Мазмунга өтүү

Адамзат

Википедия дан
Алгачкы адамзаттар

Адам деп айтуу адат болуп калган, бирок минтип айтуу орто кылымдардан мураска калган жөнөкөй, мажес антропоцентризм экендиги орто мектепте эле түшүндүрүлөт. Ооба, адам техниканы ойлоп чыгарды, аны мезозой заманында жашаган динозавр да, кайназой заманында жашаган махайродус да ойлоп чыгара алган эмес. А бирок XX кылымдын бардык жетишкендиктерин пайдаланып жашап жаткан ар бир адам да түр катары жашоонун маңызын түзгөн(Жаратылыш[1])өзүндө камтып турат. Адамдардын бир да бири кандай шарттарда болбосун абадан дем алып, тамактануудан, өлүмдөн сактануу- дан жана өз тукумун сактап калуудан эч качан баш тартпайт. Адам түрдүн чегинде Жер планетасынын бир катмары болгон биочөйрөнүн чегинде жашап кала берет. Адам өзүнө тиешелүү жашоо мыйзамын техниканын жана маданияттын спецификалык көрүнүштөрү менен айкалыштыра пайдаланууда, алар адамды байытты, бирок аны анын өзүн жараткан табияттан ажыратып жибере алган жок.

Биологиялык түзүлүш катары адамзат

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул бүтүндөй жер шарынын бетине муз доорунан кийин тараган, көптөгөн өзгөчөлүктөрү бар, биологиялык бирдиктүү бир түр. Түндүк-түштүк уюлдардагы муздарды албаганда, адамзат ар кандай жыштыкта бүтүндөй жер бетин өзүнүн жашоо мейкинине айлантты. Кайсы бир аймакта адам баласы баспаган жер болушу мүмкүн деп ойлобосо да болот. Азыркы чөлдөр менен түнт токойлордо көптөгөн палеолит тургун жайларынын изи бар; байыркы адамдардын дыйканчылыгынан улам кыртышы бузулуп, узакка пайдаланылбай калган жерлерде Амазонканын чытырман токою шуулдайт; а түгүл Анд менен Гималай тоолорунун зоокаларында да бизге белгисиз курулуштардын изи табылып отурат. Башкача айтканда, Ноmо Sapiens түрү жашап турган мезгилдерде өзүнүн Жер бетине таралышынын түрүн көп жолу жана дайыма өзгөртүп отурган. Башка биологиялык түрлөр сымал эле адамзат да мүмкүнчүлүгү болушунча кеңирээк мейкиндиктерди өздөштүрүүгө, көбүрөөк жыштыкта жашоого умтулду. Бирок ага кандайдыр бир нерсе жолтоо болуп, анын мүмкүнчүлүктөрүн чектеп турду. Ал эмне эле?

Сүт эмүүчүлөрдүн көпчүлүгүнөн айырмаланып

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ноmо sapiensти үйүрлөшүп да, жеке, өз бетинче жашаган жаныбар деп да атоого болбойт. Адам ар кандай көз карашка ылайык кээде социум, кээде этнос деп аталган жамааттын ичинде жашайт. Туурараак айтканда, ар бир адам бир эле убакта коомдун мүчөсү да, белгилүү бир элдин өкүлү да болуп саналат. Бирок бул эки түшүнүк салыштырууга болбой турган түшүнүктөр, алар узундук жана салмак, ысыктыктын даражасы жана электр заряды өңдүү бири-биринен айырмаланып турат.

Адамзаттын социалдык өнүгүшү жакшы эле изилденип, анын мыйзам ченемдүүлүктөрү тарыхый материализм аркылуу аныкталган. Социалдык формалардын коомдук-экономикалык формация аркылуу ичтен өнүгүүсү жамаатташып жашаган адамга гана тиешелүү жана ал анын биологиялык түзүлүшү менен байланыштуу эмес. Бул маселе ачык түшүнүктүү болгондуктан ага токтолуп отуруунун кажети да жок. Анткен менен биз төмөндө терминдик чаташуулардан сак болуу үчүн этнос деп атаган эл жөнүндөгү маселе өтө чатышып калган жана сандырак ой жорууларга жык толгон. Жер жүзүндө этностон сыртта калган бир да адамдын жок экени шексиз нерсе. Ар бир адам "Сен кимсиң?" деген суроого ойлонбостон туруп, "орусмун", "французмун", "персмин", "кыргызмын" деп жана деген ушул сыяктуу жооп берет. Демек, өзүнүн кайсы этноско таандык экенин аң-сезимдүү түрдө билүү жалпы көрүнүш десек болот. Бирок бул ушуну менен эле чектелбейт.

Кодонулган адабиятттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. жаратылыш