Нил

Wikipedia дан
Нил дарыясынын Каир шаарындагы көрүнүшү

Нил (араб. – Эль Бахр; лат. Nilus, гр. Neilos) – дүйнөдөгү эң узун 2 дарыянын бири (Амазонкадан кийин). Танзания, Уганда, Судан, Египет, Руанда аймактары аркылуу агат. Узундугу 6671 км, алабынын аянты 2870 миң км2. Чыгыш Африка бөксө тоосунан Рукарара деген ат менен башталып (Кагер дарыясынын курамы), Виктория, Кьога, Мобуту-Сесе-Секо көлдөрү, бөксө тоолор аркылуу агып, Судан түздүгүндө Бахр-эль-Жебель деген ат менен Сэдд саздуу аймагын кесип өтөт. Эль-Газаль дарыясынын чатынан Ак-Нил деп аталып, Хартум шаарына чейин жарым чөл, чөл аркылуу агат. Мында эң ири куймасы Көгүлтүр Нилге кошулуп, Нил аталат. Жер Ортолук деңизге куярда көптөгөн салааларга бөлүнүп, дельтаны пайда кылат; негизги кеме жүрүүчү салаалары – Думьят (Дамьетта; чыгышы), Рашид (Розетта; батышы); дельтанын Түндүк бөлүгүн Мензала, Марьют, Руруллус лагуна көлдөрү түзөт. Ибрахимия (Биркет-Карун көлүн, Эль-Файюм оазисин суу менен камсыздандырат), Исмаилия (Суэц каналынын аймагын тузсуз суу менен жабдыйт), Юсуф жана башка көптөгөн каналдары бар. Жогорку агымында Хартум мененАсуан шаарынын аралыгында босоголорду пайда кылат, алардын бир бөлүгү бийик Асуан плотинасы курулгандан кийин суу жайпап калган. Негизги куймалары: Асва, Собат, Көгүлтүр Нил, Атбара (оң), Эль-Газаль (сол). Суу ташкыны Нилдин алабынын экватордук бөлүгүндө жай, кыш, борбордук бөлүгүндө, Судандын түндүгүндө, Египетте жай-күз мезгилдеринде байкалат. Орточо чыгымы Асуанда 2600 м3/сек (эң көбү – 15000 м3/сек, эң азы – 400–500 м3/сек), чатында 2900 м3/сек. Жылдык орточо агымы чатында 73,1 км3. Жылына 62 миллионм3 шиленди агызып келет (анын көбү күрдүү топурактар; алар талааларга, сугат каналдарына, суу сактагычтарга чөгүп калат). Агымын жөнгө салуу, каналдарын суу менен камсыз кылуу жана ташкын коркунучунан сактоо үчүн Нилге жана анын куймаларына плотиналар (Гебель-Аулия, Асуан, Бийик Асуан), суу сактагычтар (Насер жана башка) курулган. Ири ГЭСтери: Асуан, Наг-Хаммади, ЭльФайюм (Юсуф каналында), Оуэн-Фолс (Виктория-Нил д-нда). Балык кармалат. Канал, көлдөрүндө, Нилде Хартум шаарынан Жуба шаарына, андан ары Нимулдан Мобуту-Сесе-Секо көлүнө чейин, жогорку аймагынын айрым жерлеринде кеме жүрөт. Алабындагы кеме жолунун жалпы уз. 3,2 миң км. Негизги шаарлары: Александрия (дельтасында), Каир, Асуан (Египет), Хартум (Судан). Нилдин өрөөнү (өзгөчө дельтасы) байыркы цивилизациянын очокторунан болгон.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]