Гималай

Википедия дан
Гималай.
Гималай.
Гималай.

Гималай - (санскрит тилинде «хималайя» кар турагы) – Жер шарындагы эң бийик тоо системасы. Тибет тайпак тоосу (түндүктө) менен Инд-Ганг түздүгүнүн (түштүгүндө) аралыгында, Индия, Непал, Кытай, Пакистан, Бутандын аймагында. Узундугу 2400 кмден ашык, туурасы 350 кмге чейин. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 6000 м, эң бийик жери 8848 м Жомолунгма (Эверест) чокусу. Бийиктиги 8000 мден ашкан дагы 11 чоку бар. Борбордук Азиянын тоолуу чөлү менен Түштүк Азиянын тропиктик ландшафттарынын ортосундагы орографиялык, климаттык жана флоралык чек болуп эсептелет. Бирок, Гималайда Инд, Cатлеж, Карнали, Арун дарыясынын антецеденттик өтмө капчыгайлары болгондуктан, Инди океанынын алабын Борбордук Азия туюк облусунан бөлүп турган суу бөлгүч Гималай аркылуу эмес, анын түндүгүндөгү Кара-Корум, Трансгималай тоолору аркылуу өтөт. Гималай Инд-Ганг түздүгүнөн 3 баскыч болуп тик көтөрүлөт. Гималайдын 1-баскычы болгон Cивалик кырка тоосу көптөгөн дарыялардын терең капчыгайлары менен тилмеленген; деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 900–1200 м; жазылыгы батышында 120 км, чыгышында 5–10 кмге чейин кууштайт. Бул кырка тоо кийинки баскычтан тоо аралык айрым өрөөндөр дундар тизмеги (Кашмир ж. б.) менен бөлүнгөн. Дундарды мурда көлдөр ээлеп жаткан. Экинчи баскычын Кичи (Жапыз) Гималай түзөт; ал орточо бийиктиги 3000–4000 м, чокулары 6000 мге жеткен тоо массивдеринен жана кырка тоолордон (Пир-Панжал, Дхаоладхар, Махабхарат ж. б.) турат. Тоолору өтө тилмеленген, Түштүк капталдары тик, түндүгү салыштырмалуу жантайыңкы. Кийинки баскычтан тоо аралык тектоникалык ойдуңдар жана байыркы мөңгүлөрдөн пайда болгон чуңкурдуктар (Катманду, Сринагар ж. б.) аркылуу бөлүнөт. Үчүнчү баскычын Чоң (Бийик) Гималай же Башкы Гималай кырка тоосу түзөт; анын жазылыгы 50–90 км. Түндүк-батышта Нангапарбат массивинен (бийиктиги 8126 м) башталат, Чоң Гималайдын бул бөлүгү эң жазы (300 кмден ашык), чет жакалары бийик, алардын аралыгынан бийик тайпак тоолор (Деосаи, Рушпу ж. б.) орун алган. Сатлеж дарыясынын өрөөнүнөн түштүк-чыгышты карап Чоң Гималай мөңгүлүү өтө бийик тоо массивдерин, чокуларды пайда кылат. Тиста дарыясынан чыгышты карай Чоң Гималай кыйла жапыстайт.

Геологиялык структурасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гималайдын геологиялык структурасына бири-бирине жарыш жаткан айрым тектоникалык зоналар мүнөздүү; алар: Гималайдын Түштүк этеги аркылуу созулуп жаткан Инд-Ганг тектоникалык ийилүүсү; Кичи жана Чоң Гималайды камтыган метаморфизмге дуушарланган кембрийге чейинки комплекс; Башкы Гималайдын түндүк капталын, Кашмир ойдуңунун бир бөлүгүн, Инд жана Брахмапутра дарыясынын башатын камтыган кембрийге чейинки, палеозой, мезозой комплекстери (Тибет Гималайы); жаракаларды жээктей жаткан ийилүүлөрдү камтыган бор-палеоген комплекси («Инд флиши»); альп геосинклиналдык комплекси (бор-палеоген). Бул зоналар ири тектоникалык жаракалар менен бөлүнгөн. Көпчүлүк илимпоздордун пикири боюнча Гималай Тетис геосинклиналынын чегинде пайда болгон альп бүктөлүшүнө кирет. Жез, алтын, хромит, сапфир, Гималайдын түндүк этегиндеги ийилүүлөрдө нефть, газ кендери бар.

Климаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гималай экватордук муссон климаттуу Индстанды континенттик климаттуу Борбордук Азиядан бөлүп туруучу климаттык чек болуп саналат. Гималайдын батыш секторуна температуранын кескин өзгөрүшү, катуу шамал мүнөздүү. Кышы суук (январдын орточо температурасы –10... –18°С), 2500 м бийиктиктен жогору кар аралаш бороон согуп турат. Жайы жылуу (июлдун орточо температурасы 18°Сдей), кургак. Муссондун таасири анча эмес, июль-августтагы нымдуулуктан жана булуттуулуктан гана байкалат. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 1000 ммдей, ал негизинен циклондорго байланыштуу; ойдуңдарда тоо капталдарына караганда 3–4 эсе аз жаайт. Негизги ашуулары майдын аягында гана кардан арылып, жол ачылат. Гималайдын батышында, деңиз деңгээлинен 1800–2200 м бийиктиктерде Индиянын климаттык курортторунун көбү (Шимла ж. б.) жайгашкан. Гималайдын чыгыш сектору кыйла ысык келип, муссондук режимдеги нымдуу климат өкүм сүрөт (жылдык жаан-чачындын 85–95% май-ноябрь айларына туура келет). Жайында 1500 м бийиктикте абанын температурасы тоо капталдарында 35°Сге, өрөөндөрдө 45°Сге чейин көтөрүлөт. Жамгыр дээрлик тынымсыз жаайт. Түштүк капталдарында (3000–4000 м бийиктикте) 2500 ммден (батышында) 5000 ммге чейин (чыгышында), ички аймактарында 1000 ммдей жаайт. Кышында 1800 м бийиктикте январдын орточо температурасы 4°С, 3000 м бийиктиктен жогору абанын температурасы 0°Сден төмөн. Кар жыл сайын 2200–2500 мден жогору жаайт, өрөөндөрүн калың туман басат. Гималайдын түндүк капталына суук тоо-чөл климаты мүнөздүү. Абанын температурасынын суткалык амилитудасы 45°Сге чейин, жылдык жаан-чачыны 100 ммдей. Жайында 5000–6000 м бийиктикте абанын температурасы күндүзү гана 0°Сден жогору көтөрүлөт. Абанын салыштырмалуу нымдуулугу 30–60%. Кышында кар эригенге үлгүрбөй, көбүнчө бууланып кетет.

Дарыялары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарыялары негизинен Түштүк капталарында. Жогорку агымдарында кар жана мөңгү сууларынан куралып, агымы сутка ичинде кескин өзгөрүп турат; ортоңку жана төмөнкү агымдарында жамгырдан куралып, жайында кирет. Өрөөндөрү кууш, терең, босоголор жана шаркыратмалар көп. Көлдөрү тектоникалык кыймылдан жана мөңгүнүн аракетинен пайда болгон; алар айрыкча Гималайдын батыш бөлүгүндө көп (Вулар, Цоморари ж. б.).

Мөңгүлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гималайдагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты 33 миң км2ден ашык. Эң узун мөңгүлөрү Жомолунгма (19 км чейин) жана Канченжанга (26 жана 16 км) массивдеринде. Кумаон Гималайындагы Милам мөңгүсүнүн уз. 20 кмге, Ганготри мөңгүсүнүкү 32 кмге, Пенжаб Гималайындагы Дурунг-Друнг мөңгүсүнүкү 24 кмге, Бармаль мөңгүсүнүкү 15 кмге жетет. Кашмирде мөңгүлөрдүн этеги 2500 м, Гималайдын борбордук бөлүгүндө 4000 м бийиктикте жатат. Мөңгүнүн көбү Гималайдын батыш бөлүгүндө. Кар чегинин бийиктиги батыш бөлүгүнүн Түштүк капталдарында 5000 м, түндүк капталдарында 5700–5900 м, чыгышында Түштүк капталдарында 4500–4800 м, түндүгүндө 6100 м. Мөңгүлөрү дендрит (гималай) тибинде, кар чегинен 1300–1600 м төмөн түшөт. Түркстан тибиндеги мөңгүлөр да кездешет. Түндүк капталындагы зор мөңгүлөр чокуларды чүмкөп жатат.

Ландшафты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ландшафты өтө ар түрдүү, айрыкча Түштүк капталдарында. Тоо этектей чыгышта Жамна дарыясынын өрөөнүнө чейин саздуу, чер токойлуу тилке – тераи созулуп жатат. Дарак-бадалдуу бул токойдо (жунглиде) самын дарагы, мимоза, желпүүр пальма, бамбук, банан, манго ж. б. өсөт. Анын астында илээшкек кара топурак өөрчүйт. Андан жогору 1000–1200 мге чейин, тоонун айдарым капталдарында жана дарыя өрөөндөрүндө дайыма жашыл нымдуу тропиктик токой пальма, лавр, панданус, дарак сымал папоротниктер, бамбуктардан туруп, лианалар (400дөй түрү бар) менен чырмалган. Батышында 1200 мден, чыгышында 1500 мден өйдө таралган дайыма жашыл жазы жалбырактуу токой эмендин түрлөрүнөн, магнолиядан турат; 2200 мден жогору жалбырагын күбүүчү (ольха, жаңгак, кайың, ак чечек) жана ийне жалбырактуу (гималай кедри, көгүлтүр кызыл карагай, жалтырак карагай) мелүүн типтеги токой кездешет; анда топурак кыртышы жана дарак сөңгөктөрүн мамык чөп жана эңилчектер каптап жатат. 2700–3600 м бийиктикте көк карагай, кара карагай, тсуга, арча жана алардын арасында өскөн рододендрондуу бадалдардан турган ийне жалбырактуу токой басымдуу. Бул токойдун астында кызыл, токойдун коңур топурактары өөрчүйт. Субальп алкагында арча-рододендрондуу бадалдар өсөт. Альп шалбаасынын жогорку чеги 5000 м болсо да, анын айрым өсүмдүктөрүн (аренария, мамыры) 6000 м бийиктиктен жогору да кездештирүүгө болот. Гималайдын батыш бөлүгүнүн ландшафты кыйла ксерофиттүү. Мында тераи жок, тоо капталдарынын этек бөлүктөрүн ксерофиттүү сейрек токой жана бадалдар, андан жогору сал дарагы басымдуу болгон жалбырагын күбүүчү муссон токою ээлейт. 1200–1500 м бийиктиктен Жер Ортолук деңиздик субтропиктик түрлөр дайыма жашыл таш эмени, жалтырак жалбырактуу май дарагы, зараң, ийне жалбырактуу токойдо гималай кедри, узун ийне жалбырактуу кызылкарагай (чир), македон көгүлтүр кызыл карагайы кездеше баштайт. Гималайдын чыгышына караганда токой арасы бадалдарга жарды, ал эми альп өсүмдүктөрүнө бай. Токой зонасында кызыл топурак, токойдун чириндиге жарды коңур, андан жогору псевдокүлдүү коңур, альп алкагында тоо-шалбаа топурактары басымдуу. Тоо капталдарынын этек бөлүктөрүндөгү токойлорду жана тераини ири сүт эмүүчүлөр пил, керик, жаныш, каман, антилопа, жырткычтардан жолборс, кабылан мекендейт; маймылдар (көбүнчө макака, шыңгыттай маймыл) жана канаттуулар (тоос, кыргоол, тотулар) көп.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гималайдын түндүк капталдарында сейрек кургакчыл чөп өсүмдүктөрү жана бадалдуу тоо-чөл ландшафты үстөмдүк кылат. Дарак өсүмдүктөрү (жапалак теректүү токойчолор) негизинен дарыя өрөөндөрүндө кездешет. Жаныбарлардан тибет фаунасынын өкүлдөрү гималай аюусу, тоо эчки, too теке, топоз басымдуу. Кемирүүчүлөр көп. Капталдары 2500 м бийиктикке чейин иштетилет. Плантациялык өсүмдүктөр чай, цитрус басымдуу; сугат тектирлерде шалы өстүрүлөт. Гималайдын түндүгүндө арпа 4500 м бийиктикке чейин эгилет.

Деңиз деңгээлинен 5000 мден жогору гляциалдык-нивалдык алкак жатат. Альпинизм өнүккөн (негизинен Непалда).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]