Европеоид расасы

Википедия дан

Европеоид расасы, кавказоид (евразия расасы) – жер жүзүндөгү көп сандуу расалардын бири. Европа, Түндүк Африка, Алдыңкы Азия, Түндүк Индия, Австралия, Америка, Түштүк Африка жана башка өлкөлөрдө таралган. Бул расанын өкүлдөрүнүн өңү ак жуумал же кара тору, чачы тармал же жумшак келип, кырдач мурун, жука эриндүү болушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1