Схоластика

Википедия дан

Схоластика (гр. scholasticos, schole – мектептик, мектеп) – орто кылымда христиан дин эрежелерин системалаштырып иштеп чыгып, аны рационалдуу негиздөөгө аракеттенген теологиялык «мектеп философиясы».

Схоласттар антикалык философиянын идеяларын пайдаланышып, жалпы европалык, чыгыштык универсалдуу схоластиканы жаратууга умтулушкан. Схоластиканын өнүгүүсү бир нече мезгилге бөлүнөт: алгачкы схоластикага (11–12-кылымдар) неоплатонизм мүнөздүү (иштеп чыккандар Эриугена, А. Кентербийский); жетилген «классикалык» мезгилинде (12–13-к.) «христандык аристотелизм» үстөмдүк кылган (Улуу Альберт, Фома Аквинский).

Кийинки мезгилдеги (13–14-к.) схоластиканын өкүлдөрү (Дунс Скот) схоластикадагы томизмге (Ф. Аквинскийдин окуусуна) каршы чыгышкан жана ага кош чындык теориясын каршы коюшкан. Жаңылануу (орус. возрождение) философиясынын соккусу менен Схоластка идеологиядагы өзүнүн басымдуулугун жоготот. Андан кийин келип чыккан (15–16-к.). Католиктик неосхоластика деп аталган уламасы (аткаруучусу иезуит Ф. Суарес) менен протестанттык уламанын (аткаруучусу Ф. Меланхтон) ортосундагы талаш-тартыштар акыр аягында келип католик чиркөөсүнүн реформация агымына каршы күрөшүн чагылдырып калат.

Батыштын кай бир авторлору бул күрөш менен схоластикалык философия өрчүп өнүктү деп айтышкан. Кийинки кылымдарда жаңы мезгил доорундагы алдыңкы философиялык окуулардын (Декарт, Гоббс, Локк, Кант, Гегель, Фейербах ж. б.) бузуучу таасири астында схоластика өзүнүн белгилүү таасирин жоготот. Бирок 19-к. баштап схоластика кайра жандана баштайт. Азыркы учурда католиктик философиянын ар түрдүү багыттарын, мектептерин бириктирип турат.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8