Мазмунга өтүү

Беджа (эл)

Википедия дан

Беджа (будша, бедауйе, бедавир) — Судандын чыгыш аймактарын (1,9 млн), Египеттин түштүк-чыгыш аймактарын (145 миң) жана Эритреянын түндүк-батыш аймактарын (125 миң) байырлаган кушит эли.

Жалпы саны 2,17 млн адам (2005ж.).

Беджа

Беджа малчылары

Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 2,17 млн (2005ж.)
 Судан — 1,9 млн
 Египет — 145 миң
 Эритрея — 125 миң

Тили

беджа, араб

Дини

мусулмандар

Расалык тиби

эфиоп

Кирет

кушиттер

Уруулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бишарин (бисарин, бисариаб), хадендоуа (хендава), амарар (үчөө биригип беджа элин түзөт), ха­лен­га, абаб­де, бе­ни-амер. Абабде уруусун теги араб, бени-амер урусунун теги — тигре.

Тил[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Беджа тилинде сүйлөшөт. Бени-амер — тигре. Араб тили да кеңири таралган. Беджа тили кушит тилдердин бири. Беджа тили уруулук диалектилерге бөлүнөт.

Ишенимдер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ишенгендер сүннөттүк Исламдын шафит мазхабын тутушат.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Беджа — байыркы автохтондук эл. Байыркы Египет булактарында алар "маджаи" этноними астында эскерилет. Алар Мероит жана Аксум падышалыктарынын, нубиялыктардын бийлиги астында болушкан. Беджа падышалыгы 7-8-кылымдарда болгон. Беджа эли узак убакыт бою араб экспансиясына каршы турушкан. 8-кылымда беджалар Эритреянын жерлерин басып алышкан. 9-10-кылымдарда ислам дини жайыла баштаган. Түштүктө христианчылык 15-кылымга чейин сакталып калган. 19-кылымдын аягында махдисттердин көтөрүлүшүнө катышкан. 20-кылымдын аягынан бери саясий көз карандысыздыктын талаптары коюлуп келет. Алар куралдуу кагылышууларга (Дарфур, Эритрея менен Эфиопия жана Судан менен Эритрея ортосундагы конфликтер) катышкан.

Экономика[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Салттуу чарба көчмөн (меридионалдык багытта көчүп жүрүшөт) мал чарбасына (төө, майда мүйүздүү мал) негизделген. Эң престиждүү төө чарбасы (өзгөчө түндүктө бишарин менен амарарда өнүккөн). Беджанын жарымы (төмөнкү касталык) — дыйканчылык бөлүгү. Кызыл деңиздин жээгинде жашаган абабде — балыкчылык менен алектенишет. Айрымдары (халендоуа) пахта плантацияларында иштешет. Кээ бирлери табигый жыпар жыттуу чайырларды чогултушат.

Тамак-аш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Салттуу тамак-ашы: төөнүн жана эчкинин сүтү. Кофе. Ботколор.

Салттуу кийим[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эркектердин салттуу кийими — узун көйнөк (галабея), кенен шым, чалма. Аялдардыкы — узун кара көйнөк, кенен шым, жоолук.

Эркектердин салттуу чач жасалгасы (тиффа) баштын төбөсүндө чач үйүлмө түрүндө болот. Ошондуктан, махдисттик көтөрүлүш учурунда британдыктар аларга «‎фуззи-вуззи»‎ (англ. «‎fuzzy-wuzzy»‎ — «‎үлпүлдөктөр»‎) деп каймана ат коюшкан.

Коом[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Патрилинейлик кландар, салт укугу (салиф), касталык-уруулук система сакталып калган.

Маданият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуттук фольклор (мифтер, жомоктор, эпостор, макалдар) сакталып калган.

1994-жылдан бери Кызыл деңиз университетинде (Порт-Судан шаары) беджа элинин маданиятын изилдөө борбору иштейт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]