Үкөк тоолору

Википедия дан

Үкөк тоолору, Ички Тянь-Шандын борборундагы тоолордун бири. Кочкор өрөөнүнүн түштүк тарабын ээлеп жатат. Чыгышынан Кара-Күңгөй, Чуңкур-Төр, Сары-Төр (4502 м.) тоолорунан чыккан Мазарлы-Үкөк суусу, батышынан Кара-Кужур (Жоон-Арык) суусу менен чектешип, түндүк батыштан түштүк чыгышка карай созулат. Узундугу 60-70 км, эӊ жазы жери 30 кмге жакын. Орточо бийиктиги 3800 м, эӊ бийик жери 4356,1 м (Текелүү-Төр). Ич ара Кургак-Үкөк (4098,3), Көк-Бука (3623,1), Бүлөөтү (4312,8), Белче (4291,5) ж.б. тоолордон турат. Үкөк тоолорунда Көл-Үкөк көлү (3048 м. бийиктикте) жайгашкан. Негизинен протерозой, силур, девон жана таш көмүр мезгилдеринин чекме ж.б. эффузия тоо тектеринен түзүлгөн. Капчыгайларында палеоген-неогендин кызыл түстүү чөкмө тектери жана антропогендин аллювий, мөӊгү чөкмөлөрү жатат. Интрузия тектеринен пла-гнофанит, сиенит-диорит, габбро-диабаз, нефелиндуу сиенит жана турмалиндүү граниттер кезигет.

Көл-Үкөк көлү. Арткы планда Көк-Бука тоосу
Мазарлы-Үкөк суусу. Арткы планда Ормон хан айыл өкмөтү:(Кара-Саз жана Кара-Күңгөй) айылдары