Патна

Википедия дан
Патна (2014).

Патна – Түндүк Индиядагы шаар. Бихар штатынын административдик борбору. Калкы 2,1 млн (2011). Ганг дарыясындагы порт. Текстиль, кебез-кездеме, тамак-аш (бал камыш, кунжут) өнөр-жай ишканалары иштейт. Университет, китепкана (фарсы тилиндеги уникалдуу кол жазмалар сакталган), музей ж. б. бар. Кустардык кол өнөрчүлүк (килем, парча, метиз) өнүккөн. Байыркы мезгилде Паталиптура аталган. Азыркы аталышы менен 12-кылымдан белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]