Крит

Википедия дан
Крит.
Крит.

Крит (Krete) – Жер Ортолук деңиздин чыгыш бөлүгүндөгү арал, Грекиянын курамында. Аянты 8,3 миң км2. Калкы 5,5 миңдей (2006). Түндүк жээги булуң-буйткалуу, түштүгү тегиз, жардуу. Бир нече тоо массиви бар (эң бийик жери 2456 м, Ида чокусу), алар негизинен акиташ, сланец тоо тектеринен түзүлгөн; темир, күрөң көмүр кендери бар. Карст процесси өөрчүгөн. Жер ортолук деңиздик бадалдар (фригана), кырына жакын шалбаа өсөт. Жүзүм, зайтун дарагы өстүрүлөт. Дан эгиндери (буудай, жүгөрү), тамеки эгилет. Кой чарбасы өнүккөн. Балык кармалат; деңиз былпылдактар промысели бар. Самариас коругунда тоо флорасы жана фаунасы корголот.

Крит байыркы эгей маданиятынын борборлорунун бири болгон. Б. з. ч. 67-ж. чейин Рим империясы каратып алган. 395–823-жылдары жана 961–1204-жылдары Византиянын курамында; 823–961-жылдары арабдарга караган. 1204-ж. Критти кресттүүлөр каратып, Византияга саткан. 1715-ж. Осмон империясына караган. Криттин калкы 1821–29-жылдардагы Грек революциясына, 1896–97-жылдарда Осмон империясына каршы көтөрүлүшүнө катышкан. 1898-ж. Осмон империясы европалык державалардын кысымы жана «калкалоосу» астында Критке административдик автономия берген. 1913-жылдан Грекиянын курамында. Антикалык жана орто кылымдагы маданий эстеликтери (ыйык жайлар, чептер, чиркөөлөр) бар. Негизги порттору: Ираклион, Ханья.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]