Египет

Wikipedia дан

Египет (Египет Араб Республикасы) – Африканын Түндүк-чыгышындагы жана Азиянын Синай жарым аралындагы өлкө. Суэц булуңундагы жана Кызыл деңиздеги айрым чакан аралдар да Египетке таандык. Түндүгүнөн Жер Ортолук деңиз, чыгышынан Кызыл деңиз, Суэц, Акаба булуңдары менен чулганып, батышынан Ливия, түштүгүнөн Судан, Түндүк-чыгышынан Израиль жана Палестина менен чектешет. Египет Европа, Америка өлкөлөрүн Азия жана Чыгыш Африка өлкөлөрү менен байланыштырган эл аралык аба жана деңиз жолдорунун кесилишинде жайгашкан. Египеттин аймагынан Атлантика океанын Инди океаны менен туташтырган кыска деңиз жолу – Суэц каналы өтөт. Аянты 1001,4 миң км2 (анын 96%и чөлдүү аймак). Калкы 72,5 млн (2007). Мамл. тили – араб тили. Акча бирдиги – Египет фунту. Борбору – Каир шаары. Административдик жактан 27 мухафазага (губернаторлукка) бөлүнөт (к. таблицаны).
Египет – БУУнун (1945), ЮНЕСКОнун, Африка союзунун (1963), Араб өлкөлөр лигасынын (1945), Ислам конференция уюмунун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ЭВФтин (1945) жана башка уюмдардын мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Египет – унитардык республика. Конституциясы 1971-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекеттин жана аткаруу бийлигинин башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлиги Элдик жыйынга жана Консультациялык кеңешке таандык. Аткаруу бийлиги премьер-министр башында турган өкмөт (министрлер совети) тарабынан да ишке ашырылат. Бийликтин президентке жана өкмөткө да көз каранды эмес жалгыз бутагы – сот системасы. Египетке көп партиялуу система мүнөздүү. Негизги саясий партиялары: Улуттук демократиялык партия, Социалисттик эмгек партиясы, Либералдык-социалисттик партия жана башкалар.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Өлкөнүн субтропик жана тропик кеңдиктериндеги абалы жаан-чачындын аз жаашы климатынын кургакчыл, чөл жана жарым чөл ландшафттарынын басымдуу болушуна шарт түзгөн. Чарба тиричилиги негизинен Нилдин өрөөнүн жана дельтасын (өлкөнүн аянтынын 3%ке жакыны), оазистерди, ошондой эле айрым деңиз жээктерин ээлейт. Жер Ортолук деңиз жээги Нилдин дельтасынан 1000 км батышты карай жапыз, таштак, жардуу, дельтадан чыгышты карай кумдуу саяңдар мүнөздүү жантайыңкы өндүрлөр, дельтасынын өзү жапыз лагуналуу. Кызыл деңиздин жээги (узундугу 1900 кмдей) негизинен тик капталдуу бийик тоолор менен чектешкен кууш пляждуу тилке. Жээгин деңизден коралл рифтүү жазы тилке бөлүп турат. Египеттин басымдуу бөлүгүн бийиктиги 300 мден 1000 мге жеткен платолор ээлейт; алар – Ливия чөлү (өлкөнүн 2/3 бөлүгү), Араб чөлү, Нуби чөлү. Ливия чөлүнүн түндүгүндө жана чыгышында таштуу (хамада) жана шагылдуу (серир) чөлдөр басымдуу; аларга узатасынан (650 кмге чейин) созулган кум жалчалары мүнөздүү: Ливия чөлүнүн батышында бархандарынын бийикт. 300 мге жеткен кумдуу чөл мейкиндиги жатат. Ливия жана Араб чөлдөрүнүн таштак платолорун Нил дарыясын кесип өтөт; анын Египеттин аймагындагы узундугу 1200 кмдей, жазылыгы түштүгүндө 1–3 км, түндүгүндө 20–25 кмге чейин. Платолор чыгышты карай акырындап, 2000 м бийиктикке чейин көтөрүлүп, Кызыл деңизге жана Суэц булуңуна тик түшөт. Түндүк-чыгышындагы Синай жарым аралы өлкөнүн эң бийик бөлүгү (2737 м, Катерин чокусу). Маанилүү түздүктөрү деңиз жээктеринде, Нилге чектеш жерлерде, негизинен өлкөнүн Түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан; анда деңиз деңгээлинен төмөн жаткан ойдуңдар (Каттара, 133 м; Файюм, 43 м) бар.
Египет Африка платформасынын Түндүк-чыгышынан орун алган. Өлкөнүн Түштүк-чыгыш зор бөлүгүн Нуби–Араб калканынын капталы ээлейт. Анда Чыгыш чөлү тектон. көтөрүлүүсү, Нил синеклизасы, Нуби антеклизасы, Түндүк-батыш бөлүгүндө Ливия-Синай перикратон ийилүү зонасы, түрдүү багыттагы тектон. жаракалар жайгашкан. Кызыл деңиз, Суэц жана Акаба булуңдары грабендерин чектеп турган жаракалар Чыгыш Африка жаракалар системасына кирет. Платформанын калканында темир, цинк, коргошун, калай, молибден, хром, никель, берилий, тантал, ниобий, алтын, платформанын жабындысын түзгөн чөкмө тектерде фосфорит, темир, таш көмүр, марганец рудалары, ошондой эле гипс, кайнатма туз, курулуш материалдары, Суэц булуңунда нефть, газ кендери бар.
Климаты негизинен чөлдүү болгондуктан, абанын температурасы сутка ичинде кескин өзгөрөт. Эң суук айы – январдын орточо температурасы түндүгүндө 11–12°С, түштүгүндө 15–16°С, эң жылуу айы – июлдуку түндүгүндө 25–26°С, түштүгүндө 30–34°С. Суткалык орточо температурасынын жылдык өлчөмү 7000–9000°С; мындай температуралык шарт (эгерде ным жетиштүү болсо) жылына бир нече түшүм алууга мүмкүндүк түзөт. Бирок өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө жылына 100 ммге чейин гана жаан-чачын жаагандыктан, дыйканчылык сугатка муктаж. Жер Ортолук деңиздин жээк зонасында гана кыш мезгилинде жаан-чачындын өлчөмү 200–400 ммге жетет. Жаз мезгилине түштүктөн же Түштүк-батыштан (Сахарадан) кургак жана ысык – хамсин шамалы 50 күндөй өтө катуу согуп турат.
Өлкөнүн аймагы аркылуу туруктуу аккан дарыя жана калкты суу менен камсыз кылуучу негизги булак – Нил дарыясы. Ал Чыгыш Африка бөксө тоосунан башталып, Жер Ортолук деңизге куят; Нил дарыясынын суусунун жарымы Юсуф дарыя аркылуу Биркет-Карун көлүнө куят. Чатында аянты 24 миң км2 болгон көп салалуу жана көлдүү дельтаны пайда кылат. Асуан плотинасы курулгандан кийин өлкөнүн түштүгүндө ири суу сактагыч (сыйымдыгы 164 млрд м3) пайда болгон. Нилдин суусу жайдын аягы – күздө кирет; агымы негизинен плотиналар системасы аркылуу жөнгө салынып турат. Жер астындагы сууларга да бай, алар оазистерде кеңири пайдаланылат. Климатынын өтө кургакчылдыгына байланыштуу топурак, өсүмдүктөрү начар өөрчүгөн. Маданий өсүмдүктөр ээлеген Нилдин өрөөнүнөн, анын дельтасынан жана оазистерден башка басымдуу бөлүгүндө өсүмдүктөр дээрлик жокко эсе. Начар өөрчүгөн скелеттүү топурактар, шор жерлер кездешет. Нил дарыясынын өрөөнүндөгү жана дельтасындагы топурак кыртышы өтө баалуу, ал байыркы жана азыркы аллювий тектеринде калыптанып, суу ташкындаганда сиңимдүү заттар менен толукталат; бирок дыйканчылыгы сугаруунун алаптык системасына туруктуу өтүүсүнө байланыштуу минералдык жер семирткичке дайыма муктаж. Чөл жана жарым чөлдөрдө дан өсүмдүктөрүнүн жана ксерофит бадалдарынын айрым түрлөрү кездешет. Египеттин аймагы табиятынын өзгөчөлүктөрү боюнча төмөнкү физико-географиялык райондорго бөлүнөт: Нил өрөөнү – сугарылма маданий ландшафттуу регион. Нилдин дельтасында ирригациянын негизинде түзүлгөн маданий ландшафт көлдөр жана айрым саздак жерлер менен айкалышат. Ливия чөлү – көчмө кумдар пайда кылган рельефтин формасына жараша калыптанган чөлдүү ландшафт. Араб чөлү жана Нуби чөлүнүн түндүгү – плато жана дөңсөөлөрдүн тилмеленген жерлериндеги таштуу жана шагылдуу чөлдөр. Жер Ортолук деңиз жээктери – жер ортолук деңиздик табияттын айрым элементтери мүнөздүү жана маданий ландшафтка көбүрөөк айландырылган түздүктүү аймак. Синай жарым аралы – Суэц каналы жана Кызыл деңиздин Акаба булуңу менен чектешкен, мезгил-мезгили менен агым пайда болуучу сайлар (уэддер) жана аларды бойлой өскөн суйдаң өсүмдүктөр мүнөздүү жарым чөлдүү аймак.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Негизги калкы (94%; 2005) египеттиктер (арабдар). Алар негизинен Нил дарыясынын өрөөнүндө жана анын дельтасында, Суэц каналын жээктей, оазистерде отурукташкан. Асуандан жогору, Нил өрөөнүндө – нубилер, Кызыл деңиздин жээгиндеги чөлдөрдө көчмөн бедуиндер, Сива оазисинде – берберлер, шаарларда, ошондой эле европалыктар менен азиялыктар (армяндар, сириялыктар, гректер, италяндар, француздар, англистер жана башка) жашайт. 1960-жылдары төрөлүүнү чектөө боюнча мамлекеттик программа түзүлгөн. Натыйжада 1960-жылдардан 1990-жылдарга чейин төрөлүү 1000 адамга 46дан 28ге чейин, ал эми өлүм-житим 20дан 8,5ке чейин кыскарган. 1990-жылдарда калктын табигый өсүүсүнүн жылдык орточо температурасы 2% болсо, 2006-ж. 1,8%ти түзгөн. Калктын курактык структурасында эмгекке жарамдуу курактылар (15–64 жаштагылар) басымдуу – 62,9%, 15 жашка чейинки өспүрүмдөр – 32,6%, 65тен ашкандар – 4,5%. Калкынын жашынын күтүлгөн орточо узактыгы 71,3 жыл (эркектериники 68,8, аялдарыныкы 73,9 жыл). Шаар калкы 43,9%. Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 73 адам. Экономикалык активдүү калктын 58%и тейлөө чөйрөсүндө, 28%и айыл чарбасында, 14%и өнөр жайында иштейт. Мамлекеттик дини – ислам. Ири шаарлары: Каир (калкынын саны 7,9 млн; 2007), Александрия (3,9 млн), Эль-Гиза (2,5 млн), Шубра-эль-Хейма (1,0 млн), Порт-Саид (555 миң), Суэц (0,6 млн) жана башкалар.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Египеттин Рим империясына чейинки тарыхы Байыркы Египет макаласында берилген.
Рим империясы кулагандан (395-ж.) кийин Египет Византиянын провинциясы болуп калат. Биздин замандын 7-кылымында Египеттин калкы христиан динин кабыл алат. 639–42-ж. арабдар басып алган соң, өлкөдө ислам дини менен араб тили жайылып, маданияты бийик деңгээлге жетет. Аббасиддер (9–10-к.) халифаты кулагандан кийин Египет көз карандысыздыкка жетип, Фатимиддер (969–1171) жана Айюбиддер (1171–1250) династияларынын тушунда экономикасы жогорулап, саясий жактан да бир топ кубаттанат. 1250-ж. Египетти мамлюктар басып алат. Египет Осмон империясына караган мезгилде (1517–1914) египеттиктер боштондук үчүн далай ирет күрөшкө чыгып, түрк султанынын бийлигин кыйла начарлаткан. Египет пашасы Мухаммед Алинин (1805–48) тушунда Египет өз алдынча мамлекет болуп турган.
19-кылымдын ортосунда англиялык жана франциялык капиталдын тарала башташы менен Египетте абал татаалдай баштап, Суэц каналын куруу учурунда айрыкча күч алат. 1879-ж. «Египет египеттиктер үчүн» деген ураан менен Египеттин тунгуч улуттук саясий уюму «Ватан» чыгат. 1881-ж. Ораби паша (Араби-паша) башында турган төбөлдөргө жана чет элдик колониячыларга каршы Каир гарнизону көтөрүлөт. Улуттук-боштондук кыймылы басылган соң, Египет Улуу Британия тарабынан оккупацияланган. 1914-ж. Улуу Британиянын протектораты болуп жарыяланган.
Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин улуттук-боштондук кыймылдын 1919–21-ж. күчөшүнөн улам, 1922-ж. Улуу Британия Египетти көз карандысыз королдук деп таанууга аргасыз болот. Бирок Улуу Британия Египет королунун жана анын өкмөтүнүн тышкы жана ички саясатында үстөмдүгүн сактап, Суэц каналынын аймагында аскерлерин кармап турган. 1936-ж. Англия-Египет келишими түзүлүп, Египетке бир аз көбүрөөк укук берилген, бирок бийлик Улуу Британиянын колунда кала берген.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Египетте улуттук-боштондук кыймыл күч алат. 1948–49-ж. Араб-Израиль согушунда Египет жеңилүүгө дуушар болгон. Армияда Гамаль Абдел Насер башында турган «Эркин офицерлер» деген жашыруун саясий уюм түзүлгөн. Ал уюм революциялык төңкөрүштү жетектеп, натыйжада 1953-ж. 18-июнда Египет республика болуп жарыяланган. Өлкөдөн англия аскерлер чыгарылып, Суэц каналы мамлекеттештирилген. 1956-ж. Англия-Франция-Израилдин биргелешкен агрессиясына египет аскерлеринин каршылык көрсөтүүсүнүн натыжайсында агрессорлор өлкөдөн чыгууга аргасыз болот. 1967-ж. «алты күндүк согуштун» жүрүшүндө Израиль Синай жарым аралын Суэц каналына чейинки Египет аймагын басып алат. 1968-ж. Насер «30-март программасын» жарыялап, агрессияга каршы күрөшкө бардык каражатты жумшоого чакырган. Президент Насердин өкмөтү бир топ социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзгөн (к. Насер Гамаль Абдель). Насер өлгөндөн кийин (1970) президенттикке Анвар Садат (1971) келген. Бул учурда менчик капитал үстөмдүк кыла баштаган. 1973-ж. Египет «октябрь согушу» деп аталган согуштук аракеттерин баштап, Синай жарым аралын Израиль аскерлеринен акырындык менен бошото баштаган. 1979-ж. Египет-Израиль тынчтык келишиминин түзүлүшү менен эки өлкөнүн ортосундагы чыр-чатак толук чечилген. 1981-ж. А. Садат мусулман фундаменталисттеринин жашырын тобунун («аль-Жихад аль-Жадид» – «Жаңы Жихад») мүчөлөрү аркылуу өлтүрүлгөн. Анын ордуна келген Х. Мубарак Ж. Чыгышты тынчтык зонасына айландыруу сунушу менен дүйнөлүк коомчулукка кайрылган. 1982-ж. Египетке Израиль тарабынан Синай жарым аралы толугу менен (Таба анклавы 1989-ж.) кайтарылган. 1984-ж. Египет Ислам конференция уюмуна кайрадан мүчө болуп калган. Иран-ирак согушунун (1980–88) жүрүшүндө Иракка колдоо көрсөтүп, Перс булуңундагы өлкөлөр менен аскердик, экономикалык, саясий байланыштарын кеңейткен. Египет тышкы саясатын көз карандысыз багытта жүргүзүүгө умтулат.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Египет – агрардык-индустриялуу өлкө. 2006-ж. ИДПнин көлөмү 328,1 млрд АКШ долларын түзгөн (араб өлкөлөрүнүн ичинен Сауд Арабиясынан кийинки 2-орунда), анын ичинде өнөр жайынын үлүшү 35,5%, айыл чарбаныкы 14,7%, тейлөө чөйрөсүнүкү 49,8%. Аны киши башына бөлүштүргөндө 4200 доллардан туура келет. Валютанын кыйла бөлүгү экспорттон, анын ичинде негизинен нефть менен газдан (11,5 млрд доллар) жана эмгек мигранттары которгон акчадан түшөт.
Индустриялаштыруу процесси башталганга чейин, 1960-жылдары Египеттин экономикасында айыл чарба үстөмдүк кылган (азыр да айыл чарбасында эмгек ресурсунун 40%ке жакыны иштейт). 1970-жылдары негизги экспорттук продукция пахта болгон, кийин алдыга нефть чыккан.
Египеттин аймагынын 97%ке жакынын чөл ээлегендиктен, айыл чарба бир нече оазисте гана өнүккөн. Кайрак жерлери негизинен Жер Ортолук деңиз аймагындагы кууш тилкени гана түзөт. Айыл чарбага жарактуу жеринин жалпы аянты 3,3 млн га (өлкөнүн аймагынын 3,3%ин ээлейт), анын 97%и Нилдин өрөөнүн жана дельтасын ээлейт. Күрдүү аллювий топурагы жана инсоляциянын узактыгы түрдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өтө ыңгайлуу шарт түзөт. Бирок, дренаж системасын түзүү анча жолго коюлбагандыктан, топурак кыртышын шор басуу проблемасы пайда болууда. Айыл чарбага жарактуу жерин киши башына бөлүштүргөндө (0,45 га; 2007) дүйнөдө акыркы орунду ээлегени менен пахтага, күрүчкө, жашылчага, сүт продукциясына болгон ички муктаждыгын толук, канттын 80%ин, эттин 75%ин камсыз кылат. Айыл чарбанын негизги тармагы – сугат дыйканчылыгы (айыл чарба продукциясынын 75%тен ашыгын берет). Айыл чарбага жарактуу жердин 85%ке жакыны сугарылат (негизинен Нилдин суусу менен); ирригациялык каналдардын жалпы узундугу 33,2 миң км (2005). Экспортко чыгарылчу негизги айыл чарба өсүмдүгү – ичке булалуу пахта; аны даярдоо боюнча Египет дүйнөдө 1-орунда. Андан сырткары шалы, бал камыш, ошондой эле буудай, ак жүгөрү (сорго), жүгөрү, буурчак, шаар айланасында жашылча-жемиш, оазистерде курма пальмасы өстүрүлөт. Айыл чарба өндүрүшү өнүккөн негизги райондору: Нилдин дельтасы (айыл калкынын 60% эмгектенет; мында шалы, пахта, буурчак, жемиш, жашылча); Каирдин айланасы (негизинен жашылча); Ортоңку Египет (шалы, жүгөрү, ак жүгөрү, бал камыш, жашылча); Файюм оазиси (шалы, беде, жүгөрү, буурчак, ак жүгөрү, жашылча); Жогорку Е. (бал камыш, буудай, буурчак, беде, шалы). Жайыты тар болгондуктан, мал чарбасы анча өнүккөн эмес; негизинен уй, буйвол, эчки, кой, төө, жылкы, качыр жана башка асыралат. Жер Ортолук деңиздин жээк тилкесинен, көлдөрдөн жана Нилден балык кармалат (жылына 900 миң т).
Өнөр жайынын негизги тармагы – нефть-газ өндүрүшү, ал ИДПнин 12%ин, товардык экспорттун 40%тен ашыгын түзөт. 2005-ж. суткасына 696 миң баррель нефть, 34,7 млрд м3 газ өндүрүлгөн. Нефть Суэц каналы зонасынан, Синай жарым аралынан, батыштагы чөлдөн, газ Александрияга жакын, Нил дельтасынан, Ливия чөлүнөн казылып алынат. Электр-техника жана машина куруу өнөр жай ишканалары даяр тетиктерден муздаткыч, телевизор, жеңил жана жүк ташуучу автомобилдерди, автобус, трактор курап чыгарат. Цемент жана фосфат чыгаруу өнүккөн.
Отун-энергетикалык ресурсун жергиликтүү нефть, ошондой эле газ, гидроэлектр энергиясы (Асуандагы 2 ГЭС) түзөт. Нефть ажыратуучу ири завод (суткасына 140 миң баррелден ашык) Каирдин четинде курулган, ошондой эле ири заводдор Александрия, Суэц, Асьют, Танта шаарында бар. Газ Жер Ортолук деңиздин шельфинен, Нилдин дельтасынан, Ливия чөлүнөн алынат. Өндүрүлгөн газдын басымдуу бөлүгү (энергетикалык сектордун 60%и) өлкө ичинде пайдаланылат. 2003-жылдан Эль-Ариш – Таба – Акаба (Иордания); Эль-Ариш – Таба – 248 км, Таба – Акаба – 16 км) газ куурлары иштейт. Египет өз ресурс­тарынын эсебинен электр энергиясына болгон муктаждыгын толук камсыз кылат. 2005-ж. 95,1 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 1 млрд кВт/сааты экспортко чыгарылат (2001-жылдан). Электр-энергиясынын 79%и ЖЭСке, 21%и ГЭСке туура келет. Каирден түштүктө – Эль-Курайматта гелиостанция, Хургадада (Эль-Гурдака) шамал электр курулмасы иштейт.
Кара металлургия өнөр жай жергиликтүү сырьёнун (Эль-Гедида темир кенташынын) негизинде иштейт (жылына 3 млн т). Ири металлургия комбинаты (жылына 4,4 млн т болот өндүрөт), кокс-химия заводду, ошондой эле Суэцте, Александрияда, Садат-Ситиде заводдор иштейт. Түстүү металлургиянын негизги продукциясы алюминий (жылына 250 миң тга жакын алюминий өндүрөт). Химия өнөр жайы негизинен кальцийленген сода (Александрияда), натрий сульфаты, минералдык жер семирткич (азот, фосфор жер семирткичтерин) чыгарат. Нефть-химия комплекстери Эль-Амирияда (Александрияга жакын), Эль-Файюмда курулган. Машина куруу өнөр жайында металл кесүүчү станок, темир жол вагонун, трактор чыгарып, автомобиль жана авиа чогултуучу ишканалары иштейт. Тиричилик техникаларын (муздаткыч, теле- жана радиоаппаратура жана башка) чыгаруучу ишканалары, кеме куруу верфи (Порт-Саидде) бар. Аскер өнөр жайынын да мааниси зор (курал, ракета, сооттолгон танк техникасын чыгарат). Текстиль өнөр жай эзелтен өнүккөн (кебез, жүн, жибек, синтетика кездемелери жана башка). Тамак-аш өнөр жайынын маанилүү тармактары – ун, май, эт-сүт, кант, алкоголь ичимдиктерин, суусундук чыгарат.
Тейлөө чөйрөсү да өнүккөн. Негизги кирешени эл аралык туризм (2006-ж. 6,5 млрд долларды түзгөн), Суэц каналы аркылуу өткөн чет өлкөлөрдүн кемелеринен алынган акы (пошлина) берет (3,9 млрд доллар; каналдын өткөрүмдүүлүгү 18,4 миң кеме). 2006-ж. 8,7 млн турист (негизинен Европадан) келген. Туристтик бизнесте 1,6 млн адам алектенет; 170 миң орундуу 1200дөн ашык мейманкана иштейт. Рекреациянын негизин ыңгайлуу табият-климаттык ресурстары (негизги курорттору Кызыл жана Жер Ортолук деңиздердин жээктеринде жайгашкан) жана ар кайсы замандын маданий, тарыхый эстеликтери түзөт; туризмдин экол., ишкердик, спорттук жана башка түрлөрү, дейвинг өнүгүүдө. Египеттин кредиттик мекемелер системасы 54 банктан туруп, ал өз ичине Египеттин Борбордук банкын, 27 коммерциялык банкты (4 мамлекеттик, 23 инвестициялык) камтыйт. Өлкөдөгү эң ири Каир-Александрия фонд биржасы иштейт (операциясынын көлөмү – 40 млрд египет фунту).
Ички жүгү автомобиль (узундугу 92,4 миң км) жана темир жол (5,7 миң км), ошондой эле дарыя (Нилдеги магистралдык каналдар боюнча 3 миң км) транспорттору аркылуу ташылат. Деңиз соода флотунун тоннажы – 987,5 миң регстрдик брутто-тонна же 1467,1 миң т дедвейт. Башкы порттору: Александрия, Эд-Дихейла, Думьят, Порт-Саид, Суэц, жана башка Каир, Луксор, Хургада, Шарм-эш-Шейх ш-нда эл аралык аэропорттор бар.
Экспортко нефть жана нефть продуктулары, газ, пахта, кебез-кездеме жибин, азык-түлүк жана өнөр жай товарларын чыгарып, сырттан машина жана анын тетиктерин, азык-түлүк, цемент, металл, жыгач жана башка сатып алат. Негизги сырткы соода шериктери: АКШ, Франция, Германия, Япония, Италия, Испания, Сирия, Сауд Арабиясы, Кытай.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Биздин замандын 1-кылымында Александрия эллин маданиятынын чордону болуп турган. Илим иши Александрия академиясына, Александрия мусейонуна (маданият борбору) топтолгон. Астрономия, математика, статика сыяктуу тармактар өз бетинче бөлүнүп чыккан. 10-кылымдын аягы – 11-кылымдын башында египеттиктер Азия, Африкага саякат жасап, ал өлкөлөрдү сыпаттап жазып чыгышкан. 11-кылымдын башында Каирде «Дар-аль-Улюм» («Билим үйү») деген илим борбору иштеген. 1004-ж. обсерватория курулуп, астрологиялык таблицалар түзүлгөн. Медицина, химия илимдери өнүккөн. 13–14-кылымда Европа жана Инди океанынын өлкөлөрү менен экономикалык байланыштын өсүшүнөн географиялык изилдөө иштери улантылган. 15–18-кылымда илимде өнүгүү болбой калган. 19-кылымдын жарымында жүргүзүлгөн Мухаммед Алинин экономикалык реформалары илимий изилдөө иштерин өркүндөтүүгө мүмкүндүк берген. Натыйжада агротехника, медицина кыйла өнүккөн; канал жана сугат курулуштарын куруу кулач жайган; жаштар чет өлкөлөргө билим алууга жиберилип, кадрлар даярдалган. Египет географиялык коому (1845), бактериологиялык лаборатория (1885), геологиялык кызмат (1898), дыйканчылык коому (1898) уюштурулган.
20-кылымдын 1-жарымында илимий изилдөө иштери кеңейтилип, Астрономия жана геофизика институту (1903), Океанография жана Кызыл деңиз балыкчылык институту (1929), Тропик оорулар институту (1932) иш жүргүзө баштаган. 1939-ж. Улуттук изилдөө совети, 1941-ж. Египет Академиясы, 1951-ж. Өнөр жай жана хим. изилдөөлөр институту негизделген. Учурда өлкөдө 14 ЖОЖ, анын ичинде Каир, Айн-Шамс, Александрия, ошондой эле аль-Азхар мусулман университеттери, ошондой эле Каирдеги Америка, Немис жана Египет француз менчик университеттери жана башка бар. 700-миңден ашуун студенттер билим алышууда (2006).
Египеттин билим берүү системасы өтө жогору борборлоштурулгандыгы менен айырмаланат. Ал үч баскычтан турат: базалык (Ат-таалимм аль-асаси), орто (Ат-таалимм ат-тамнауи) жана жогорку билим берүү (Ат-таалимм аль-гаммаи). 1981-жылдагы акысыз билим берүү жөнүндөгү мыйзамга ылайык, 6–14 жаштагы балдар базалык билим алуусу шарт. Ал эми диний билим берүү системасын Аль-Азхар ин-тунун Жогорку Кеңеши жетектейт. Кеңеш Билим берүү министрлигине баш ийбейт, бирок Египеттин премьер-министринин көзөмөлүндө турат. Бул мектептерде негизинен дин боюнча, ошондой эле башка предметтер да окутулат. Билим алып жаткан балдар жана кыздар бөлөк окушат. Алар окууну аяктаган соң, Аль-Азхар университетинен гана билимин уланта алышат. 2000-жылга карата мындай мектептерде билим алгандар жалпы окуучулардын 40%ин түзгөн.
Египетте философия, тарых, юридика, тил илими жана башка илимдер орто кылымдардагы араб маданиятынын шарданында өнүккөн. 9–12-кылымда коомдук илимдер гүлдөгөн чегине жетсе, 12–16-кылымда алардын кедери кеткен мезгил болгон. 16–19-кылымда өнүгүп-өспөй бир орунда туруп калган. Египет историографиясы 9-кылымда жаралган. Бизге жеткен биринчи тарыхый эмгек – Абдаррахман ибн Абд аль-Хакамдын чыгармасы. Анда шаарлар менен эстеликтер сыпатталып жазылган. 14–15-кылымда энциклопедиялар даярдалган. Булардын Египет тарых илиминде жазма булак катары мааниси чоң. 19-кылымдын 2-жарымында тарыхты чыгарма (буга чейин тарыхый хроника, тарыхый өмүр баяндык жанр болгон) катары жаза башташкан. Авторлор тарыхтагы маанилүү окуялар аркылуу доорду жалпы көрсөтүүгө аракет жасашкан. Бул багыттагы тунгуч чыгарма – Халил Ахмед ар-Рагаб жазган «Мухамед Али пашанын тарыхы».
Орто кылымдагы араб грамматикасы менен лексикологиясы инди грамматикасы жана грек логикасынын таасиринде өнүккөн. Араб грамматикалык окуусун баштагандар – айтылуу «Аль-Китаб» («Китеп», 8-к.) трактатынын авторлору Халил жана анын шакирти Сибайхи. 20-кылымдын баш ченине араб адабий тили бардык тармактарда пайдаланыла баштаган. Египетте 300дөн ашуун ар кандай басма сөз каражаттары, анын ичинде күндө чыгуучу 17 гезит: «Аль-Ахрам» «Аль-Ахбар» «Аль-Гумхурия» жана башка жарык көрөт. Өлкөдө радиоуктуруу 1934-жылдан, телекөрсөтүү 1960-жылдан башталган. Бүгүнкү күндө Египет телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматы – Ж. Чыгыш аймагынын ичинде өнүккөн тармактардын бири.
Жаңы Египет адабияты араб өлкөлөрүнүн адабияты менен тыгыз байланышта, жалпы маданий мурастын негизинде түптөлгөн. 19-кылымдын башында калыптана баштаган. Адабият менен маданияттын жаңырышына Мухаммед Алинин реформалары менен алгачкы буржуазиялык агартуучулар – акын жана публицист Шихаб-ад-дин (1786–1857), «Ал-Вакаи аль-мисрия» аттуу туңгуч гезиттин редактору Рифаа ат-Тахтави (1801–93), Египет улуттук китепканасынын негиздөөчүсү Али Мубарак (1824–93) жана башка чыгармачылыгы чоң түрткү берген. 1870-ж. публицистика, поэзия өнүккөн. 1880-ж. Абдаллах Надым («Ата журт», «Арабдар»), Мустафа Камил («Андалусияны алуу») жана башка оригиналдуу драмалык чыгармаларды жаратышкан. Араб тарыхый романына ливандык эмигранттар Жиржи Зейдан («Качкын мамлюк», 1891), Фарах Антун («Жаңы Иерусалим же арабдардын Иерусалимди басып алышы», 1904) негиз салышкан. 20-кылымдын 1-жарымында 19-кылымдагы Батыш Европа жана орус классикалык адабиятын таануу, новелла, повесть, роман сыяктуу жаңы адабий жанрлардын калыптануу мезгили болгон. Поэзияда жаңылануу жүрүп, романтизм бекемделген. Прозада – реализм калыптанып, 1940–50-жылдары гүлдөгөн дооруна жеткен. Экинчи дүйнөлүк согуштан (1939–45) кийин карапайым адамдардын турмуш-тиричилигин, күрөшүн чагылдырган чыгармалар жаралган: Ибрахим Абд-аль Халимдин «Турмуш лаззаты» (1946) аңгеме жыйнагы, Абдаррахман аль-Шаркавинин «Жер» (1954), «Чоң көчөлөрдүн артында» (1958) романдары, Абдаррахман аль-Хамисинин «Канга боёлгон көйнөктөр» (1953), «Төгүлгөн кан кургабайт» (1956) аңгеме жыйнагы жана башка Республикасынын жарыяланышы (1953) акын-жазуучуларга жаңы чыгармачылык дем берген. Тауфик аль-Хаким («Назик колдор»), Юсуф Идрис («Күнөө»), Али Ахмед Баксир («Гоха мыгы»), Альфред Фараг («Фараондун кыйрашы») жана башка социалдык-саясий драмаларды жаратышкан. Ахмед Хашим аш-Шариф, Гамал ал-Гитани, Сулейман Файяд жана башка израилдик агрессорлорго каршы (1967) жана алар ээлеген жерлерди бошотуу үчүн күрөшкө үндөгөн чыгармаларды жазышкан. 1955-жылдан Египет жазуучулар лигасы, Жазуучулар союзу иштейт. Соналла Ибрагимдин (1937-ж. т.) ошол мезгилдеги режимди сындаган жана Яхья ат-Тахир Абдалланын айыл турмушун чагылдырган чыгармалары окурмандардын арасында азыркы күнгө чейин белгилүү. Египетте эле эмес, чет элге да атагы тараган Наджиб Макфуз 1988-ж. адабияттагы жетишкен ийгиликтери үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу болгон. Ал 40тан ашык роман, пьесаларды жараткан. Макфуздун «Children oа еhe Alley» («Көчө балдары») аттуу романын бүгүнкү күнгө чейин чыгарууга тыюу салынган, бирок көпчүлүк окурмандар муну адилетсиз чечим деп эсептешет. Тевфик Хаким, Яхья Хакки жана Юсуф Идристин чыгармалары да окумдуу. Наваль аль-Саадави аттуу жазуучу айымдын чыгармалары чет элдиктердин арасында кадыр-баркка ээ.
Байыркы маданий эстеликтер неолит жана энеолит доорунда жаралган. А. Македонскийдин Египетти жеңиши, байыркы Египет жана грек маданиятынын жакындашуусу Египет жеринде эллин маданиятынын таралышын шарттаган. 639-ж. арабдардын келиши менен ислам дини жайылып, араб маданияты түзүлө баштаган. 7–9-кылымда мечиттер көп салынган (мисалы, Фустатта Амр ибн аль-Ас мечити, 641–642), 9- жана 10–12-кылымда скульптуралар, оймо-чиймелер менен кооздолгон имараттар тургузулган. Каирде ибн Тулун (876–879), аль-Азхар (970–972), аль-Хаким (990–1013) мечиттери, Калаун султандар комплекси (1284–85), Хасан султан мечит-медресеси (1356–63), Мамлюктар мавзолейи (15–16-к.) жана башка курулган. 19–20-кылымда Египетте француз, италян, англиялык, бельгиялык архитектуралык имараттар, мисалы, Каирдеги аэропорт (1962, арх. С. Зайтун, М. Шавки), Александрияда «Палестина» мейманканасы (арх. Абл аль-Магид, Ш. Хосна), Ан-Насер пансионаты (арх. А. Лабиб Габр) жана башка пайда болгон. Байыркы Александрия китепканасы үчүн мурдагы эски имараттын ордуна салынган заманбап китепкана 2002-ж. пайдаланууга берилген.
Египет сүрөт өнөрүнүн сакталып калган эстеликтери фатимиддик бийлик дооруна таандык; Фустаттагы мончо фрескасынын фрагменттери (Каирдеги Ислам искусство музейи, 10–11-к.), ташка, жыгачка, пил сөөгүнө түшүрүлгөн музыкант, бийчи, чабендестердин сүрөттөрү (Каирдеги Фатими ак сарайынын фриздери). Египет сүрөт өнөр мектебине негиз салгандар – Мухаммед Наги, Махмуд Саид, Ахмед Сабри. Өлкөнүн көрүнүктүү сүрөтчүлөрү катары Газбия Сери, Инджи Эфлатоун, Абдель Вахаб Морси, Адель эль-Сиви, Вахиб Нассер жана башкалардын ысымдары белгилүү.
Египетти арабдар басып алгандан кийин (7-к.) ыкчам ыргактуу ырлар, элдик профессионалдык музыканын салтындагы вокалдык аспаптык сюиталар – макамдар кеңири таралган. Орто кылымда Ибн аль Хайтан (11-к.), аль-Масаббахи (11-к.), А. Умайя (12-к.), Ибн Сана аль-Мульк, Алам-ад-дин Куайсар, Ан-Нувайри (14-к.), аль-Магрази (15-к.) өңдүү теориячылар жана аткаруучулар кеңири белгилүү болгон. 18-кылымдын аяк ченинде европ. музыканын таасириндеги менчик музыкалык мектептер, европалык үлгүдөгү аскердик оркестрлер пайда болгон. 19-кылымда Мухаммед аль-Кабани, лютнячы Ахмед аль-Лайти, флейтачы Амин Бузари, ырчылар Мустафа аль-Аггады, музыка таануучу Мухаммед Шихаб аль-Мульк жана башка музыканттар өлкөдө кеңири белгилүү болгон. 1869-ж. Каирде Опера театры (Африка континентиндеги туңгуч опера театры) ачылган. 1927-ж. Музыкалык коом, 1929-ж. Араб музыкалык институту, 1935-ж. Аялдар музыкалык институту ачылган. Элдик искусство ансамбли (1962-жылдан), Музыкалык академия, Жогорку балет институту (1966) жана башка көптөгөн музыкалык окуу жайлары бар. Ом Кольтумдун (1975-ж. дүйнөдөн кайткан) аткаруусундагы улуттук колориттеги музыканын мыкты үлгүсү катары саналган поэзия жана опереттанын негизинде түзүлгөн ырлар бүгүнкү күнгө чейин популярдуу. Абдель Халим аль-Хафез жана Мухаммед Адб аль-Ваххаб сыяктуу аткаруучулары да белгилүү. Египет музыкасында европа музыкасынын эле­менттери да кеңири тарай баштады, жаңыдан тарап жаткан бул агымдын аткаруучуларынын ичинен Ихеб Тавфлик, Мохаммед Фуад жана Хакимдин чыгармачылык чеберчиликтери артууда. Египет чыгыш бийлерин аткаруучулары менен белгилүү. Аймактарда аль-хатталя, аль-бамбутыйя, аль-каффафа жана курсак бийи деп аталган бийлер таралган. 19-кылымдан Египетте көчөдө жана ак сөөктөрдүн үйүндө бийлөөчү профессионал бийчилер болгон. 1958-ж. Каир балет мектеби ачылып, анын биринчи бүтүрүүчүлөрүнөн жана Москва хореография окуу жайын бүтүргөн египеттик кыздардан 1967-ж. биринчи балет труппасы (Улуттук балет) түзүлгөн. 1988-ж. Каир опера үйү Опера жана балет театрына айландырылган. Каирде Заманбап бий театры иштейт. Эл аралык заманбап бий жана Улуттук бий фестивалдары өткөрүлүп турат.
19-кылымдын биринчи жарымында Египетте мухаббизиттердин – куйкум сөз чеберлеринин өнөрү кеңири тараган. Алар атайын аянттарда, базарларда өнөр көрсөтүп, элдин көңүлүн кушубак кылган. Наполеондун экспедициясы (1798–1801) Египетти Европа маданияты менен тааныштырган. 19-кылымдын 70-жылдары профессионал театр түзүлгөн. 1930-ж. Араб театр институту ачылган. 1930-ж. Араб театр өнөрүн өнүктүрүү боюнча жогорку комитет, 1935-ж. мамлекеттик туңгуч Улуттук труппа, 1944-ж. Араб театр институту түзүлгөн. 1961-ж. Каирде «Аль-Гумхурия» театры ачылган. Мындан тышкары, Улуттук, Комедия, Дүйнөлүк театрлары бар. 1897-жылдан чет элдик режиссёр жана операторлор тарабынан чакан хроника, 1917-жылдан көркөм фильмдер тартыла баштаган. 1935-ж. Каирде «Миср» киностудиясы ачылган. 1930-жылдан белгилүү ырчы, композитор Абд аль-Ваххаб, Умм Кульсум катышкан музыкалык, 40-жылдардан патриоттук көркөм фильмдер тартылган. Египет кино өнөрүнүн жаңы үлгүсү катары Ю. Шахиндин «Жамиля» (1959), «Жер» (1968) «Нилдеги адамдар» (СССР менен бирдикте, 1970), А. Фахминин аткаруусундагы «Мумия» (1971) фильмдерин атаса болот. Мындан тышкары, Хенри Баракат, Мухаммед Хан, Салах Абу Сейф жана Атеф Эль-Тайиб аттуу кинорежиссёрлордун да тасмалары кеңири белгилүү.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1