Мазмунга өтүү

Жазуу

Википедия дан

Жазуу - кептин (речтин) катталышы. Ал речтин тигил же бул элементин туюнтуучу графикалык белгилердин жана сүрөттөрдүн жардамы аркылуу ишке ашат. Кайсы элди албайлы, бардыгынын тең жазуусу бири-биринен туруктуу белгилери, бирдей формасы менен айырмаланган өзүнчө системаны түзөт. Жазуу белгилердин формасына карата эмес, маанисине, речтин кайсыл элементтеринин (бүтүндөй маалыматтын, жеке сөздүн, муундун же тыбыштын) белги аркылуу туюнтулуп жатканына карата түркүмдөштүрүлөт. Ушул негизден дүйнөдө жазуунун 4 тиби бар экени аныкталган: пиктографиялык жазуу, идеографиялык жазуу, муун жазуусу жана тыбыш жазуусу. Пиктографиялык жазуу - жазуунун эң байыркысы. Анда туюнтма катары бүтүндөй бир кабар билдирүүчү сүрөттөр (пиктограммалар) колдонулган. Идеографиялык жазуунун жазма белгиси бүтүн бир сөздү же анын таанымал бөлүгүн туюнтат. Мунун эң байыркы системалары төмөнкүлөр болгон: египет жазуусу (б.з.ч. IV миң жылдыктын 2-жарымынан тарта), шумер жазуусу (б.з.ч. IV миң жылдыктын 2-жарымынан тарта), шумерлерде өркүндөгөн клинопистин түрлөрү, байыркы хинди жазуусу (б.з.ч. 3-миң жылдан тарта), крит жазуусу (б.з.ч. III миң жылдык менен II миң жылдыктын башынан тарта), кытай жазуусу (б.з.ч. II миң жылдыктан тарта), Борбордук Америка жана Мексиканын байыркы элдеринин жазуу системалары жана башкалар. Азыр идеографиялык жазууну кытайлар гана колдонушат. Муун жазуусунун белгилери аркылуу жеке-жеке муундар белгиленет. Бул жазууну көбүнчө сөздөрүндө муун саны аз тилдер урунат. Клинопистин идеографиялык муун жазуу системасы б.з.ч. 3-2 кк. крит муун жазуусу б.з.ч. III миң жылдыкта келип чыгат. Кийин кытай иеороглификасына кошумча иретинде муун жазуунун жаңы түрлөрү чыккан. Алар япон муун жазуусу (б.з.8-к.) жана корей лигатуралык системасы кунмун (б.з. 15-к.). Азыркы мезгилде муун жазуусу Индияда (мисалы, деванагари), Японияда, Эфиопияда Кореяда колдонулат. Тыбыш жазуусунун белгилери жеке-жеке тыбыштарды туюнтат. Жазуунун бул түрү - үнсүз тыбыш жазуусу (мында үнсүз тыбыштар гана көрсөтүлөт) жана вокалдык-тыбыштык жазуу (мындагы белгилер үндүү-үнсүз экөөнү тең билдирет) катары маалым. Үндүү тыбыш жазуусун сөздөрүнүн уңгусу көбүнчө үнсүз тыбыштан куралган элдер урунат. Нукура тыбыш жазууну батыш семит уруулары ойлоп табышкан (Финикия жазуусу). Бул жазуу башка жазуулардын кыйла жөнөкөй формада болгондуктан, тез эле дүйнөнүн көп элдерине таралган. Финикия жазуусунун таасиринде чыгышта арамей жазуусу (б.з.ч. I миң жылдыкта), кийин еврей, араб (б.з. 6-к. чендеринде), уйгур, монгол, манжур жазуулары калыптанган. Грузин, армян жазуулары да (б.з. I миң жылдыгы) финикия жазмасынын таасиринде жаралган деген пикирлер бар. Батышта Финикиянын таасири менен грек жазуусу (жазма даректери б.з.ч. 7-к. таандык), грек жазуусунун таасиринде латын жазуусу, славян кириллицасы түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]