Варанаси

Википедия дан
Варанаси.

Варанаси, Бенарес (байыркы Каши) - Индиянын түндүгүндөгү шаар, аты окшош дистриктин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору; Уттар-Прадеш штатында, Ганг дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 1,2 млн (2006). Дели Калькутта магистралындагы ири жолдор тоому. Аэропорту бар. Индуизм, буддизм диндеринин ири диний борбору (жылына 1 млндон ашык зыяратчылар келет). Болжол менен биздин заманга чейинки 7-кылымда пайда болгон. Шаардын эски бөлүгүндө 1500гө жакын храм бар. Индуизм маданиятын, динин жана санскритти окуп үйрөнүүнүн борбору. Үч Университет (анын ичинен Бенарес индуизм Университети), ондон ашык коллеж, хинди тилиндеги китептер сакталган ири китепкана бар. Текстиль (кебез, жибек кездемелер), тамак-аш, металл иштетүү, химиялык (жер семирткич жана башка) өнөр жайлары, дизел локомотивдер заводу иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк (жибек сарилер, парча, килем, диний буюмдар) өнүккөн. Хинди тилиндеги китеп басуунун борбору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]