Сицилия

Википедия дан
Сицилия.

Сицилия - Жер Ортолук деңиздеги эң ири арал, Италияда. Аянты 25460 км2.

Апеннин жарым аралынын түштүгүндө жайгашып, андан Мессина кысыгы аркылуу (эң кууш жери 3,5 км) бөлүнөт. Жээктери тик, булуң-буйткалар аз. Тоолуу (Пелоритан, Неброди, Ле-Мадоние) жана дөңсөөлүү рельеф басымдуу. Түштүк-чыгышында Иблеи платосу (бийикт. 986 м), чыгышында Европадагы эң бийик аракеттеги жанар тоо - Этна (3340 м) жайгашкан. Жер титирөө болуп турат.

Күкүрт, нефть, газ ж. б. кен байлыктары бар. Климаты субтропиктик, жер ортолук деңиздик. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрдө 400-600мм, тоолордо 1200-1400 мм. Дарыялары кыска. Күрөң жана Кызыл топурак басымдуу. Эмен, каштан, бук тонок) жана ксерофит бадалдары осот. Башкы шаары жана порту - Палермо.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.