Непал

Wikipedia дан

Непал, Непал Демократиялык Федерация Республикасы – Түштүк-Азиядагы мамлекет. Гималай тоосунун борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Түндүгүнөн КЭР, түштүк-батышынан жана чыгышынан Индия менен чектешет. Аянты 147,2 миң км2. Калкы 30,0 млн (2011). Борбору – Катманду шаары. Административдик-аймактык жактан 14 зонага (анчол) жана 75 районго (дистрикт) бөлүнөт. Акча бирдиги – непал рупийи. Непал – БУУнун (1995), ЭВФтин (2004), Эл аралык эмгекти уюштуруу уюмунун (1966), Эл аралык саламаттык сактоо уюмунун (1953), ЮНЕСКОнун (1953), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун, Азия өнүктүрүү банкынын негиздөөчүлөрдүн бири. Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1961) жана башка мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Непал – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – парламенттик республика (2008-жылдан). Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Уюмдаштыруу чогулушу. Аткаруу бийлигин премьер-министр баштаган өкмөт ишке ашырат. Непалда көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги партиялары: Непал Коммунисттик партиясы (маочулук), Непал Коммунисттик партиясы (Бириккен марксчылар-ленинчилер), Мадхеси Джана Адхикар Форум жана башка 2008-жылдан президенти – Рам Баран Ядав.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Непалдыктар этностук жактан эки топко (тибет жана непал) бөлүнөт. Калкынын көпчүлүк бөлүгүн непалдыктар (46%), чхетрилер (12,8%), тоо бахундары (12,7%), магарлар (7,1%) жана башка түзөт. Ошондой эле шерптер, тибеттиктер, гурунгдар жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Расмий тили – непал тили. Калкынын 80,6%и индуизм, калгандары буддизм жана мусулман динин тутат. Орточо жыштыгы 1 км2ге 199 киши (2011). Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 64,5 жаш, аялдарыныкы – 67. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 кишиге 37,3), өлүм-житим орточо (1000ге 12,9). Шаар калкы 14%. Ири шаарлары: Катманду, Биратнагар, Лалитпур, Бхакатпур жана башка.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Жери тоолуу. Өлкөнүн аймагынын 40%тен ашыгы 3000 мден жогору жайгашкан. Дүйнөдөгү эң бийик 8 чокунун 7си Непалда жайгашкан. Түндүгүндө Гималай тоо системасы жатат. Анда дүйнөдөгү эң бийик чоку – Жомолунгма (Эверест; бийиктиги 8848 м) орун алган. Инд-Ганг ойдуңунда кум-чополуу жерлер жана саздуу тераилер түндүгүндө адырларга алмашат. Алардын Түндүк капталдары жасалма террасалардан туруп, иштетилет. Чоң Гималайдан (деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 4570 м) түштүктө орто бийиктиктеги Кичи Гималай орун алып, бир нече тоо тармактарынан турат. Анын негизгиси – Махабхарат (бийиктиги3000 мге чейин) кырка тоосу. Чыгышта Гималайдын кыры аркылуу Непалдын Кытай менен чек арасы өтөт. Табиятына бийиктик алкактуулук мүнөздүү. Климаты тоолуу субэкватордук муссондук. Түштүгүндө январдын орточо температурасы 15˚С, июлдуку 30˚Сге чейин. Тоолору суук, бийик тоолору дайыма ызгаардуу. Жайы нымдуу, кышы кургак. Жылдык жаан-чачыны 2000 мм. Дарыялары Гангдын алабына кирет. Ирилери: Кали-Гандаки, Арун, Карнали, Коси жана башка Түштүгүндө тропиктик токой жана тераилер (саздашкан жунгли), дайыма жашыл жазы жалбырактуу токойлор (магнолия) өсөт. Борбордук бөлүгүндө Катманду өрөөнү жайгашкан. Банан, пальма, кактус, бамбук, акация жана башка токойлор өсөт. Бир нече улуттук парктар (Сагарматха, Читван – Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген, Лангтанг жана башка) уюштурулган.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Непалдын азыркы аймагында Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын ортосунда эле уруу бирикмелери жашаган. Биздин замандын 7-кылымында Непалда Ткакур династиясы негизделип, 13-кылымга чейин башкарган. 15-кылымда бир нече княздыктар пайда болуп, 18-кылымда бир королдукка бириккен. 1814-жылы англиялык Ост-Инд компаниясы Непалга согуш жарыялап, 1816-жылы Непал аймагынын бир бөлүгү Англиянын көзөмөлүнө өткөн. 1847-жылыАнглия колдогон Джанг Бахадур Рана бийликке келген. 2-дүйнөлүк согуштан кийин улуттук-боштондук кыймыл күчөп, Рана бийлигине каршы күчтөрдүн биримдик фронту түзүлгөн. 1951-жылы өлкөдөгү революциянын натыйжасында Рананын бийлиги кулаган. Непалда конституциялык монархия орноп, королдун бийлиги калыбына келтирилген. 1959-жылы Непалда биринчи парламенттик шайлоо болуп, жаңы конституция кабыл алынган. 1960-жылы король парламент менен өкмөттү таркатып, өлкөдөгү саясий партияларга тыюу салган. 1962-жылы парламент ордуна улуттук панчаяттар (жергиликтүү өзүн өзү башкаруу уюмдары) шайланып, өлкөдө орногон абсолюттук бийлик 28 жыл сакталган. 1990-жылы жаңы конституция кабыл алынып, көп партиялуу парламенттик демократия киргизилген. Непалдын королу Бирендра чексиз бийликтен баш тартып, партиялардын иштешине макул болгон. 1999-жылы парламенттик шайлоо өткөн. Тышкы саясаты боюнча Непал бейтараптык принципти карманып, бардык өлкөлөр менен достук мамиле түзүүнү көздөйт. 1955-жылдан БУУнун мүчөсү.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

2Непал – дүйнөдөгү жакыр мамлекеттердин бири. ИДПнин көлөмү 33,2 млдр АКШ долларын (2009) түзгөн. Аны киши башына бөлүштүргөндө 1,2 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 49, өнөр жайдыкы 16, айыл чарбаныкы 35. Экономикасынын негизин айыл чарба (анда эмгекке жарамдуу калктын 3/ и эмгектенет) түзөт. Кирешенин башкы булагы – туризм (анын ичинен альпинизм). Негизги азыгы – күрүч. Кустардык жол менен көмүр, темир, жошо (охра), тальк, слюда, селитра, жез, алтын казылып алынат. Жыгач иштетүү, кагаз, химия, булгаары-бут кийим, металлургия, текстиль (анын ичинен кыл торко кездемелер токулат), айыл чарба продуктуларын кайра иштетүү ишканалары иштейт. Дан эгиндери, жүгөрү, картөшкө, жашылча-жемиш, бал камыш, күрүч, жут (негизинен сыртка чыгарылат) жана башка айдалат. Бодо мал, кой, эчки, чочко асыралып, үй куштары багылат. 2009-жылы2,9 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун узундугу 17,3 миң км (2007; анын ичинен 60%и асфальтталган), темир жолунуку 59 км. Сыртка килем, жуттан токулган буюмдар, кездеме, күрүч, буудай, май жана булгаары, дары чөптөр, татымалдарды чыгарат. Негизги соода шериктештери: АКШ, Индия (сырткы соодасынын 1/ и), Германия, Улуу Британия, Сингапур, Япония, Кытай жана башка.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, башталгыч, орто, атайын жанажогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 65%ти түзөт (2008). Окутуу англис жана непал тилинде жүргүзүлөт. ЖОЖдору, китепкана, музейлери бар. Англиялык жанахинди тилдеринде «Горкхапатра», «Непали», «Райзинг Непал» жана башка гезит-журнал чыгат. Радиоуктуруусу (1966-жылдан), телекөрсөтүүсү (1969-жылдан) иштейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]