Тамга

Википедия дан
Тамгалар.

Тамга - тилдеги тыбыштарды белгилөө үчүн кабыл алынган шарттуу белги. Мисалы, [а] тыбышы үчүн - а тамгасы, [й] жана [а] тыбыштары үчүн - я тамгасы, [р] тыбышы үчүн - р тамгасы кабыл алынган Кыргыз тилинде 36 тамга бар.

Тамгалар аткарган кызматына жараша үчкө бөлүнөт: жөнөкөй, татаал жана тыбышсыз болуп.

1) Жөнөкөй тамгалар. Бир тамга бир тыбышты белгилейт. Ар бир тыбыш өзүнчө тамга менен белгиленсе, үйрөнүүгө жана жазууга жеңил, кошумча эрежелерди талап кылбайт. Ошону үчүн жөнөкөй тамгалар деп аталат. Алар; а, б, в, д, з, и, й, л, м, н, ң, о, ө. п, р, с, т, у, ү, ф, х, ч, ш, ы, э.

2) Татаал тамгалар. Булардын жазылышы менен окулушу жагында айырмасы бар. Алар кошумча эрежелерди талап кылат. Сөздөрдү уңгу жана мүчөлөргө ажыратууга тоскоолдук келтирет. Ошол үчүн татаал тамгалар деп аталат. Алар: ё, е, ю, я, к, г, ж, ц, щ.

З) Тыбышсыз тамгалар. Бул тамгалар фонетикалык касиети жок болгону менен, тиги же бул тамганы жандап, ага кошумча боёк берет. Алар: ь (ичкертүү) жана ъ (ажыратуу) белгилери. Кыргыз тилинин төл сөздерүндө бул тамгалар колдонулбайт.

Булак: http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine