Тил

Википедия дан
Тил

Ан-сезим жана Тил' – адамдардын байланыш каражаты катары кызмат кылган белгилердин системасы. Тилдин жардамы менен дүйнөнү таанып билүү ишке ашырылат. Тил табигый жана жасалма болушу мүмкүн. Күндөлүк турмушта пайдаланылчу тил табигый тил деп, ал эми кандайдыр бир өзгөчөлүү маселелерди түшүндүрүүчү, тар чөйрөдө колдонулчу тилди жасалма тил деп аташат. Мисалы, математикалык символиканын тили, физикалык теориялардын тили ж. б. тил - социалдык кубулуш. Ой-жүгүртүүнүн жашаш формасы катарында көрүнүү менен, тил ошону менен катар аң-сезимдин калыптанышында чоң роль ойнойтил тил топтолгон билимдерди сактоонун жана аларды кийинки муундарга өткөрүп берүүнүн каражаты болуп кызмат кылатил тилдин жардамы менен конкретүү ой жүгүртүү ишке ашырылат. Кийинки мезгилдерде тил жалаң гана лингвистиканын эмес, ошондой эле логиканын жана семиотиканын да изилдөө объектиси болуп жатат. Ушуга байланыштуу азыркы замандын неопозитивизми философиялык изилдөөлөрдүн бүткүл проблематикасын тилди логикалык талдоо ишине ыйгарып салууну көздөшөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004