Тыбыш

Википедия дан

Тыбыш - сөздөрдү айтканда кулакка угулган айрым-айрым үндөр. Тыбыштарды угабыз, бирок көрбөйбүз. Мисалы, турмуш деген сөздү алсак, ал кулакка угулган айрым [т], [у], [р], [м], [у], [ш] деген 6 тыбыштан куралган. Тыбыштар сүйлөө органдарынын кыймылына жараша пайда болот, б.а. тыбыш жасоодо өпкөдөн чыгып келе жаткан аба ооз көңдөйүндө жолтоого учурабаса үндүү тыбыштар - [а], [о], [э], [и] ж.б., ал эми ооз көңдөйүндө ар кандай жолтоолукка учураса, үнсүз тыбыштар - [к], [м], [р], [с] ж.б. пайда болот. Бардык эле тамга тыбышты билдирбейт, же тескерисинче кыргыз тилиндеги бардык тыбыштардын өзүнө тиешелүү тамгасы жок. (Бул көрүнүш кыргыз алфавитиндеги такталууга муктаж болгон маселелердин бири.)

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]