Канар аралдары

Википедия дан

Канар аралдары (Латын тили canis - ит, Байыркы Рим илимпозу Плиний Старшийдин айтууна Караганда аралдардын бирин иттер мекендеген экен) - Атлантика океанындагы аралдар тобу, Африканын түндүк-батыш жээктеринен 100-120 км аралыкта. Испаниянын ээлигинде.

Ири аралдары: Гран-Канария, Тенерифе, Фуэртевентура. Жалпы аянты 7,3 миң км2. Негизги калкы - жергиликтүү калк гуанчтар аралашып кеткен испандыктар. Испан тилинде сүйлөшөт.

Католик дининде. Канар аралдары базальттан турат; өчкөн жана аракеттеги жанар тоолор кеп. Бийикт. 3718 м ге чейин (Тенерифе аралындагы аракеттеги Тейде жанар тоосу).

Климаты тропиктик, пассаттык. Жылдык жаан-чачын 300-500 мм. Жанар тоо- лордун капталдарын дайыма көгөрүп туруучу бадалдар жана токой ээлейт. Флорасынын составында эндемик түрлөрү кеп (ажыдаар жыгачы, канар курма пальмасы, канар Кызыл карагайы), Банан, дан эгиндери, картошка, цитрус өсүмдүктөрү, тамеки, жүзүм, буурчак өстүрүлөт. Эчки, кой, уй багышат. Балык уулоо өнүккөн.

Климаттык курорттор бар. Ири шаарлары менен порттору: Лас-Пальмас жана Санта-Курс-де-Тенерифе.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.