Алфавит

Wikipedia дан

Алфавит - тилдин жазуу системасында колдонулган бардык тамгалардын белгилүү орун тартипте берилген тизмеси.

Терминдик мааниси[оңдоо]

Грек алфавитинин эң башкы эки тамгасынын: «альфа» (а) жана «бета (вита)» (б) аталышынан алынган.

Тарыхы[оңдоо]

Алфавит адам баласынын эң улуу жетишкендиги болуп саналат. Ал дароо пайда боло калган жок, бир нече кылымдарды басып өтүп, бизге ушул азыркы такталган, толукталган абалында келип жетти.

Алфавит пайда болгонго чейин жазуунун ар кандай түрлөрү пайдаланылып келди. Аларга пиктографиялык (лат. pictus – сүрөттүү жана грек. grapho – жазуу), идеографиялык (грек. idea – ой, түшүнүк, grapho – жазуу), фонографиялык (грек. phone – тыбыш, grapho – жазуу) жазууларды көрсөтүүгө болот. Кыргыздар алфавиттин ар кандай түрлөрүнөн, мисалы, араб (1923–1927), латын (1927–1940), орус (1941–жылдан бери) пайдаланып келишкен.

Орус графикасынын негизинде түзүлгөн азыркы кыргыз алфавити 1940-жылы декабрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин кезексиз чакырылган сессиясында жактырылып, колдонула баштаган. Орус графикасы славян азбукасынын негизинде келип чыккан. Аны IX кылымда болгар элинин уулдары, эки бир тууган Кирилл менен Мефодий түзгөн. Орустардын «Азбукасы» славян алфавитиндеги биринчи тамга а (аз), экинчи тамга б (буки) тамгаларынын аталышынан алынган. Азыркы славян эли (орустар, украиндер, белорустар, болгарлар, сербдер ж.б.) ушул алфавиттен пайдаланышат. Орустун биринчи «Азбукасын» 1574-ж. Иван Фёдоров түзгөн.

Жаңы кыргыз алфавити[оңдоо]

Жаңы кыргыз алфавитине орус алфавитиндеги 33 тамга толук кабыл алынган жана кошумча кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүгүнө ылайык ө, ү, ң тамгалары киргизилген.

Азыркы кыргыз алфавити 36 тамгадан турат: а, б, в, г, д, е, ё, ж, з, и, й, к, л, м, н. ң, о, ө, п, р, с, т, у, ү, ф, х, ц, ш, щ, ь, ы, ъ, э, ю, я.

Булардын ичинен 22 тамга үнсүз тыбыштарды, 8 тамга үндүү тыбыштарды билдирет. 4 тамга (я, е, ё, ю) кыргыз тилинде йоттошкон тыбыштарды билдирсе, 2 тамга (ь,ъ) эч кандай тыбышты билдирбейт. Алфавиттеги ар бир тамга баш жана кичине (ь, ъ тамгаларынан башкасы), басма жана жазма түрлөргө ээ.

Кыргыз графикасынын өзгөчөлүктөрү:

  • 1) Кыргыз графикасында көпчүлүк тыбыштар бир тамга менен белгиленет: а, б, в, д, з, и, й, л, м, н, ң, о, ө, п, р, с, т, у, ү, ф, х, ц, ш, щ, ч, ы, э.
  • 2) Созулма үндүүлөр кыска үндүү тамгалардын эки кайталанып жазылышы аркылуу туюнтулат: аа, ээ, оо, өө, уу, үү.
  • З) Бир эле [э] үндүү тыбышы сөз башында ортосунда жана аягында эки түрдүү тамга менен э, е белгиленет: эне, эреже, эрке ж.б.
  • 4) Алфавиттеги к, г, ж тамгалары экиден тыбышты билдирет. Сездө ичке же жоон үндүү менен келгендигине карай - 2 тыбышты билдирсе да, алфавитте бир гана тамгасы бар.
  • 5) Йоттошкон я (йа), е (йе), ё (йо), ю (йу) тамгалар эки фонеманы берет: таяк, коен, чие, уюм, ж.б.
  • 6) Эгер й тыбышынан кийин оо, уу созулмалары келсе, йоттошкон тамга (е, ю) жана кыска о, у тамгалары менен катар жазылат: аюу, коюу, баео, союу ж.б.
  • 7) Үнсүз в, ф, х, ц, щ тамгалары, ь, ъ белгилери дээрлик орус тилинен кабыл алынган сөздөрдө гана колдонулат: фонарь, химия, цирк, щётка, лагерь, объект, вагон ж.б.

Булак:

  • 1. http://kyrgyzinfo.ru
  • 2. "Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97