Сөз

Википедия дан

Адамдын ойлоосунда заттардын жана көрунүштөрдүн жалпы жана маанилүү касиеттерин, белгилерин, байланыш-катыштарын чагылдырган түшүнүктөр пайда болот. Бул түшүнүктөр тилде сөз аркылуу туюнтулат, башкача айтканда, ар кандай тушүнүктөр аталышка ээ болот. Демек, сөз - бул түшүнүктүн аты. Бирок дайыма эле түшүнүк менен сөз бири-бирине туура келе бербейт. Бир эле сөз бир түшүнүктү да, бир нече түшүнүктү да туюнтат. Ошондой эле ойлоонун формасы катары түшүнүк жалпы адамзаттык болсо, тилдин бирдиги катары сөз- улуттук көрүнүш. Ошондуктан бирдей эле түшүнүктөр ар башкача.

Сөздүн мааниси жана анын типтери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сөз - ар бир тилге мүнөздүү семантикалык, фонетикалык, грамматикалык белгилерге ээ болгон, заттар, кубулуштар, окуялар ж.б. жөнүндөгү түшүнүктү атап берүүчү негизги семантика-структуралык бирдик.

Сөзгө лексика-семантикалык бүтүндүк бөлүнүп турган, кепте даяр материал катары кайрадан колдонуучулук белгилер мүнөздүү. Фонетикалык жактан тыбыштык кубулуштардын биригишип, тыбыштык бүтүндүк түзүшү, морфологиялык жактан морфемалык, семантикалык жактан маанилик бүтүндүк түзүшү, структуралык жактан айырмаланып тургандык сөздүн негизги белгилери болуп эсептелет. Сөздүн лексикалык жана грамматикалык маанилери өз ара айырмалуу. Сөздүн жеке керт башына тиешелүү болгон, атап берүү кызматын аткарган мааниси лексикалык мааниси болуп, ал эми формалдык жактан грамматикалык формалар аркылуу түзүлүп, пикир алышуу каражатын түзгөн маани грамматикалык маани деп аталат. Сөздөр айтуу жагынан лексема, маңыздык жагынан семантема деп ажыратылат.

Тиешелүү даражада грамматикалык формалар Сөз формаларын түзөт. Муну менен Сөздүн тубаса жана туунду формалары пайда болот. Семантикалык жана грамматикалык белгилерине жараша адам аң-туюмунун сөздүк эквиваленти катары бир сөз түркүмүнө тиешелүү болот, грамматикалык маанилерди түзөт (мисалы: зат атоочко тиешелүү затты, кубулушту, окуяны атоо менен, жак, сан, жөндөмө категориялары аркылуу өзгөрүүчү белгилери бар).

Сөз маанилерине жалпы улуттук аң-сезимдеги таанып-билүүчүлүк батырылат, калыптанган түшүнүк чагылдырылат. Структуралык планда бир же бир канча морфемалардан туруп, сүйлөм куруу каражаты үчүн кызмат аткарат.

Сөз лингвистикада ар тараптан изилденип келет жана адамдардын аң-сезиминде стихиялуу түрдө жашайт. Лингвистикадагы изилдөөлөрдө айтуунун (фонетикалык жана грамматикалык структура) жана маанилик маңыздык (лексикалык, грамматикалык мааниси) тарабы аныкталып келген. Тил илиминдеги иликтөөлөрдө жогорку эки аспект ар тараптан, ар кандай мезгилде, түрдүү багытта изилденген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4