Либерия

Википедия дан
Либерия.

Либерия, Либерия Республикасы – Батыш Африкадагы мамлекет. Атлантика океанынын жээгинде жайгашкан (жээк сызыгынын узундугу 579 км). Түндүк-батышынан Сьерра-Леоне, түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан Гвинея, чыгышынан Кот-д’Ивуар менен чектешет. Аянты 111,37 миң км2 (анын ичинде ички суу аянты 14,04 миң км2). Калкы 3,44 млн (2009). Борбору – Монровия шаары. Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – либерия доллары. Административдик-аймагы жактан 15 графтыктан туруп, алар 67 районго бөлүнөт (к. таблицаны).

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008):

Графтык Аянты, миң км2 Калкы, миң Адм.борборлору
Боми 1,94 82,04 Табманберг
Бонг 8,77 328,9 Гбарнга (Гбанга)
Гьарполу 9,69 83,8 Бополу
Гранд-Басса 7,93 224,8 Бьюкенен (Гранд-Басса)
Гранд-Жиде 10,48 126,1 Зведру (Чиен)
Гранд-Кейп-Маунт 5,16 129,1 Робертспорт
Гранд-Кру 3,89 57,1 Баркливилл
Лоффа 9,98 270,1 Воинжама
Маргиба 2,61 199,7 Каката
Монтсеррадо 1,91 1144,8 Бенсонвилл
Мэриленд 2,30 136,4 Харпер
Нимба 11,55 468,1 Санниквеллие
Ривер-Ги 5,11 67,3 Фиштаун
Ривр-Сесс 5,59 65,9 Сестос-Сити
Сино 10,13 104,9 Гринвилл

Либерия – БУУнун (1945), ЭВФтин (1962), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1962), Африка союзунун (1962; 2002-ж. чейин Африка биримдиги уюму) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Либерия – унитардык мамлекет. 1986-ж. 6-январда Конституциясы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Ал жогорку башкы командачы. Президент жана вице-президент жалпы элдик шайлоо жолу менен 6 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент, ал Сенат (30 мүчө, 9 жылга шайланат) жана Өкүлдөр палатасынан (64 депутат, 6 жылга шайланат) турат. Либерияда көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Демократиялык өзгөрүштөр үчүн конгресс, Либерия трансформациясы үчүн коалиция, Эркиндик партиясы, Биримдик партиясы, Улуттук-патриоттук партия, Тынчтык жана демократия үчүн альянс жана башка.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атлантика океанын жээктей кумдуу жал созулуп жатат. Аккумуляциялык жээк түздүгү (бийиктиги 10–30 м) начар тилмеленген, айрым жерлери саздуу. Жеринин бетин салааланып ийри-буйру аккан дарыя чаттары, көл-лагуналар ээлейт; жээктен алыстаган сайын дарыя өрөөндөрү менен өтө тилмеленген, дөбөлүү аккумуляциялык түздүктөргө, андан жогору денудациялык платолорго жана дөңсөөлөргө (бийиктиги 200–500 м) өтөт; анда калдык тоолор да кездешет. Өлкөнүн түндүк бөлүгүн күдүрлүү Леон - Либерия дөңсөөсү ээлейт. Анда айрым тоо массивдери – Нимба, Вутева (бийиктиги 1381 мге чейин – Либериянын эң бийик жери) көтөрүлүп турат. Тектоникалык жактан байыркы Африка платформасынын батыш четинде жайгашкан. Темир, алтын, алмаз кендери менен белгилүү; ошондой эле кианит, барит, боксит, марганец, цементтик акиташ, курулуш материалдары жана башка кендери бар. Либериянын аймагы субэкватордук климаттык алкакта жайгашкан. Абанын күндүзгү температурасы 27ᵒтан 32ᵒСка, түнкүсүн 21ᵒтан 24ᵒСка чейин өзгөрөт. Тоолуу аймактарда харматан (декабрдын аягында Сахарадан соккон кургак жана муздак шамал) учурунда 12ᵒСка чейин төмөндөшү мүмкүн. Айлык орточо температурасы 25ᵒСтан жогору; жээк тилкедеги аптап ысыкты деңиз бризи жумшартып турат.

Жаан-чачындын жылдык өлчөмү ички аймактарында 1500–2000 ммден Атлантиканын жээгинде 4000 ммге чейин. Бүт аймагында кургакчыл (ноябрдын ортосунан апрелдин ортосуна чейин) жана жаанчыл (апрелден октябрдын аягына чейин) сезондор байкалат. Эң жаанчыл мезгили – июнь–август айлары. Дарыя тармагы жыш, суусу мол; бардыгы Атлантика океанынын алабына кирет. Эң ири 6 дарыясынын (Мано, Лоффа, Сент-Пол, СентЖон, Сестос, Кавалли) алабы өлкөнүн аймагынын 60%тен ашык аянтын ээлейт. Дарыялары босоголуу, ортонку жана жогорку агымдары энергия ресурстарына бай. Сент-Пол дарыясында гана чатынан 80 км аралыкка чейин кеме жүрөт. Ар бир адамдын суу менен жылдык камсыз болуусу 66,5 миң м3. Айдоо аянтынын 3%и гана сугат жер. Аймагынын 75% аянтынан ашыгы кызылсары жана кызыл ферралит топурактуу. Жээк түздүктөрүнө кумдуу, дарыя өрөөндөрүнө саз топурактары мүнөздүү; саздуу жерлерине шалы өстүрүлөт. Түндүк-батышында жарым-жартылай жалбырагын күбүүчү, түштүк-чыгышында дайыма жашыл нымдуу токойлор таралган. Анда кызыл, палисиндр, каучуктуу (гевея) жана башка баалуу дарактар, ошондой эле кофе дарагы, шарап жана май пальмасы өсөт. Либериянын борбордук бөлүгү узак убакыт бою айыл чарбасында пайдаланылгандыктан, дээрлик токойсуз. Өлкөнүн аймагынын 40%инде табигый өсүмдүктөр айыл чарба жерлери менен айкалышып жатат. Жээктей мангр токою жана саздуу жерлер жатат. Биологиялык ар түрдүүлүгү боюнча Либерия Батыш Африкадагы алдынкы орундардын бирин ээлейт. Токоюн түрдүү маймылдар (кызыл колобус, батыш шимпанзеси, потто, галаго жана башка), токой пили, сөөлдүү доңуз, барс, жаныш, кидик бегемот, токой антилопасы жана башкалар мекендейт. Коргоого алынган табигый аймак өлкөнүн 15% жерин ээлейт; алардын эң ирилери: Сапо улуттук паркы (Батыш Африкадагы табигый тропик токоюнун эң ири массиви), Маунт-Нимба биосфералык резерваты (Гвинея, Кот-д Ивуар өлкөлөрү менен чектешкен жерде, шимпанзе корголот); булар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Либериянын калкынын басымдуу бөлүгү (96,3%и) нигер-конго тилинде сүйлөгөндөр: анын ичинде түндүгүн манде (48,3%), түндүгүн жана түндүк-батышын атлантика (10,5%) тилдеринде сүйлөгөн элдер, түштүгүн крулар (35,4%) мекендейт. Монровияда либериялыктар, АКШлыктар да жашайт. Өлкөнүн калкы 1960-жылдардан баштап дээрлик 3,5 эсеге өскөн. Төрөлүү (2008-ж. 1000 адамга 42,9 бала) өлүм-житимден (21,4 адам) эки эсе ашык. Өспүрүмдөр (15 жашка чейинкилер) 44%ти, эмгек жашындагылар (15–64 жаштагылар) 53,2%ти, 65тен ашкандар 2,8%ти түзөт. Адам өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 41,8 жыл (эркектерде 40,7, аялдарда 43 жыл). Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 31,3 адам. Эң жыш Либериянын батышында – Монтсеррадо графтыгында (1 км2 жерге орто эсеп менен 599,4 адам; мындагы 1,7% жерге өлкөнүн калкынын 33%те-йи, анын ичинде Монровияда 29%и) жана ага чектеш жайгашкан Маргиби графтыгында отурукташкан. Эң сейрек өлкөнүн түштүк- чыгышында (12 адам). Шаар калкы 60%тей (2008). Эң ири шаарлары – Монровия, Ганта, Бьюкенен, Гбарнга, Каката. Өлкөнүн калкынын 40%тейи христиандар, анын ичинде 30%тейи протестант деноминациясынын өкүлдөрү, 5%ке жакыны католиктер; 16%тейи мусулман сүннөттөр; 43%тейи жергиликтүү диндерди туткандар.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

15-кылымдын 2-жарымында Либерия аймактарына европалыктар келип, жергиликтүү африкалык элдер (кру тилиндегилер) менен соода байланыштарын түзө баштаган. 1821-ж. Америкалык колониялоо коому (1816-ж. түзүлгөн) бошотулган амер. кулдарды көчүрүү үчүн жерг. уруу башчысынан Месурадо тумшугундагы жерлерди сатып алган. Алгачкы топтору бул аймакка 1822-ж. келе баштаган. Алар өздөштүргөн аймак Либерия (лат. Liber – эркин) деп аталган. 1834– 36-ж. Либерияда (Африканын батыш жээгинде) бирибирине көз карандысыз Мэриленд, Баса-Ков жана Миссисипи жана башка кыштагы пайда болгон. 1839-ж. 1-апрелде Либерия кыштагынын ортосунда ынтымак түзүлүп, биригишкен. 1847-ж. 26-июлда Либерия республикасы деп жарыяланган. 1880–1900-жылдарда Либерия аймактарын (44%ин) Улуу Британияга менен Франция аннексиялап, аларды өздөрүнүн колониялык ээликтерине кошуп алышкан. 1911-ж. АКШнын колдоосу менен Улуу Британия жана Францияга көз карандылыктан бошонуп, өз чек арасын кайра калыбына келтирген. 1- дүйнөлүк согуштан кийин Либерияга америкалык капитал кире баштап, каучук алуучу плантацияга айландырылган. 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде (1944-ж. Либерия гитлерчилерге каршы коалицияга кошулган) АКШ өз аскерлерин жана аскер техникасын Ы. Чыгыш жана Ж. Чыгышка жөнөтүү үчүн Либерия аймагын пайдаланган. Либерияда АКШнын согуш базалары (1942-ж. Робертсфилл шаарында америкалык аскер-аба базасы, 1943-ж. Монровия шаарында порт жана башка) курулган. 1959-ж. АКШ менен аскердик келишимге кол коюлган. Либерияда саясий реформалар жүргүзүлүп, жарандардын ортосундагы теңсиздик жоюлуп, өлкөнүн бардык жарандары бирдей шайлоо укуктарына ээ болгон. 1980-ж. 12-апрелдеги аскердик төңкөрүштүн (улук сержант С. К. Доу уюштурган) натыйжасында мамлекеттик бийликтин убактылуу органы – Элдик куткаруу кеңеши (1984-жылдан Убактылуу улуттук ассамблея) түзүлгөн. 1985-жылдан С. К. Доунун авторитардык режими өкүм сүргөн. 1989-ж. декабрда Либерия Улуттук патриоттук фронту (мурдагы мамлекеттик кызматкер Ч. М. Д. Т. Тейлор жетектеген) Доу режимине каршы куралдуу күрөш баштаган. 1990-ж. Либерияда өткөөл өкмөт түзүлүп, бири-бирине карама-каршы топтордун күрөшү токтогон эмес. 1994-ж. БУУнун жардамы менен өткөөл коалициялык өкмөт пайда болгон. Бирок Либерия аймагында жарандык согуш 2003-ж. чейин улантыла берген. 2003-ж. 18-августта Аккра шаарындагы (Гана) тынчтык келишимдин негизинде Убактылуу өкмөт менен бир палаталуу парламент түзүлгөн. 2005-ж. 8-ноябрда алгачкы демократиялык шайлоолор өткөрүлгөн. Дүйнөлүк банктын мурдагы кызматкери Эллен Жонсон-Серлиф айым Либериянын президенттигине (Африка континентиндеги биринчи аял-президент) шайланган.

Чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Либерия – дүйнөдөгү начар өнүккөн өлкөлөрдүн бири. ИДПнин көлөмү 1,53 млрд доллар (2008); аны киши башына бөлүштүргөндө 500 доллардан туура келет. Калкынын жарымына жакыны өтө жакырчылыкта жашайт. 1980–2000-жылдардагы куралдуу кагылышуудан кийин өлкөнүн экономикасы өтө жабыркаган. 2005-жылдан ал акырындап калыбына келе баштады. Либериянын желеги менен 2,2 миң чет өлкөлүк кеме жүрөт; бул көрсөткүч боюнча Либерия дүйнөдө Панамадан кийинки 2-орунда. Ошондой АКШ, Европа союзуна кирген өлкөлөрдүн, Япониянын, чет элдик түрдүү уюмдардын каржылоосунун мааниси зор. Мамлекеттик экономикалык саясат – чарбада жеке менчик сектордун өнүгүшүнө жана чет элдик инвестицияны тартууга багытталган. 2007-ж. 350 млн кВт.с (1989-ж. 1,2 млрд кВт.с) электр энергия (негизинен ГЭСтен) өндүрүлгөн. Минералдык сырьё өндүрүү ИДПни 0,2%ке чейин гана камсыз кылат. 2008-ж. 60,5 миң кар (2000-ж. 170 миң кар) алмаз, 20,1 миң унция алтын өндүрүлгөн. Ошондой эле темир казылып алынат. Иштеп чыгаруу өнөр жай продукциясы ИДПнин 12,7%ин түзөт; анын 70%и алкоголсуз ичимдиктер, 24,5%и цемент (2008). Экспорттук айыл чарба продукциясынын негизги бөлүгү ири плантация чарбаларында өндүрүлөт. Өндүрүштөрү тамак-аш продукциясына болгон ички муктаждыкты канааттандыра албайт; азык-түлүктү сырттан сатып алат. Либериянын аймагынын 5,4%ке жакын аянты иштетилет (анын 2%и көп жылдык өсүмдүктөр). Агр. негизги продукциялары: накта каучук, кофе, какао, пальма ядросу жана майы, бал камыш, тамеки. Гевея плантациясынын аянты 200 миң га, анын 140 миң гасы чет өлкөлүк компанияларга таандык. Негизги айыл чарба өсүмдүгү – шалы (күрүч), ошондой эле кассава, таро, ямс, батат, банан, ананас, жашылча, жер жаңгак, цитрус өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Мал чарбасы негизинен экстенсивдүү. Токой 6 млн га жерди ээлейт. Балык кармалат. Транспорттун негизги түрү – автомобиль транспорту. Автомобиль жолунун узундугу 10,6 миң км, темир жолунуку 429 км (негизги трассалары: Монровия – Бонг, Екена – Бьюкенен, Мано – Ривер – Монровия. Деңиз соода флоту 2204 кемени камтыйт, анын 2109 кемеси чет элдик кеме ээлерине таандык. Деңиз порттору: Монровия, Бьюкенен, Гринвилл, Харпер, Маршалл, Робертспорточо Эл аралык Робертс аэропорту (Монровиядан 60 км аралыкта) бар.

Экспортко накта каучук, алтын, алмаз, кофе, какао, темир кенташын чыгарат; негизги импорттук шериктери: Мавритания, Польша, Германия, АКШ, Испания. Сырттан азык-түлүк жана тирүү мал, машина жана жабдууларды, нефть продуктуларын, өнөр жай товарларын жана башкаларды сатып алат. Негизги экспорттук шериктери: Кытай, Нидерланд, Кот-д’Ивуар, Индия, Бельгия, АКШ.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү акысыз толук орто, кесиптик даярдоону жана ЖОЖдорду камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 60% (2012). Л. мамл. (1851), Каттингтон (1889) университеттери алардын алдындагы жана өз алдынча институттар, коллеждер иштейт. Гезиттери англис тилинде чыгат. Улуттук маалымат агенттиги (1978), радиоуктуруусу (1927), телекөрсөтүүсү (1964) иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7