Арап деңизи

Википедия дан
Арап деңизи.

Арап деңизи - Инди океанында, Арап (батышында) жана Индостан (чыгышында) жарым аралынын аралыгында. Жибути, Йемен, Оман, Бириккен Араб Эмирликтери, Иран, Пакистан, Индия, Мальдив жана Сомалинин жээктерин чулгайт. Аянты 4832 миң км2. Эң терең жери 5803 м. Жээктери бийик, аскалуу, айрым жери түздүк дельталуу. Ири булуңдары: Аден, Оман. Деңизге Инд д. куят. Суусунун орточо температурасы 22°Сден 29°Сге чейин. Туздуулугу 35,8-36,5%ошондой Суткасына 2 жолу ташкындайт (бийиктиги 5,1 мге чейин). Балык (тунец, кылыч балык жана башка) кармалат. Негизги порттору: Бомбей (Индия), Карачи (Пакистан), Аден (ЙЭДР).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]