Пепель (эл)

Википедия дан

ПепельГвинея-Бисаудагы эл. Гвинеи-Бисаунын батышында Биомбо регионунда жашайт. Аз сандуу топтор Сенегалда (Казаманс провинциясында) жана Гвинеяда бар.
Жалпы саны 140 миң.

Пепель

Пепель абышкасы
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 140 миң адам
 Гвинея-Бисау — 115 миң (2012)
 Сенегал
 Гвинея

Тили

пепель,
португал

Дини

католицизм,
анимизм

Расалык тиби

негроид

Тууган элдер

манджак


Тил

Пепель тилинде сүйлөшөт. Пепель тили Нигер-конго макробүлөсүнүн Батыш атлантикалык уясына кирет.
Көпчүлүк португал тилин билет.

Дин

Пепель арасында христиандар (айрыкча католиктер) көп. Ошондой эле, жергиликтүү анимисттик ишенимдер жана ата-бабалар культу сакталган. Маркумдун үйүндө өткөрүлгөн «Toka Chur» жөрөлгөсү эл арасында сакталып калган.

Чарбалык иштер

Дыйканчылык (күрүч өстүрүү), малчылык (чочко, эчки) жана балык уулоо менен алектенишет.
Токуу иши өнүккөн.

Коом

Маданий жана тил жагынан манжак элине жакын.
Социалдык мааниде коомдун түзүлүшү иерархтуу жана көптөгөн өзүнчө полигиниялык фамилиялардан турган чоң үй-бүлө-кландардын жамаатарынан турат. Алар ата-бабаларынын үйлөрүндө жашашат, анда уруу башчысы да жашайт. Башка, кичинекей үйлөрдү "regulos" ("кичинекей падышалар") деп аталган төмөнкү даражадагы жергиликтүү башчылар жетектейт. Үй-бүлө кургандан кийин, никеленген аялдар көбүнчө күйөөсүнүн атасы жетектеген күйөөсүнүн үйүнө көчүшөт.

Тарых

Элдин этногенези манжак эли менен байланыштуу.
Португалиянын азыркы Гвинея-Бисау аймагындагы колониялык үстөмдүгү учурунда пепель урууларына бийликтин таасири анча деле болгон эмес. 1915-жылга чейин португалдык колониялык өкмөтү тартипти сактоо үчүн айрым топторуна пособие төлөп келген.

Чыгаандар

Пепель элинин белгилүү инсандардын бири — Гвинея-Бисаунун мурдагы президенти Жуан Бернарду Виейра.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

https://www.booksite.ru/fulltext/1/001/008/008/907.htm