Аң-сезим

Википедия дан

Аң-сезим — объективдүү чындыкты чагылтуунун жана кишинин айлана чөйрө менен түзгөн байланышын максатка ылайыктап жөнгө салуунун жогорку формасы, башкача айтканда материялык дүйнөнүн мээде чагылышы.

Материялык дүйнө Аң-сезимден тышкары болуп, ал кишинин сезген же сезбегенине көз каранды эмес. Бул материянын биринчи, Аң-сезимдин экинчи экендигин көрсөтөт. Аң-сезимди реалдуу турмуш белгилейт. Адам өз турмушун түшүнгөндүгү менен айбандардан айырмаланат. К. Маркс мээни Аң-сезимдин органы, бирок мээнин ойлоо жөнщдөмдүүлүгү социалдык турмушта калыптанат дейт. Кишинин Аң-сезиминин келип чыгышынын маанилүү шарты — эмгек жана сүйлөө. Тил — Аң-сезимдин материялык формасы, ал кишилердин өз ара катнашынан келип чыккан. Аң-сезим болгонду туура чагылтууга, келечекте эмне болорун алдын ала билүүгө жана булардын негизинде дүйнөгө таасир этүүгө мүмкүндүк берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8