Тил илими

Wikipedia дан

Тил илими, лингвистика – тил жөнүндөгү илим. Негизги тармактары; фонетика, морфология, синтагматика, синтаксис, лексикология, стилистика, диалектология. Тил илими биздин замандан бир нече кылым мурда эле Индия жана Грекияда өнүгө баштаган. Индияда көбүнчө грамматика (морфология) менен фонетика иштелген. Байыркы инди грамматикасын изилдөөдөгү башкы роль С. Паниниге (б. з. ч. 4-кылым) таандык. Тил илими Байыркы Грекияда адегенде практикалык зарылчылыктан улам изилденген. Теориялык жалпылоолорго кийинчерээк (логиканын негиздери иштелип чыкканда) алынган. Системалуу түрдө Аристотель тарабынан б. з. ч. 4-кылымда иштелип чыккан. Тил илими Римде грек Тил илиминин таасиринде өнүккөн. Рим тилчилеринен Донат (б. з. 4-кылым) менен Присциандын (б. з. 6-кылым) грамматикасы өзгөчө мааниге ээ. Мисалы, Донаттын грамматикасы Европада орто кылымда латын тилин изилдөөдө колдонулуп, жаны европалык тилдердин грамматпкасын түзүүдө үлгү катары пайдаланылган. Тил илимине да жаңы идеялар, илимдин башка тармактарындагыдай эле Кайра жаралуу доорунда кирген. Бул доордо жана андан кийинки мезгилдерде Тил илимин изилдөө үч багытта жүргөн: 1) классикалык тилдер деп аталган латын, айрыкча, байыркы грек тили түп нускасы боюнча изилденген; 2) илимпоздор араб, еврей, сирия илимдери, асыресе филологиясы менен иликтенген; 3) Батыш Европа элдеринин учурдагы тилдерин изилдөө ишке ашырылган. Бул багыттардагы изилдөө иштеринин натыйжасында ар башка уядагы көптөгөн тилдерден материалдар чогултулуп, тилдерди салыштырып изилдөөгө кадам ташталган. 16–18-кылымдарда тилдердин тектештик маселеси боюнча Г. В. Лейбниц тарабынан көп жумуш жасалган. Ушул эле мезгилде логикалык негиздерге таянган универсал категориялуу рационалдуу грамматикалар түзүлгөн. Россияда Тил илими 15–16-кылымдардан өнүгө баштаган. Орус грамматикасын иликтөөдө М. В. Ломоносов чон салым кошкон. Анын «Орус грамматикасы» (1755) деген эмгегинде орус адабий тилинин фонетикалык жана морфологиялык нормасы биринчи жолу системалуу сыпатталган. 19-кылымдын биринчи жарымында салыштырма-тарыхый тил илими өрчүп, изилдөөнүн өзгөчө ыкмалары иштелип чыккан. Бул тармакта төмөнкү илимпоздор үзүрлүү эмгектенишкен: Р. Раск, Ф. Bonn, Я. Гримм , Ф. Диц, A. X. Востоков, Й. Добровский, П. Й. Шафарик ж. б. 19-кылымдагы Тил илиминин өнүгүшүнө немец окумуштуусу В. Гумбольдт көп эмгек синирген. Ал тилдин өрчүшүнүн жалпы теориясын иштеп чыгып, тилди адамдын чыгармачылык ишинин манызы катары аныктаган. Тил илиминдеги «жаш грамматиктер мектебинен» башка кийинки багыттардын баары аздыр-көптүр В. Гумбольдттун лингивистика системасынын таасиринде өнүккөн. Тил илимин психологиялык негизден изилдөө тажрыйбасын 19-кылымдын 50-жылдары немец окумуштуусу Г. Штейнталь баштаган. Ал эмгектеринде улутташы И. Герберттин психологиялык системасына таянып, речтин иш-аракетинин психологиялык абалын анализдөө аркылуу ачып берүүгө аракеттенген. Бул кылымда Тил илиминде биологизм (натурализм) багыты пайда болуп, анын өкүлдөрү Ф. Бопптун тилди организм жөнүндөгү окуу катары караганына таянышып, филология – тарых илиминин бир тармагы, ал эми Тил илими табият илимдерине кошулат дешкен. Мындай натуралисттик көз карашты америкалык Тил илиминин айрым багыттарында азыр да кеңири пайдаланууда. 19-кылымдын 70-жылдары Лейпциг лингвисттер ийриминен «жаш грамматикалык мектеп» багыты өсүп чыккан. Ал индивидуалисттик психологизмди үлгү тутуп, Тил илиминин жалгыз гана обектиси бар, ал – индивиддин речтик иш-аракети, ошон үчүн жалпы тил - шарттуу нерсе жана өзүнчө бир илимий фикция деген көз карашты таңуулаган. Жаш грамматиктер ушул сыяктуу бир жактуу көз карашты карманышса да, нечендеген ар башка уядагы тилдердин диалектилерин, фонетикалык түзүлүшүн сыпаттап жазып чыгышып, эксперименттик фонетиканын, диалектографиянын түзүлүшүнө өбөлгө түзүшкөн. 19-кылымдын акырында Россияда речтеги тыбыштарды тилдин маанилүү бирдиктерин туюнтуу жана колдонуу максатында изилдөө жүргүзгөн багыт пайда болгон. Анын теориясы боюнча жеке бир тилде түрдүү тыбыш канчалык көп болсо да алардан белгилүү сандагы негизги тыбыштар (кийин алар фонема деп аталган) гана бөлүнүп алынат. Ушул эле мезгилде Ф. Ф. Фортунатов башында турган дагы бир багыт пайда болуп, сөз формасы жөнүндөгү окуу келип чыккан. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Тил илиминде «социологиялык мектеп» аталган жаны багыт түзүлгөн. Ага Женева жана француз мектептери кирген. Социологиялык мектептин теориясы боюнча тил – индивидуалдык эмес, социалдык көрүнүш катары каралган. Тил илиминде 20-кылымда да бир нече багыттар пайда болгон. Алар: эстетикалык мектеп (негизги өкүлү К. Фослер), италян неолингвисттер мектеби (М. Бартоли, Ж. Бонфанте, В. Пизани ж. б.), Прага лингивистика ийрими (В. Матезиус, Б. Трика, Н. С. Трубецкой, Р. Я. Якобсон ж. б.) Копенгаген структуралисттер мектеби (В. Брёндаль, Л. Ельмслев ж. б.) жана америкалык Тил илиминдеги дескриптивдик лингвистика багыты ж. б. Тил илими 20–30-жылдары ылдам өнүккөн. Буга СССР элдеринин тилдеринин жазмалары, грамматикаларынын иштелип чыгышы (Л. И. Жирков, Е. Д. Поливанов, Н. Ф. Яковлевдердин эмгектери), грамматиканын принциптеринин (A. Н. Пешковский, М. Н. Петерсон ж. б. илимпоздордун эмгектери), көркөм адабият тилинин (В. В. Виноградов, Б. В. Томашевский, Ю. Н. Тынянов, Л. П. Якубинский ж. б. окумуштуулардын иштери) жана тилдин коомдук функциясынын изилдениши өбөлгө болгон. Андан кийинки жылдары Н. Я. Маррдын тил жөнүндөгү «жаңы окуусунун» кеңири жайылып кеткенине байланыштуу СССРде Тил илими жакшы өнүгө алган эмес. Ал окуунун негизсиз экени 1950-жылкы жана андан мурунку лингивистикалык талаш-тартыштарда аныкталгандан кийин Тил илими ылдам темпте өрчүй баштаган: салыштырма-тарыхый Тил илими, фонетика, орус тилинин жана СССР элдеринин тилдеринин грамматикасы боюнча кыйла маанилүү эмгектер жарыяланган. Тил илиминин математикалык, лингвистика, эксперимент фонетика сыяктуу жаңы тармактарында бир топ ийгиликтерге жетишилген.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]