Сива (бербер эли)

Википедия дан
Сива
ⵉⵙⵉⵡⴰⵏ

Сива этносунун кызы кол жаргылчак менен туз майдалап жатат.
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 26 100
 Египет — 25 000
 Ливия — 1100

Тили

сиуа

Дини

Ислам (сүннөттөр)

Расалык тиби

европеоид (жер ортолук деңиз варианты)

Кирет

берберлер

Тууган элдер

инфусен

Сива (берб.: исиван, ⵉⵙⵉⵡⴰⵏ ; араб.: سيويون ) — бербер эли. Бул берберлердин эң чыгыш популяциясы.
Алар Египеттин түндүк-батышында жайгашкан Сива жана Кара оазистеринде жашашат.
Саны 26,1 миң адам. Сива Нил дарыясынын дельтасынын батышында жашаган байыркы ливиялыктардын тукумдары деп эсептелет.
Сива узак убакыт бою салыштырмалуу изоляцияда жашашкан. Мунун аркасында алар өз тилин, маданиятын, каада-салтын, үрп-адатын сактап калышкан.
Бербер тектүү болгонуна карабастан, эл отурукташкан деп эсептелет. Алар араб бедуиндери менен соода байланыштарын гана түзүүгө аракет кылышат.
Сива кыздарын башка улуттун өкүлдөрүнө сейрек күйөөгө беришет.
Кыздар жана аялдар майрам күндөрү күмүш зер буюмдарын (мончок, сөйкө, шакек, билерик, чач жасалгасы) тагынышат. Бул зер буюмдардын эң атактуусу - "абрам" аттуу чоң күмүш диск жана анын тегерегиндеги "аграв" аттуу мончок, ал көкүрөгүнө илинип турат. Жергиликтүү салтка ылайык, кыз дискти жазында, үйлөнгөн күнү атайын салтанатта берет.  Бардык күмүш зер буюмдарын жергиликтүү кол өнөрчүлөр жасашат.

Тил[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эне-тили — сиуа. Ошондой эле араб тили (египет диалектиси) кеңири тараган.

Дин[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ишенгендердин көбү сүннөттүк Исламдын маликит мазхабынын тутушат.

Чарбачылык иштер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оазис айыл чарбасы өнүккөн (финник, олива, инжир, дан эгиндер, буурчак, пияз).
Кээ бирлери балык өстүрүшөт.
Малы аз. Бул оазисте жайыттардын жетишсиздигине байланыштуу. Мал бедуиндерден айыл чарба азыктарын алмашуу жолу менен алынат.
Төө кербендерди коштоп жүргөндө минүүчү жаныбар катары колдонулат.

Жаратылыштын уникалдуу өзгөчөлүктөрү жана тарыхый эстеликтердин болушу оазисти туризм үчүн жагымдуу кылат. Ушуга байланыштуу берберлер туризм бизнесин өнүктүрө башташты.

Кол өнөрчүлүк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • себет токуу;
  • карапа буюмдарын жасоо:
  • зергерчилик (күмүш жасалгалар);
  • сайма-тигүү.

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]