Гвинея-Бисау

Wikipedia дан

Гвинея-Бисау, Гвинея-Бисау Республикасы – Батыш Африкадагы мамлекет. Чыгышынан жана түштүгүнөн Гвинея, түндүгүнөн Сенегал менен чектешип, батышын Атлантика океаны чулгайт. Аянты 36,1 миң км2. Калкы 1,46 млн (2004). Борбору Бисау шаары Мамлекеттик тили португал тили. Акча бирдиги Батыш Африка валюта союзунун франкы. административдик жактан 9 округга бөлүнөт (табл.). Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006):

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Гвинея-Бисау унитардык мамлекет. Конституциясы 1984-ж. 16-майда кабыл алынган. Башкаруу формасы президенттик республика. Мамлекет башчысы президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы Улуттук Элдик чогулушаары Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Министрлер кеңеши жүзөгө ашырат. Саясий партиялардын арасынан Гвинеянын жана Кабо-Верденин көзкаранды эместигинин африкалык партиясы негизги ролду ойнойт.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Гвинея-Бисау дээрлик экватордук алкакта жайгашкан. Рельефинде түздүк жерлер басымдуу, кээ бир жери саздак. Деңиз деңг. эң бийик жери 262 м (Фута-Жаллон платосу), төмөнкүсү Атлантика океанынын деңгээли. Климаты экватордук-муссондук. Жайы жаанчыл, кышы кургак. Январдын орто температурасы 24°С, июлдуку 26°С. Жылдык жаан-чачыны: жээкте 2000 мм, ички аймактарында 1200-1500 мм. Кыска, бирок суусу мол дарыялары (Корубал, Жеба, Кашеу) бар. Өсүмдүктөрү токойлуу саваннадан дайыма көгөрүп туруучу тропик токоюна өтөт. Жээк тилкесинде мангр токою өсөт. Токой аянттарынын деградацияга учурашы экол. курч проблемага айланган (токой аянты жылына 1%ке кыскарат). Жаныбар дүйнөсү адамдын кийгилишүүсүнөн өтө жапачеккен. Сүт эмүүчүлөрдүн (108 түр) Африка ламантини, бегемот, маймыл, жаныш, кабылан, каман, жылан, крокодилдер жана башка жандыктар, ошондой эле куштардын 314 түрү кездешет. Гвинея-Бисауда аянты 721 миң га (деңиз тилкеси менен чогуу) болгон 7 коргоолуучу аймак (Болама-Бижагош биосфералык резерваты, Эл-аралык маанидеги Лагуна-Куфада нымдуу-саздак жери жана башка) бар.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Калкынын көбү (99%) африкалыктар (баланте 22,6% , фульбе 20,9% , манде 13,8%, жана башка), ошондой эле европалыктар жана мулаттар да бар. Расмий тилинен (португал) тышкары Гвинея-Бисаулыктар жергиликтүү диалектеги (73,9%) жана криуло тилинде да сүйлөшөт. Калкынын жашынын орто узактыгы 46,9 жаш (эркектериники 45,1; аялдарыныкы 48,8). Динге ишенгендердин көбү (50-65%) жергиликтүү динди тутат, ошондой эле мусулмандар (30-45%) жана христиандар (5-13%) бар. Эмгекке жарамдуу калкы 500 миң, анын 82% айыл чарбада иштейт. Калкынын орто жыштыгы 1 км2 жерге 40 киши. Ири шаарлары: Бисау, Бафата, Габу, Бисора жана башка.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Гвинея-Бисаудагы элдердин байыркы жана о. кылымдагы тарыхы начар изилденген. 9-13-кылымдын башында Гвинея-Бисаунын аймагы Гана мамлекетинин, 13-15-кылымда орто кылымдык Мали, 15-кылымдан Сонгай мамлекетинин курамында келген. 15-кылымда Африканын батыш жээктерине келген португалиялыктар Гвинея-Бисау жерин кул жөнөтүүчү пунктка айландырып, 16-18-кылымда Фарин, Кашеу, Бисау сыяктуу таяныч базарларын түзгөн жана жүз миңдеген кулдарды Америка менен Вест-Индияга жөнөтүп турушкан. Алар 19-кылымдын башына чейин Гвинея-Бисаунун жээктери менен аралдарында айрым гана пункттарга ээ болсо, 19-кылымдын соңку чейрегинде Африканы бөлүштүрүү башталып, Гвинея-Бисау жерин Улуу Британия менен Франция талашкан; бул талаштар Гвинея-Бисаунун Португалиянын көзөмөлүндө калуусуна шарт түзгөн. 1879-ж. чейин Гвинея-Бисау Жашыл Тумшук аралындагы португалиялык колониялардын губернатору тарабынан башкарылган. 1879-жылдан Гвинея-Бисау өзүнчө колония болгон. 1956-ж. Гвинея-Бисаунун улуттук революциячыл партиясы Гвинея жана Жашыл Тумшук а-нын көзкаранды эместигинин африкалык партиясы (ПАИГК) түзүлгөн. 1973-ж. 24-сентябрда. Гвинея-Бисау көзкаранды эмес мамлекет деп жарыяланып, алгачкы президенти болуп Луис Кабрал шайланган. Кийинки жылы Португалия өлкөдөн өз аскерлерин чыгарып кетүүгө мажбур болгон. Банктар, ири компаниялар мамлекеттик менчикке өткөрүлгөн. 1980-ж. 14-ноябрда генерал ШААРЫ Б. Виейра төңкөрүш жасап бийликке келет. 1992-жылдан өлкөдө көп партиялуу система киргизилген. 1998-ж. өлкөдө граждандык согуш тутанган. 2000-ж. президентик шайлоодо К. Ялла жеңишке жетишкен. 2003-ж. ал бийликтен кетирилген. 2005-ж. Виейра кайрадан президент болуп шайланган. Гвинея-Бисау экономикалык жактан артта калган мамлекеттердин катарында келет.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Гвинея-Бисау экономикалык жактан начар өнүккөн агрардык өлкө. ИДПнин өлчөмү 1,2 млрд доллар (андан ичкери айыл жана токой чарбалары, балык улоо 62%, өнөржайы 12%, тейлөө кызматы 26%); киши башына 800 доллар. Экспорт көлөмү 54 млн доллар, импорт -104 млн доллар (2003). Гвинея-Бисаунун айыл чарбасы ИДПнин жарымынан көбүн өндүрөт (өлкөгө валютанын агып келишинин 80%ин түзөт). Шалы менен жаңгак (негизги экспорттук товарлар), жержаңгак, жүгөрү, пахта, чанактуу дан өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Айыл чарбасы менен балык улоо калктын экономикалык негизги багыты болгонуна карабастан, өлкө азык-түлүк менен толук камсыз болбойт. Өндүрүшү негизинен айыл чарба продукциясын кайра иштетүү менен алек. Ошондой эле электр энергиясы (жылына 56 кВт с) өндүрүлүп, жеңил жана жыгач иштетүү, автомобиль оңдоо өнөржай тармактары иштөөдө. Темиржолу жок, автомобиль жолу 4,4 миң км (453 кмине таш төшөлгөн). 28 аэропорт (эл-аралык аэропорт Бисау шаарында) бар. Негизги порттору Бисау, Болама, Кашеу жана башка Негизги соода шериктештери: Индия, АКШ, Нигерия, Португалия, Сенегал, Кытай.

Билим берүү[оңдоо | булагын оңдоо]

Билим берүү системасы башталгыч, толук эмес орто жана орто билимди камтыйт. Биссауда Улуттук искусство инстититуту, музыка жана бий мектеби, Улуттук илимий-изилдөө инстититутуту, Улуттук китепкана, Гвинея-Бисау музейи, дизайн музейи, Этногр. музей жана башка орун алган. 1975-ж. Мамлекеттик маалымат агентчилиги негизделген. Мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы, үч менчик радиостанциясы бар. Адабияты португал, француз жана креол тилдеринде өнүгүүдө. Жергиликтүү туракжайлар ар түрдүү түзүлүштө: өрүлгөн камыштан жасалган тик бурчтуу алачыктар, үстү самандан конус түрүндө жабылган үйлөр. Азыр европалык стилдеги имараттар тургузулууда. Сүрөт искусствосу көбүнчө аралдарда өнүккөн. Кызыл жана кара жыгачтан, ошондой эле пил сөөгүнөн өтүп кеткен муундардын келбетин, ырым-жырым буюмдарын, адам менен жаныбарлардын бетин элестеткен беткептерди жасашат. Жыгачтан жана уйдун мүйүзүнөн курал жасоо (жаа, найза, жебе) кеңири тараган. Гвинея-Бисаунун музыка дүйнөсү негизинен фульбе, мандинка, баланте жана башка элдердин каада-салттары менен байланыштуу. Музыкалык аспаптары Батыш Африкага мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]