Руанда
|
Руанда Республикасы | |||||
| |||||
| Гимн: «Rwanda Nziza» | |||||
| Эгемендүүлүк күнү | 1-июль 1962-жыл
( Бельгиядан) | ||||
| Расмий тили | руанда тили англис тили, француз тили, суахили тили | ||||
| Борбор шаары | Кигали | ||||
| Ири шаарлар | Кигали, Рубаву (Гисеньи), Мусанзе, Хуе (Бутаре), Муханга | ||||
| Башкаруу формасы | президенттик башкаруу системасы | ||||
| Президент Премьер-министр | Поль Кагаме Эдуар Нгиренте | ||||
| Мам. дини | динден тышкары мамлекет | ||||
| Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 148-орун - дүйнөдө 26 338 км² 5,3 | ||||
| Калкы • Бааланган (2024) • Жыштыгы | 14 256 567 адам (77-орун) 517,2 ад./км² | ||||
| ИДӨ (САМ) • Бардыгы (2023) • Ар бир жанга |
42,346 млрд $ (139-орун) 3136 $ | ||||
| ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
13,927 млрд $ (129-орун) 1031 $ | ||||
| АДӨИ ( 2023) | ▲ 0,578 (орточо) (159-орун) | ||||
| Акча бирдиги | руанда франкы (RWF, коду 646) | ||||
| Домени | .rw | ||||
| ISO коду | RW | ||||
| ЭОК коду | RWA | ||||
| Телефон коду | +250 | ||||
| Убакыт аралыгы | UTC +02:00 | ||||
Руанда (руанда Rwanda, англ. Rwanda, фр. Rwanda, суахили Rwanda), расмий аталышы Руанда Республикасы (руанда Repubulika y'u Rwanda, англ. Republic of Rwanda, фр. République du Rwanda, суахили Jamhuri ya Rwanda) – Чыгыш Африкадагы мамлекет. Түндүгүнөн Уганда, чыгышынан Танзания, түштүгүнөн Бурунди, батышынан Конго Демократиялык Республикасы менен чектешет.
Аянты – 26 338 км². Калкы – 13 623 302 адам (2024)[1]. Борбору – Кигали шаары (провинция макамына ээ). Административдик-аймактык жактан 30 райондон турган 5 провинцияга бөлүнөт.
Акча бирдиги – руанда франкы.
Бириккен Улуттар Уюмунун (1962), Эл аралык валюта фондунун (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1996), ЮНЕСКОнун (1962), Африка биримдиги уюмунун (1963) ж. б. уюмдардын мүчөсү.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Руанданын жергиликтүү калкы – пигмейлер (тва) аңчылык жана жыйноочулук менен кесиптенишкен. Орто кылымдарда Руанда аймагына түштүктөн банту тилинде сүйлөгөн уруулар (хуту) келип, пигмейлерди каратып, жерлерин ээлеп, жергиликтүү калкты чытырман токойлорго сүргөн. 16-кылымда түндүктөн келе баштаган. нилот уруулары (тутси) хутуларга жана пигмейлерге үстөмдүк кылган. 19-кылымда Руанда аймагында жергиликтүү уруулардан борбордошкон королдук мамлекет түзүлгөн. 1890-ж. Руанда аймагы Германия протекторатына өткөн. Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде (1914–18) бельгиялык аскерлер басып алган (1916). 1918-ж. Улуттар лигасынын чечими боюнча Руанда Бельгиянын протектораты, согуштан кийин Бурунди менен бириктирилип, Бельгиянын Руанда-Урунди мандаттык, 1946-ж. опекалык аймагына айланган. 1950-жылдары улуттук-боштондук кыймылдар күч алган. 1960-ж. Руандада монархия кулап, 1961-ж. 28-январда Руанда республикасы түзүлгөн. 1962-ж. 1-июлда Руанданын көз карандысыздыгы жарыяланган. 2000-ж. апрелде өлкөдө алгачкы жолу президенттик шайлоо өткөрүлүп, президенттикке Поль Кагаме шайланган. 2010-ж. сентябрда экинчи жолку президенттик шайлоодо жеңишке ээ болуп, 7 жылдык мөөнөткө калтырылды.
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өлкөнүн аймагынын көпчүлүк бөлүгүн Чыгыш Африка бөксө тоосу (бийиктиги 1500–2000 м) ээлейт. Четки түндүк-чыгышында жанар тоолуу Вурунга тоосу жатат. Эң бийик жери Карисимби чокусу (бийиктиги 4510 м). Климаты субэкватордук. Айлык орточо температурасы 19–21°С. Жылдык жаан-чачыны 1000–1500 мм. Кургакчылык болбойт. Башкы дарыясы – Кагера (Нилдин башаты). Көлү – Киву (кеме жүрөт). Саванна, Вирунга тоосунда дайыма жашыл, нымдуу токой өсөт. Кагера, Вирунга улуттук парктары уюштурулган.
Климаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Руанда тропикалык климат өкүм сүргөн аймакта жайгашкан, бирок бийик тоолор климаттык шартына таасир этип, Руанданын аймагында салыштырмалуу мелүүн аба ырайын шарттайт.
Өлкөдө жаанчыл мезгил жана эки кургакчыл мезгил байкалат. Жаанчыл мезгил март–май жана сентябрь–ноябрь айларында, кургакчыл мезгил июнь–август жана декабрь–февраль айларында байкалат.
Жылдык орточо абынын температурасы түздүктөрдө 20–25 °C, тоолуу аймактарда 10–18 °C. Жаан-чачындын орточо жылдык көлөмү 1 000–1 400 мм барабар.
Саясий түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Руанда – унитардык мамлекет. Конституциясы 1995-ж. 5-майда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу (Сенат, Депутаттар палатасы) парламент. Руандада көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары – Руанда патриоттук фронту, Социал-демократиялык партия, Либералдык партия ж. б.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Элинин негизин руандалар түзөт. Расмий тилдери – киньяруанда (руанда), француз, англис тилдери. Дини – католицизм, ошондой эле протестанттар да бар. Калгандары салт болуп калган жергиликтүү динди тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 38 жаш, аялдардыкы – 40. Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 кишиге 48,5), өлүм-житим орточо (1000ге 21,8), балдардын өлүмү өтө жогору (1000ге 138,1). Шаар калкы 18% . Ири шаарлары: Кигали, By-Tape, Рухенгери.
Экономикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Руанда – дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн бири. Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 10,13 млрд АКШ доллары (2009). Аны киши башына бөлүштүргөндө 900 доллардан туура келет. Андагы айыл-чарбасынын үлүшү (% менен) 42,6, тейлөө чөйрөсүнүкү 35,2, өнөр-жайдыкы 22,2. Экономикасынын негизин айыл-чарба түзөт (анда эмгекке жарамдуу калктын 9/10у эмгектенет). Кофе, чай өстүрүлүп, пахта, тамеки жана пиретрум (татымал) айдалат. Жайыт мал чарбачылыгы өнүккөн. Азыраак түстүү металл казылып алынат. 2007-ж. 120 млн кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Айыл-чарба азыктары кайрадан иштетилет. Автомобиль жолунун узундугу 14 миң км (анын 20% и гана асфальтталган). Киву дарыясында кеме жүрөт. Сыртка кофе, чай, малдын териси жана калай чыгарылат. Негизги соода шериктештери: Кения, Уганда, Бельгия, Кытай, Германия.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9