссондук, жазжай мезгилинде суусу кирип, түздүктөрдө деңгээли 5-7 мге чейин көтөрүлөт; суу ташкынынан коргонуу үчүн жээктери дамбалар менен тосулган. Индде плотиналар жана башкалар сугат курулмалары бар; алабында 12 млн гадан ашык жер сугарылат. Кабул дарыясынын чатына чейин мезгилмезгили менен кеме жүрөт. Боюнда Хайдарабад, Суккур шаары; дельтасына жакын Карачи деңиз порту (Пакистан) жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]