Семантика

Википедия дан

Семантика (грек. semantikos – белгилөөчү, sema – белги) – илимде (тил, логика ж. б.) маани жана ойду туюнтат.

Тил илиминде Семантика семасиология менен карым-катнашта каралат. Тилдик бирдиктердин маанилерин изилдөөчү бөлүм тилдик Семантика деп аталат. Тилдик Семантиканын изилдөө объектисин тилдик белгилердин (эң алды менен сөздүн) үч элементинин (белгилөөчү, денотат, белгиленүүчү) бирдиги түзөт. Семантика сырткы форма (тыбыш, тамга, графикалык белгилер) – белгилөөчү, белгиленген нерсе, тактап айтканда көрүнүш-денотат, жана ал нерсенин, көрүнүштүн адамдын аң-сезимдеги чагылышы-белгиленүүчү менен байланышкан. Алардын өз-ара байланышы, биримдиги маани категориясынын, тактап айтканда Семантиканын негизги уюткусун түзөт.

Семантика 19-кылымдын аягында Франция менен (М. Бреаль) Орусияда (Покровский) пайда болгон. Семантиканын бүткүл маселеси тигил же бул түшүнүк (терминдер), же айтым, ой толгоо (текст, жазма, формула) эмнени билдирет, аларды кандай түшүнүүгө болот деген суроолорго негизделген.


DARK BLOOD[түзөтүү | булагын түзөтүү]