Кабувердьяну

Википедия дан

Кабувердья́ну (кабо-вердиану, кабо-вердиан креолу; өз аты: kriolu, kriol, cabuverdiánu) — португалиялык креол тили. Кабоверделиктердин эне тили. Сүйлөгөндөрдүн саны 926 миңге жакын адамды түзөт.

Расмий аталышы:

Кабувердьяну

Өлкөлөр:

 Кабо-Верде

Расмий статусу:

 Кабо-Верде

Колдонгондордун жалпы саны:

926 078

Классификациясы
Түрмөгү:

Африка тилдери

Байланыш тилдери

креол тилдери
португал тилдин негизиндеги креол тилдери
афро-португал креол тилдери
Жазылышы:

латын алфавити

Тилдер коду
ISO 639-2:

https://iso639-3.sil.org/code/cpp

ISO 639-3:

https://iso639-3.sil.org/code/kea

Лексикада Батыш Африка тилдеринен (мандинго ж.б.) кирген сөздөр бар. Кабовердьяну Гвинея булуңунун башка португал креол тилдери менен 59% окшоштукка ээ.
1975-жылы кабовердьяну Кабо-Верденин улуттук тили деп жарыяланган.

Жазуусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Латын алфавитинин негизинде түзүлгөн жазуусу расмий документтерде ALUPEC (Alfabeto Unificado para a Escrita do Caboverdiano) деп аталат. ALUPEC — бул кабовердьяну жазуу системасына атайын ылайыкталган алфавит. 1998-жылы бекитилген жана төмөнкү тамгаларды камтыйт: A a, B b, D d, Dj dj, E e, F f, G g, H h, I i, J j, K k, L l, Lh lh, M m, N n, Nh nh, Ñ ñ, O o, P p, R r, S s, T t, Tx tx, U u, V v, X x, Z z.

Синтаксис[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүйлөмдүн түзүлүшү

Негизинен SVO конструкциясы колдонулат, мисал: Êl tâ cumê pêxi. — Ал балыкты жейт.
Тилдин бир өзгөчөлүгү – кош, ал тургай үчтүк танууларды колдонулушу.

Диалектилер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кабувердьяну барлавенту (Санту-Антан, Сан-Висенте, Сан-Николау, Сал, Боавишта аралдары) жана сотавенту (Сантьягу, Маю, Фогу жана Брава аралдары) диалектилерге бөлүнөт.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]