Латын алфавити
Латын алфавити – латын тилинин алфавити. Батыш грек жазуусунун негизинде Байыркы Римде (биздин заманга чейин 7-кылым) пайда болгон. Адегенде оңдон солго жана сап аттап солдон оңго карай жазылган. Биздин заманга чейин 4-кылымдан баштап биротоло солдон оңго карай жазыла баштаган. Бул алфавиттеги тамга аттары көбүнчө этрукстардан өздөштүрүлгөн жана ойдон чыгарылган. Тыбыштарды туюнтчу белгилердин формасы биздин заманга чейин 5-кылымда иретке келтирилген. Алгачкы латын алфавитинде 20 тамга (A, B, C, D, E, А, H, Ү, K, L, M, N, O, P, Q, R, S, T, V, X) болгон, биздин заманга чейин 23-ж. ченде G тамгасы, грек тилинен кирген сөздөрдү жазганда колдонуу үчүн Y, Z тамгалары кошулган. J (Ү тамгасынан айырмалап), U (V тамгасынан айырмалап) жана W тамгалары Кайра жаралуу доорунда гана колдонулган. Адепки орто кылым доорунан тартып латын алфавити көпчүлүк Батыш Европа элдеринин, азыркы учурда Африка, Америка элдеринин бир нече жана Азия элдеринин жазуу системасына негиз кылып алынган. Латын алфавитин 1927– 40-ж. кыргыздар да колдонгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7