Кочкор өрөөнү

Википедия дан

Кочкор өрөөнү — Түндүгүнөн Кыргыз Ала-Тоосу, батышынан Кызарт жана Жумгал тоолору, түштүгүнөн Каракокту, Бабата, Үкөк тоолору, чыгышынан Каракоо тоосу менен чектелет. Өрөөндүн узундугу 80 км, туурасы 20 км че. Кендик боюнча созулуп, таманы деңиз деңгээлинен 1800-2500 м бийиктикте. Өрөөндүн жаманы жана тегереги негизинен палеоген-неогендик чала камдашкан жана төтүчүлүлүк мезгилинин борпон тектеринен турат.

Климаты континенталык, жазы жана күзү суугараак, кышы карсыз, жайы анча ысык эмес. Топурактары чолдуу-талаа жана тала тибиндеги бозомтук курон, ачык-курон, конур топурактар. Субальпы жана альпы алкагында шалбалуу тала, тала чала чымдуу-шалбаа топурактары тараган. Бийиктик алкактуулукта токой тилкеси жок. Туз жерлеринин бардыгы оздоштурулгон, дан, тоют осумдуктору жана картошко айдалат.