Каракоо тоосу

Википедия дан

Каракоо тоосу – Жунай тоосу - Ысык-Көлдүн түштүк-батышында. Доңузкудук, Көбүргөн жана Улакол–Семизбел өрөөндөрү менен чектешет. Тоң районунун аймагында. Кеңдик багытта 26 кмге созулуп жатат. Туурасы 7 км. Орточо бийиктиги 2700 м, эң бийик жери 2881 м; тегерегиндеги өрөөндөрдүн таманынан 700–800 м. көтөрүңкү. Кыры тайпак, тик чокулар жокко эсе.

Капталдары жантайыңкы, кокту-колоттор аз. Улакол суусу кесип өткөн аймакта гана тик беттүү жарлар кездешет. Негизинен төмөнкү палеозойдун гранит, гранит-диорит, порфирит интрузия тектеринен турат. Жарым чөл жана кургак талаа ландшафты басымдуу; бадал аралаш талаа жана шалбаалуу талаа да кездешет. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]