Брахмапутра

Википедия дан
Брахмапутра.

Брахмапутра, Брама путра – Кытай, Индия, Бангладештеги дарыя. Узундугу 2900 км, алабынын аянты 935 миң км2 (Ганг жана Мегхна дарыясы кошулганга чейин 506 миң км2). Гималайдын Түндүк капталынан башталып, Тибет тайпак тоосунун түштүк бөлүгү аркылуу чыгышты карай агып (бул жерде Мацанг, Цангпо деп аталат), Диханг капчыгайында Гималайды жырып өтүп, батыш жана түштүк-батышка карай Бенгал түздүгү (чоң имерилишти пайда кылат) менен агат. Бенгал булуңуна куярда Ганг жана Мегхна дарыясы менен бирге жалпы дельтаны (аянты 80 миң км2) түзөт. Негпзинен муссон жаандарынан, кардын эрүүсүнөн жана Гималайдын мөңгү-суусунан куралат. Орточо чыгымы 12 миң м3/секга жакын, жайында деңгээли 10–12 мге чейин көтөрүлөт. Бенгал түздүгүнүн көп бөлүгү жана дельтасы ташкындан жапа чегет. Суу ташкынында сактануу үчүн узундугу 350 кмден ашкан дренаж каналдары, негизги дарыянын жана анын куймаларынын нуктарында жалпы узундугу 3000 кмден ашкан жал тосмолору курулууда. Брахмаптура жана анын көп куймасы сугатка пайдаланылат. Чатынан Диханг капчыгайына (1290 кмге) чейин, Тибет тайпак тоосундагы айрым бөлүктөрүндө кеме жүрөт. Боюнда Шигадзе (Кытай), Дибругарх, Диспур, Ганхати (Индия), дельтасында Дакка жана башка ири шаарлар, алабында жер шарындагы эң жаанчыл жер Черапунжи (анда жылында 12 миң мм, максимуму 1856-ж. 22,9 миң мм жаан-чачын жааган), Лхаса дарыясында Лхаса шаары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:River-stub