Мустье доору

Википедия дан

МУСТЬЕ ДООРУпалеолиттин эң акыркы мезгили. Б. з. ч. 150–120-миң–40–35-миң жылдыктарда өкүм сүргөн. Бул доорду «ортоңку палеолит» деп да аташат. Доордун аталышы 19-кылымдын орто ченинде Францияда ачылган Ле-Мустье үңкүрүнүн аты менен байланыштуу. Олдувай, ашель доорлоруна салыштырмалуу мустье эстеликтери Евразиянын көп жерлеринде кездешет. Куралдар ар кандай эмгек процессине ылайыкташтырылып жасалган. Мис., кыргыч сымал куралдар менен аңчылыкта өлтүрүлгөн жаныбарлардын этин кесүүгө жана терисин иштетүүгө мүмкүн болгон. Башы учтуу куралдар сайуу, кесүү үчүн пайдаланылып, канжар, бычак катары колдонулган. Таш куралдары жыгачты жана сөөктү иштетүү үчүн пайдаланылган. Аңчылык жашоонун негизги булагы болгон. Аңчылык куралдары төмөнкү деңгээлде болсо да палеоантропторду курчап турган жаныбарлардын молдугу, мергенчилик кылуунун натыйжалуулугу алардын жанын багууга мүмкүнчүлүк берген. Өсүмдүктөр байыркы адамдардын тамактануусунда маанилүү орунду ээлегендиктен, жыйноочулук өз маанисин жоготкон эмес. Бирге жашап, топ-тобу менен азык табуу палеоантроптордун социалдык бирикмесинин кыйла өнүгүшүнө алып келген. Белгилүү деңгээлде эмгекти жынысына, жашына жараша бөлүштүрүүнүн тартиби болгон. Мындай социалдык бирикме уруулук түзүлүштүн калыптанышына негиз түзгөн. Мустье доорунда өлгөн адамга өзгөчө мамиленин, көмүүнүн атайын жөрөлгөлөрүнүн калыптанышы келечекте жалпы адамзат маданиятынын өнүгүшүнө жаңы сапаттуу баскыч болгон. Мындай жаңы көзкараштын өнүгүшү коомдук мамиленин андан ары татаалданышына гана эмес, палеоантроптордун ичиндеги жаңы социалдык байланыштын келип чыгышына түрткү болгон. Евразия чөлкөмүндө 60тан ашуун палеоантроптордун сөөк калдыктары антропологиялык жактан толук изилденген. Алар баш сөөгүнүн түзүлүшү жагынан азыркы адамдардан жантайма чекеси, көзүнүн үстүндөгү дөңсөөлөрү, көлөмдүү ээги жана тиштеринин чоңдугу менен айырмаланган. Сөөктүүлүгүнө караганда шамдагай жана күчтүү болушкан. Алардын мээсинин тиричилик жана сүйлөө үчүн маанилүү болгон бөлүгү өнүккөн. Кыргызстандагы Мустье дооруна таандык эстеликтер – Тосор, Георгиевка дөңсөөсү, Капчыгай, Юрташсай жана башка.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.