Палеолит доору

Википедия дан
Палеолит.

Палеолит доору — б. з. ч. 35 – 30 миң–10 миң жыл мурда (кээ бир аймактарда 40–12 миң жыл мурда) өкүм сүргөн. Бул доордун башталышы азыркы адамдардын физикалык тибинин – неантроптун толук калыптанышы менен байланыштуу. Антропологдор Палеолит доорунда жашап өткөн адамдардын сөөк калдыктарын изилдеп, ар түрдүү расага мүнөз-дүү белгилерин айкын далилдешкен. Таш куралдарды жасоо технологиясынын андан ары өнүгүшүнө шарт түзүлгөн. Мустье дооруна мүнөздүү ыкмалардын негизинде өндүрүмдүү жаңы ыкмалар өздөштүрүлгөн. Кылдат даярдалган призма түрүндөгү ну-клеустардан жука такталар алынган. Алардын басымдуу бөлүгү курал катары колдонулса, экинчи бөлүгү кайрадан иштетилип, бычак, кыргыч, кескич, тешкич жана найза сыяктуу куралдарга айландырылган. Жаңы куралдар менен катар мурунку чоң кыргычтар, чоппингдер, чопперлер колдонулган. Өлтүрүлгөн жаныбарлардын сөөктөрүнөн, мүйүздөрүнөн, жыгачтан тиричиликке керектүү буюмдарды жасашкан. Болжолу кээ бир таш куралдардын сабын жасоого жыгач, сөөк колдонулган. Азыркы мезгилде Полеолит доорундагы таштан жасалган куралдардын 100гө жакын түрүн айырмалашат. Палеолиттин маанилүү белгилеринин бири туруктуу турак жайлардын болушу. Бүгүнкү күндө Евразияда 200дөн ашуун турак жайлар изилденген. Сүйрү, тегерек формадагы турак жайларды жыгач, таш өңдүү материалдардан курушкан. Курулуш иштерине кээде мамонттун, носорогдун сөөктөрүн, бугунун мүйүздөрүн колдонушкан. Ушундай турак жайларга Сибирден табылган Мальта жана Бурят эстеликтери кирет. Аларды курууда жерди тереңдетип казып, кыдырата мамонттун жамбаш сөөктөрүн тизип, түбүн таш менен бекемдешкен. Үстүнө сөөктөрдү бири-бирине кайчылаштыра коюшуп, бугу мүйүзүнөн дубалын жана түндүгүн көтөрүшкөн. Турактын ортосунда очок жайгашкан. Төмөнкү жана жогорку палеолитти бөлүп турган негизги белги катары адамдардын үйүрүнөн уруулук жамаатка өтүп, энелик укуктун пайда болушу саналат. Евразияда табылган жогорку палеолит мезгилиндеги чоподон, сөөктөн, мамонттун азуусунан жасалган аял келбеттүү скульптураларды, таш гравюраларды энелик укук менен байланыштырышат. Алгачкы адамдардын идеологиялык көзкарашында ири өзгөрүүлөр болуп өткөн. Кээ бир эстеликтерден денени, куралды боёй турган кызыл, кара минералдык боёктор кездешет. Мис., 1959-жылы Башкырстандагы Каповая үңкүрүнөн жошо менен тартылган 7 мамонттун, 2 аттын жана носорогдун сүрөтү табылган. Диний ишенимде зор өзгөрүүлөр жүргөн. Анимизмдин калыптанышы баамдалат. Бул ишеним сөөктү көмүүдө ачык көрүнөт. Мис., адамдардын атайын бүрүштүрүлүп көмүлгөн сөөктөрү, үстүнө жошо себилген, жанына куралдар коюлган сөөктөр кездешет. Болжолу жошону адамдын каны катары символдоштурса керек. Кээ бир жаныбарларды адамзаттын же айрым уруулардын түпкү теги катары кабыл алып аларга сыйынуунун (тотемизмдин) пайда болгондугун археол. табылгалар толук далилдейт. Мис., тумар катары айрым жаныбарлардын сөөктөн жасалган келбетин тагынып жүрүшкөн. Орто Азияда Палеолит дооруна тиешелүү эстеликтер Кожогор (Ходжа-Гор), Янгаджа, Самаркан турагы, Каракамар, Кулбулак, Тосор, Капчыгай, Селүңкүр жана башка Кетментөбө өрөөнүндөгү Сарыгата, Өзгөрүш, Ничкесай жергелеринен М. Б. Юнусалиев б.з.ч. 20–25 миң жылдыктарга тиешелүү кыргыч сымал куралдарды, тешкичтерди, нуклеустан жасалган жаракаларды, Кочкор өрөөнүнүн Калмакташ жергесинен К. Табалдиев, А. Бараталиев нуклеус сымал артефакттарды жана такталар табышкан.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.‎