Кабо-Верде

Википедия дан

Кабо-Верде Республикасы
(порт. República de Cabo Verde)

Герб
Туу Герб
Мамлекеттик Гимни
Эгемендүүлүк күнү 5 июль 1975

Португалиа)

Расмий тили португалча, кабувердьяну
Борбор шаары Прая
Ири шаарлар Прая
Башкаруу формасы Парламенттик республика
' Жорж Карлуш Фонсека
Аянты
• Жалпы
176чы - дүйнөдө
4033 км2 км²
Калкы
• Бааланган ([[|]])
Жыштыгы

588 255 адам (173 чү)
ад./км²
Этнохороним кабоверделик, жашылтумшукдук
Акча бирдиги Кабо-Верде эскудосу
Домени .cv
ISO коду CV
ЭОК коду CPV
Телефон коду +238
Убакыт аралыгы UTC -1

Кабо-Верде, Кабо Верде Республикасы – Африканын батыш жээгине жакын жайгашкан өлкө. Атлантика океанындагы Жашыл Тумшук аралынан орун алган (бардыгы 18 арал, анын 9унда эл жашайт).

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Арал

Аянты, миң км2

Калкы,

миң

Муниципалдык

Округ

Боа-Вишта

620

4,6

Боа-Вишта

Илья-Брава

67

6,4

Брава

Маю

269

8,1

Маю

Сал

216

22,5

Сал

Сан-Висенги

227

79,8

Сан-Висенги

Сан-Николау

388

12,6

Сан-Николау

Сангу-Анган

779

47,2

Рибейра-Гранди, Паул, Порту-Нову

Сантьягу

991

279,5

Прая, Сан-Домингуш, Санга-Кагарина, Санта-Круш, Кальегга-де-СанМигел, Таррафал

Фогу

476

38,5

Моштейруш, СанФилипи


Кабо-Верде 1975-жылдан Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ), Африка биримдиги уюмуна (1975; 2002-жылдан Африка союзу), Бейтарап кыймылына (1975), Эл аралык Валюта Фондуна (1978), Батыш Африка өлкөлөрүнүн экономикалык биримдигине (ЭКОВАС; 1975), Португал тилинде сүйлөгөн өлкөлөр коомуна (ПАЛОП; 1996) мүчө.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кабо-Верде унитардык мамлекет. Конституциясы 1992-ж. 25-сентябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы парламенттик республика. Мамлекет башчысы президент, түздөн-түз жалпы элдик шайлоодо 5 жылга шайланат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы бир палаталуу парламент (Улуттук ассамблея). Саясий партиялардын тизмеси боюнча 5 жылга шайланат, 66дан 72ге чейинки депутаттан турат. Аткаруу бийлигин өкмөт ишке ашырат. Премьер-министр президент тарабынан дайындалат. Калган министрлерди жана мамлекеттик катчыны премьер-министрдин сунушу менен президент дайындайт. Өкмөт Улуттук ассамблеянын алдында жоопкерчиликтүү. Кабо-Вердеде көп партиялуу система орун алган. Жетектөөчү саясий партиялары: Кабо-Верде көз карандысыз африкалык партиясы (ПАИКВ), Демократия үчүн кыймыл (ДМД), Демократиялык биримдик үчүн партиясы (ПДЕ).

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жашыл Тумшук аралыЖанар тоодон пайда болгон. Жээктери негизинен тик, аскалуу; ыңгайлуу гавандары аз, эң ириси Сан-Висенти аралындагы Минделу булуңу (өчкөн жанартоонун суу астындагы кратери). Аралдардын басымдуу бөлүгүнө тилмеленген тоолуу рельеф мүнөздүү. Өлкөнүн эң бийик жери Фогу аралындагы жанартоо (2829 м). Чыгыш бөлүгүндөгү аралдары (Сал, Боа-Вишта, Маю) рельефинин кыйла түзөңдүгү менен айырмаланат, бийиктиги 436 мге чейин. Бузулган жанартоо конустары жана кальдералары, лава платолору кеңири таралган. Тропиктик пассаттык климат өкүм сүрөт. Эң жылуу айларынын (сентябрь-октябрь) орточо температурасы жээктеринде 24-26°С, эң суугунуку (январь-февраль) 21-22°С, тоолордо температура 34°Сге төмөн. Аба ырайы жылдын басымдуу мезгилинде кургак жана ачык, октябрь июнда харматан деп аталган кургак жана ысык шамалдын таасири астында турат, август октябрь жаанчыл мезгил. Жаан-чачындын өлчөмү (жылына 300 ммге чейин) жылдар боюнча бирдей эмес, кургакчылык басымдуу, тоолордо нөшөрлөгөн жамгырдан кыртыш жуулуп кеткен учурлар да болот. Ири аралдарында мезгил-мезгили менен соолуп калуучу кыска суу тармактары арбын. Калыбына келип туруучу суу ресурстары өтө аз (0,3 км3); өлкөнүн ар бир тургунуна жылына 634 м3 суу туура келет. Чарбада негизинен жер астындагы суу пайдаланылат. Суунун 90%и айыл-чарбасында (сугат жеринин аянты 1821 га), 7,3% коммуналык-тиричилик чарбасында, 1,8% и өнөр-жай ишканаларында керектелет. Жери айыл-чарбасында көп жылдар бою жана сарамжалсыз пайдаланылгандыктан, антропогендик чөлдөшүүгө кыйла дуушарланган. Жер кыртышы эрозиядан өтө жабырланып, таштак топурактар кеңири таралган. Өсүмдүктөр дүйнөсүнө жарды, ксерофиттик дарак жана бадал өсүмдүктөрү (ажыдаар дарагы, сидероксилон) тоолордун жетүүгө татаал жерлеринде гана кездешет. Дарак өсүмдүктөрүн (акация, эвкалипт) жана эрозияга каршы көчөттөрдү отургузуунун эсебинен өлкөдөгү токойлуулук азыр 20%ке жеткен. Жаныбарлар дүйнөсүнө да жарды (жапайы болуп кеткен эчкилер, жашыл мартышка, кемирүүчүлөрдүн бир нече түрү); орнитофаунасы кыйла ар түрдүү (куштардын 40тан ашык түрү уялайт). Жээк суусу балыкка бай. 2003-ж. коргоого алынган табигый аймактын улуттук системасы түзүлгөн (жалпы аянты 1 миң га).

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Креол-кабоверделиктер өлкөнүн калкынын 73%ин түзөт; батыш атлантика (манджак, баланте ж.б.) тилдеринде 24,4%и сүйлөйт; португалдар 2%. Калкынын жылдык орточо өсүүсү 0,6%. Төрөлүү (1000 тургунга 24,4 бала) өлүм-житимден (1000 тургунга 6,5 адам) 4 эсе ашык. Калктын 56,4%и эмгекке жарамдуу курактагылар (15-64 жаш), балдар (14 жашка чейинки) 36,9% , 65 жаштан ашкандар 6,7% . Калкынын орточо курагы 20,2 жаш. Жашоонун күтүлгөн орточо узактыгы 71 жыл (эркектердики 67,7, аялдардыкы 74,4 жыл). Калкынын 95%и христиандар көбү католиктер, ошондой эле протестанттар да бар. Өлкөнүн калкынын 82%тейи 3 аралда (56%и Сантьягу аралында) жашайт. Шаар калкы 22% (2007). Ири шаарлары: Прая (калкы 124,7 миң; 2008), Минделу (74,6 миң; Сан-Висенти аралында), СантаМария (20,1 миң; Сал аралында), Педра-Бадежу (10,0 миң; Сантьягу аралында), Сан-Филипи (8,2 миң; Фогу аралында).

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

12-кылымда алгачкы жолу Жашыл Тумшук аралдары жөнүндө араб саякатчысы Идриси эскерген. Кийин венециялык деңиз саякатчысы А. Кадамосто (1455-56), португал саякатчылары Д. Афонсу, Д. Гомиша жана А. Нолилер (145560) аркылуу бул аралдар европалыктарга кеңири таанылган. 1462-ж. Жашыл Тумшук арална португалдар келип, Сантьягу арална алгачкы европалык Рибейра-Гранди кыштагын (1533-жылдан шаар) негиздешкен. 1466-жылдан аралдарды португалдар ээлеп, 1495-ж. Португалиянын колониясы деп жарыяланган. 1564-жылдан Португалия королдугуна баш ийген. 16-кылымда аралдарга каракчылар кол салып турган (1585-ж. Ф. Дрейк баштаган англис каракчылары Рибейра-Гранди кыштагын тоноп кеткен). 15-кылымдын аягы 16-кылымдын башында Жашыл Тумшук аралдары Африканын Гвинея жээгиндеги кул сатуу борборунун бирине айланган. 1581-жылдан арал Испания ээлиги, 1640-ж. кайрадан Португалиянын колониясы болуп калган. 1650-1879-жылдары португалиялык Гвинея (Бисау) менен бириккен. 17-кылымда аралдарда плантациялык чарба өнүгүп, пахта, индиго, жүгөрү, 19-кылымдан кофе өстүрүлгөн. Кул сатууга тыюу салынып (1876), аралдын экономикасы начарлап, жергиликтүү эл (өзгөчө андан пайда таап турган португал колониячылардын көбү) Сенегал, АКШ, Бразилия, Аргентина ж. б. өлкөлөргө массалык түрдө көчө баштаган. 1951-ж. Жашыл Тумшук а. деңиздин ары жагындагы Португалия провинциясы статусун алган. 20-кылымдын ортосунда бул аралдарда көз каранды эместик үчүн улуттук-боштондук кыймыл башталган. 1956-ж. Көз карандысыз африкалык партия [1960-жылдан Гвинея жана Кабо-Верде аралынын көз карандысыз африкалык партиясы (ПАИГК) деп аталган] түзүлүп, анын генералдык секретарына А. Л. Кабрал шайланган. 1961-ж. аралдын тургундары Португалиянын жарандыгын алган, бирок көз каранды эместик үчүн күрөш (1963жылдан партизандык согушка айланган) улана берген. Португалиядагы Апрель революциясынан (1974) кийин аралда согуш аракеттери токтоп, 1974-ж. ноябрда ПАИГК партиясынын өкүлдөрү жана португалиялык өкмөт Жашыл Тумшук аралдарын көз карандысыз деп таануу жөнүндө келишимге кол коюшкан. 1975-ж. июндагы шайлоодо ПАИГК партиясы жеңишке жетип, президент болуп А. М. Перейра шайланган. 1975-ж. 5-июлда көз каранды эмес Кабо-Верде Республикасы жарыяланган. Ошол эле жылы Кабо-Верде Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) мүчө болуп, мурдагы СССР менен дипломатиялык мамилелерин түзгөн. Конституциялык мыйзам боюнчаКабо-ВердеГвинея-Бисау менен биригип, бир партиялуу режим түзүлгөн. А. М. Перейранын өкмөтү ири жеке менчик чарбаларды мамлекеттештирип, мамлекеттик чарба жана кооперативдерди түзүп, өлкөдөн качып кеткендердин жерин конфискациялап, өлкөнүн айыл-чарбасын өнүктүрүү ж. б. иштерди жасаган. 1980-ж. 14-ноябрда Гвинея-Бисауда мамлекеттик төңкөрүш болуп, ПАИГК бөлүнүп кеткен. 1981-ж.Кабо-Вердеянварда Кабо-Вердекөз карандысыз африкалык партиясы (ПАИКВ) түзүлүп, конституциялык мыйзам боюнчаКабо-ВердеГвинея-Бисаудан бөлүнүп чыккан. 1990-ж. мамлекетте көп партиялуу система киргизилип, 1991-ж. январда парламенттик шайлоодо Демократия үчүн кыймыл партиясы (МПД, 1990-ж. түзүлгөн) жеңишке жеткен. Анын өкүлү А. М. Монтейру Кабо-Вердемамлекетинин президенти болуп шайланган. 1992-ж. 25-сентябрда өлкөдө жаңы Конституция кабыл алынып, көп партиялуу система бекемделген. Монтейрунун өкмөтү рынок экономикасын өнүктүрүү жана чет элдик инвестиция киргизүү саясатын жүргүзгөн. 2001-ж. январда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо ПАИКВ 40, МПД 30 орунду ээлеп, ПАИКВнин өкүлү П. Пиреш Кабо-Верденин Президенти болуп шайланган. 2006-ж. П. Пирештин президенттик ыйгарым укугу экинчи мөөнөткө узартылган. П. Пирештин жүргүзгөн саясаты экономиканы либералдаштыруу жана жакырчылык менен күрөшүүгө багытталган.

Чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ИДПнин көлөмү 3,7 млрд доллар (2007), аны киши башына бөлүштүргөндө 7 миң доллардан туура келет. ИДПнин реалдуу өсүшү 7% (2007). Өлкөнүн аралдарда жайгашуусуна, табигый ресурстарга жардылыгына, тез-тез жана узакка созулган кургакчылыкка ж. б. себептерге байланыштуу анын экономикасы начар өнүккөн; көбүнчө импорттук энергия булактарына жана азык-түлүккө күнкор. Валютанын кыйла бөлүгүн (ИДПнин 20%ке жакыны) чет өлкөлөрдөгү кабо-верделиктерден түшкөн акча түзөт. Өлкөнүн экономикасында инвестициянын (2006-ж. 60 млрд доллар чамасында) жана жеңилдетилген кредиттин мааниси зор. Өлкөнүн экономикалык саясаты жеке менчик секторду чыңдоого, тейлөө чөйрөсүн (айрыкча чет элдик туризм, аба жана суу транспорту) өнүктүрүүгө багытталган. 20-кылымдын аягында 40ка жакын ишкана мамлекеттин менчигинде болгон; 2007-ж. алар бүт (улуттук ТАСУ авиакомпаниясынан сырткары) менчиктештирилген же жоюлган. Жеке менчик компаниялардын иш-аракетин мамлекеттик агенттик көзөмөлгө алган. ИДПнин 73,8%и тейлөө чөйрөсүнө, 16,9%и ө. ж-на, 9,3%и айыл-чарбасына таандык.

Энергетикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Энергетикасы импорттук энергия булактарынын (60%и нефть жана нефть продукциялары) негизинде иштейт. 2006-ж. 45 млн кВтс электр энергиясы өндүрүлүп (эл жашаган аралдарда электр станциялары дизель менен иштейт), 41,9 млн кВтс. керектелген. Сал жана Маю аралнан жылына 60 миң гдан ашык туз, Санту-Антан аралнан пуццолан, дагы башка табигый курулуш материалдары жана карапа сырьёлору (базальт, акиташ теги, гипс, чопо, каолин) казылып алынат. Декорациялык таштарды иштетүүчү, курулуш материалдарын чыгаруучу фабрикалар (Прая шаарында, Маю жана Боа-Вишта аралында) бар. Айыл чарба сырьёлорун кайра иштетет; алкоголсуз ичимдиктерди, пиво, балык унун жана консерваларын (Прая, Сал аралдары), текстиль кездемелерин жана бут кийим (Манделу) чыгарат. Кеме ремонттолот (Минделу шаарындагы Порту-Гранди); деңиз суусун тузсуздандыруучу заводдор иштейт. Өндүрүштүк ишканалардын 80%тен ашыгы Сантьягу, Сан-Висенте, Сал аралында жайгашкан.

Айыл чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тоолуу рельефине жана топурагынын күрсүздүгүнө байланыштуу айыл чарба аз продукция берет. Азык-түлүктүн 80%тен ашыгы импорттолот же гуманитардык жардам иретинде сырттан келет. Өлкөнүн аймагынын 11,5% аянты айыл-чарбасында пайдаланылат. 1990-жылдардагы кургакчылыкта дан эгин эгилген аянттын дээрлик 80%и кыскарган (21-кылымдын башында 3 миң га сугат жер болгон). Буурчак, томат, жүгөрү, батат, картөшкө, төө буурчак, ошондой эле кокос пальмасы, бал камыш, кофе, банан, ананас, манго, жер жаңгак, клещевина өстүрүлөт. Мал чарбасы этке болгон ички муктаждыктын 95%ин, сүткө болгон муктаждыктын 25%ин камсыз кылат. 2000-жылдын башталышында 640 миң чочко, 112 миң эчки, 22 миң уй болгон. Куш чарбасы өнүккөн (жумурткага болгон муктаждыкты толук камсыз кылат). Балык уулоонун мааниси зор (ИДПнин 5%и); жыл сайын 12 миң т чамасында балык кармалат; деңиз продуктуларынын көбү Европа өлкөлөрүнө экспорттолот.

Туризм[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чет өлкөлүк туризм өнүгүүдө. Туристтердин саны жылдан жылга өсүүдө (1993-ж. 20 миң турист келсе, 2007-ж. ал 320 миңге жеткен). Туризмден түшкөн киреше 50 млн доллардан ашат. Туризмдин негизги түрлөрү: кумдуу пляждарда эс алуу жана спорттук сайраңдоо (дайвинг). Банккредиттик система 3 мамлекеттик банкты, борбордук банкты, 4 коммерциялык, 3 офшордук банкты, 5 банкка кирбеген финансы институтун камтыйт.

Автомобиль жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Автомобиль жолунун узундугу 1,4 миң км. Өлкө аралдарда жайгашкандыктан, анда аба жана деңиз транспорттору кеңири пайдаланылат. Негизги порттору: Порту-Гранди (Минделу шаарында; көбүнчө круиздик лайнерлер келет), Прая, Палмейра (Сал аралы). Деңиз соода флоту 8 кемени камтыйт (жалпы 7,7 миң дедвейт; 2007). 8 аэропорту (Илья-Брава аралынан башка бардык аралдарда) бар; эл аралык аэропорттору: Прая (Сантьягу аралы), Рабил (Боа-Вишта аралы), Амилкар (Сал аралы).

Экспорт жана импорт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сырткы соодасы 827 млн долларды түзүп (2007), анын 727 млн доллары импортко, 100 миң доллары экспортко таандык. Экспортунда деңиз продуктулары, туз, банан, жер жаңгак басымдуулук кылат. Негизинен Испанияга (наркынын 39,4%и), Португалияга (19,3%), Нидерландга (11,3%), Германияга (10,9%), Марроккого (4,1%) экспорттойт. Негизинен нефть продуктуларын, азык-түлүк, машина жана жабдууларды Португалиядан (импорттук нарктын 42,2%и), Нидерланддан (10,6%), Испаниядан (6,5%), Италиядан (5,5%), Кот-д’Ивуардан (5,2%), Бразилиядан (4,8%) алат.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мектепте билим берүү системасы Португалиянын таасири менен калыптанган. Кабо-Вердеде 6дан 12 жашка чейинки балдар үчүн акысыз билим берүү киргизилип, үч баскычтан турат: башталгыч мектеп 6 жыл, толук эмес орто мектеп 3 жыл, толук орто (лицей) мектеп 2 жыл. Сабактар 3 багытта жүргүзүлөт: гуманитардык, табигый-илимийжана техникалык Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 81,2%ти түзөт. Негизинен Прая шаарында илимий мекемелер, Жогорку окуу жайлары, китепканалар жана музейлер; Сан-Висентиде Деңиз жана инженердик илимдер институту (1984), Минделуда Педагогикалыкинститут жайгашкан. Кабо-Вердеде жума сайын чыгуучу басылмалар: өкмөттүк «Horizonte» (1975-ж. негизделген), «Boletim Informativo» (1976, португал тилинде) жана көз каранды эмес «A Semana» (1991, португал жана анлис тилдеринде). Маалымат агентчилиги «Inforpress» (1988). 1984-жылдан Теле көрсөтүүсү, 1975-жылдан радио уктуруусу (португал, француз жана креоль тилдеринде) иштейт. Телекөрсөтүүлөрдү жана радио уктурууларды «Radio e Televisao de Cabo Verde» (RTS) мамлекеттик компаниясы ишке ашырат. 19-кылымдын 2-жарымынан Кабо-Верденин адабияты креол жана португал тилдеринде өнүккөн. Алгач креоль тилинде Ш. да Куньинин «Сүйүүкайгысы» романы (1893), португал тилинде Ж. А. ди Алмейданын «Кул» романы (1856) жарык көргөн. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында фольклорго жакын поэтикалык түрдөгү морна (Э. Тавариш, «Креолдук морна», 1931) жана коладейра пайда болгон. 20-кылымдын 1-жарымында прозада социалдык проблематика басымдуулук кылган (П. Кардозу, «Гесперид багы» романы, 1928 ж. б.). 1936-ж. «Claridade» журналы негизделип, белгилүү жазуучулар Б. Лопиш, М. Лопиш, акын Ж. Барбоза ж. б. эмгектенишкен. 1960-70-жылдарда революциялык маанайдагы поэзия (К. Кунотинин ырлары), 1990-жылдары психол. детектив роман жанры (Алмейда «Эки бир тууган», 1994) жаралган. 20-кылымдын 2-жарымынан сүрөт өнөрү өнүккөн. Белгилүү сүрөтчүлөрү: Б. Барруш-Гиззи, Д. Ж. Корвалью, Л. Лопиш, Ж. Миранда, М. Фернандиш, М. Фигуэйра жана Ч. Фигуэйра ж. б. Эл ичинде карапа идиштерди кооздоо, жыгачты оюу-чийүү, самандан буюм согуу, токуу, ар кандай кооздуктарды жасоо иштери кеңири таралган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]