Антропоцентризм

Википедия дан

Антропоцентризм (гр. centrum – борбор) – адамды дүйнө түзүлүштүн борбору жана жогорку максаты катары кароочу пикир.

Антропоцентризм теологиялык көз караштын ырааттуу туюнтулушунун олуттуу жагы болуп саналат. Антикалык философияда Антропоцентризмди негиздеген Сократ болгон, кийинчерээк мындай пикирди патристиканын, схоластиканын жана Жаңы Мезгилдин философиясынын (Мисалы: немис философу Х. Вольф) өкүлдөрү колдошкон. Түпкү теориялык багыт ирээтинде Антропоцентризмдин айрым элементтери энзистенциализмге жана Тейяр де Шардендин католиктик философиясына таандык.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]