Мазмунга өтүү

Чубак ажы Жалилов

Википедия — ачык энциклопедия
Чубак ажы Жалилов
Жеке маалымат
Төрөлгөндөгү аты Жалилов Чубак Тажибайевич
Туулган датасы 21.1.1975
Туулган жери Бай-Мундуз айылы, Базар-Коргон району, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССРи
Каза болгон датасы 11.7.2020 (45 жашында)
Каза болгон жери Бишкек, Кыргызстан
Диний ишенимдери
Дини Ислам
Агымы Ахли сүннөт вал жамаат
Акыйдасы Матуридий
Мазхабы Ханафий
Устаттары Салих аль-Фаузан, Мухаммад ибн Салих аль-Усеймин
Ишмердиги
Адистиги Фикх, Араб тили, Тафсир, Хадис таануу
Кызматы Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи
Кызмат мөөнөтү 26-июль, 2010 – июль, 2012
Мурдагы жетекчи Руслан ажы Жумагулов
Кийинки жетекчи Рахматулла Эгембердиев
Сыйлыктары
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы

Чубак ажы Тажибай уулу Жалилов (21-январь 1975, Бай-Мундуз, Базар-Коргон району, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССРи — 11-июль 2020, Бишкек, Кыргызстан) — Кыргызстандык диний жана коомдук ишмер, аалым, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи (2010—2012).

Балалыгы жана билими

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чубак Тажибайевич Жалилов 1975-жылы 21-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Тажибай Жалилов математика, апасы Гүлжамал Сакыева англис тили мугалими болгон. Үй-бүлөдө алты бир туугандын экинчиси болгон[1].

Орто мектепти алтын медаль менен аяктаган. 1992-1996-жылдары Бишкектеги Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетинде билим алган. 2000-2002-жылдары Сауд Арабиясындагы "Умм аль-Куро" эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда, ал эми 2002-2006-жылдары ошол эле университетте фикх боюнча билим алып, жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн.

Алгачкы карьерасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолун жогорку окуу жайда окуп жүргөн кезинде эле баштаган. 1995-1998-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Чыгыш таануу факультетинде араб тилинен сабак берген.

2005-2007-жылдары Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти болуп иштеген. 2008-2010-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында (КМДБ) фатва бөлүмүнүн жетекчиси, ошол эле учурда Азирети Умар атындагы Кыргызстан Ислам университетинде мугалим болуп эмгектенген[1].

Кыргызстан Муфтийи (2010—2012)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2010-жылдын апрель айындагы революциядан кийинки туруксуз мезгилде, муфтияттагы ар кандай топторго кошулбаган «компромисстүү фигура» катары 2010-жылы июль айында Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи болуп шайланган.

Муфтийлик кызматта турган эки жыл ичинде бир катар маанилүү реформаларды жүргүзгөн:

  • Имамдардын билимин жогорулатуу: Имамдардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштуруп, алардын курамын жарым-жартылай жаңылаган.
  • Хутбаларды тартипке салуу: Мечиттерде айтылуучу жума баяндарына көзөмөлдү күчөтүп, КМДБ тарабынан жактырылган хутбалар «Ак Башак» журналына жарыяланып турган.
  • Ажылыкты уюштуруу: Ажылык сапарды уюштуруу укугун буга чейин тейлеп келген Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан толугу менен Муфтияттын карамагына өткөргөн. 2011-жылы Муфтият уюштурган алгачкы ажылык сапарды Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси жогорку деңгээлде өттү деп баалаган[2].

2012-жылы ден соолугуна байланыштуу жана өз дарегине айтылган сындардан улам өз каалоосу менен муфтийлик кызматтан кеткен[3].

Кийинки ишмердиги

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Муфтийликтен кеткенден кийин ал илимий-агартуучулук иштерин жигердүү уланткан. "Чубак ажы Жалилов" атындагы кайрымдуулук фондун негиздеп, коомдук иштерге аралашкан. Ал заманбап технологияларды колдонуп, социалдык тармактарда (YouTube, Instagram) баяндарын, лекцияларын жана суроо-жоопторун тынымсыз жарыялап турган. Анын сабактары, өзгөчө жаштар жана эмгек мигранттары арасында кеңири тарап, Кыргызстандагы эң таанымал диний ишмерлердин бирине айланган[3].

Коомдук көз караштары жана сын-пикирлер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чубак ажы Жалилов коомдо кызуу талкуу жараткан бир катар билдирүүлөрү менен да белгилүү.

2017-жылы декабрда ал экинчи жолу үйлөнгөнүн ачык жарыялап, коомчулукта чоң резонанс жараткан. Анткени Кыргызстанда көп аялдуулукка мыйзам тарабынан тыюу салынган. Аялдардын укугун коргоочу активисттер аны жоопко тартууну талап кылышкан[3]. Чубак ажы экинчи жубайына шарият боюнча нике кыйганын билдирген[4][5].

Андан сырткары, кээ бир фатвалары жана көз караштары "радикалдуу" же "чагымчыл" деп сынга алынган учурлар болгон. Мисалы, Жаңы жылды майрамдагандар "каапыр болот" деген сыяктуу билдирүүлөрү коомдо ар кандай пикирлерди жараткан[3].

Илимий мурасы жана өзгөчөлүктөрү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чубак ажы Жалилов фикх (шариат укугу), араб тилинин грамматикасы, тафсир (Куранды чечмелөө), хадис терминологиясы жана хадис таануу илимдери боюнча сабак берүүгө жана фатва чыгарууга уруксааты (ижазасы) болгон.

Анын өзгөчөлүгү катары 5 тоннага жакын китептен турган жеке китепканасын айтууга болот. Ал бир күндө 500 бетке чейин китеп окуганын, убактысынын көп бөлүгүн китеп окууга жана илимий маселелерди изилдөөгө арнаганын айтчу.

Үй-бүлөлүү, үч уул, үч кыздын атасы. Эне тилинен сырткары, араб жана орус тилдеринде эркин сүйлөгөн[6].

2020-жылы 10-июлда пневмония диагнозу менен оор абалда ооруканага жаткырылган. 11-июлга караган түнү саат 2:50дө дарыгерлердин аракетине карабай каза болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, өлүмүнө эки тараптуу пневмония себеп болгон[7].

Коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам, маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн айылына эмес, Бишкекке жакын жайгашкан Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Дөң-Арык" көрүстөнүнө коюлган[3].

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы (29-февраль, 2012-жыл) — «2011-жылдагы Ажылык сапарды ийгиликтүү уюштургандыгы үчүн»[8].

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]