Эфиоп расасы

Википедия дан

Эфиоп расасы  (кээде Чыгыш Африка расасы) — негроид жана европеоид расалардын белгилерин айкалыштырган өткөөл раса. Расанын популяциясы Африка Мүйүзүн — Эфиопия, Сомали, Жибути, Эритрея, ошондой эле Судан, Египет, Кения жана Танзаниянын айрым аймактарын ээлейт.

Мүнөздүү белгилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги өзгөчөлүктөрү:

  • толкундуу чач;
  • кара тери;
  • орточо прогнатизм же анын жоктугу;
  • коюуланган эриндер;
  • кырдач мурун;
  • кууш (130 мм чейин) жана узун бет;
  • узун баш сөөгү (баштын көрсөткүчү 74—76), түз чекеси жана начар өнүккөн каштын үстүндөгү догоолору;
  • орточо сакал өсүшү.

Эфиоп раса менен негроид расанын чыгыш африкалык түрүнүн ортосундагы чек ара бүдөмүк жана географиялык жана этникалык жактан так чийилбейт.

Келип чыгышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Учурда расанын келип чыгышы талаштуу бойдон калууда.

Бүгүнкү күндө үч туруктуу версия бар:

1.Ал раса европеоид жана негроид расалардын аралашуусунун натыйжасынан келип чыккан.

2.Эфиоп расасынан негроид жана европеоид расалар тараган.

3.Негроид расасынын европеоид расасы менен конвергенттик окшоштуктары бар формасы.

Палеоантропологиялык изилдөөлөр эфиоп расасы Чыгыш Африкада алгачкы неолит доорунда калыптангандыгын көрсөтүп турат. Чыгыш Африканын негроиддик типтеринин антропологиялык өзгөчөлүктөрүн түзүлүшүнө эфиоп расасынын баштапкы формалары таасир эткен.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]