Материализм

Википедия дан

Материализм (лат. materialis – заттык, заты) – материянын обьективдүүлүгүн, алгачкылыгын, түгөнгүстүгүн жана жок болбостугун таануучу негизги философиялык багыттардын бири, ал аң-сезимден сырткары жана көз карандысыз болот жана чындыктын алгачкы негизи катары чыгат. Материализм идеализмге карама-каршы. Мазмундуу конфронтация, алардын ортосундагы күрөш тарыхый-философиялык процесстин өзөгүн түзөт. Идеялык агым катары атериализм көп кырдуу. Материализмдин төмөнкүдөй түрлөрү бар: маңыроо (стихиялык) Материализм (Лаоцзы, Ян Чжу, Ван Чун, Лопаята мектеби, Гераклит, Анаксагор, Эмпедокл, Демокрит, Эпикур ж. б.). Материализмдин архаикалык формасы негизги өбөлгөлөрүн, принциптерин рефелкстөөнүн жоктугу менен мүнөздөлөт. Метофизикалык Материализм (Ф. Бэкон, Гоббс, Гассенди, Спиноза, Жон Локк) болмуштун же ойломдун кандай өзгөчөлүктөрү абсолютташтырылганына жараша көптөгөн модификацияларга ээ болот. Вульгардык Материализм (Фогт, Бюхнер, Молешотт) аң-сезимдин социалдык-тарыхый табиятын билмексенге салышат, аң-сезимди мээнин түздөн түз акыркы касиети катары талкуулашат. Антропологиялык Материализм (Фейербах, Чернышевский) – «үстү жактан» толук курулбай калган деп түшүндүрүшөт. Коомдук реалийлерди чечмелөөдө жаратылыш кубулуштарын түшүнүүгө алып келүү Материализм менен айкалышпайт. Диалектикалык Материализм материализм принциптерин диалектикага, анын ичинде коомдук мамилелерди ырааттуу түшүнүүгө алып келүүнү билдирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8