Улуу Альберт

Википедия дан
Улуу Альберт
Толук аты-жөнү Альберт фон Больштедт
Англис тилинде Немис тилинде: Albert Graf von Bollstädt
Төрөлгөн 1193
Лауинген, Швабия
Көз жумган 1280
Кельн, Ыйык Рим Империясы

Улуу Альбе́рт же Ыйык Альберт, Альберт Кельндук, Альберт фон Больштедт (латынче: Albertus Magnus, 1200, Лаунген — 15 ноябрь 1280, Кельн)– немис теологу, философ, монах, доминикандык. Падуда окуган, Парижде, Кельнде ж. б. сабак берген. Улуу Альберт эркин искусствону, табигый илимдерди, медицинаны жана о. эле Аристотелдин философиясын дагы окуган. Ал өзүнүн каалоосу боюнча «епископ» деген кызматынан бошонуп өмүрүнүн акыркы күндөрүн Кельнде өткөргөн жана монастрдан обочолонуп илимий жана жазуучулук эмгекке берилет. Улуу Альберт терең билимдүү киши болгон. Ага чоң таасир калтырган Аристотелдин эмгегин билген, андан тышкары Авиценнанын, Августиндин жана Псевдо-Дионийдин эмгектерин да окуган.
Германиянын доминин мектептеринде (1228-40), Париж университетинде (1245-48), Кёльндеги доминикан мектебинде окутуучу болуп иштеген. 1260-62-ж. Регенсбургда епископ, кийин кайрадан окутуучулук ишти аркалаган. Ал эркин иск-вону, табигый илимдерди, медицинаны, ошондой эле Аристотелдин философиясын окуган. А. В. Аристотелдин, Авиценнанын, Августиндин жана Псевдо-Дионийдин эмгектерин өздөштүргөн. Анын эмгектеринде Аристотелдин чыгармачылыгына болгон комментарийлер басымдуулук кылат. Альберт Великийдин философиялык табигый илимий кызыкчылыктарынын кеңдиги аны «doctor universalis» деген наамга жеткирген.
Анын эмгектеринин көпчүлүк бөлүгүн Аристотелдин чыгармачылыгына болгон комментарийлер түзөт. Улуу Альберттиндин философиялык табигый илимдик кызыкчылыктарынын кеңдиги анын «doctor universalis» деген наамга жетишине түрткү болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]