Неопозитивизм

Википедия дан

Неопозитивизм – 20-кылымдагы философиялык агым, позитивизмдин учурдагы калыпы. Неопозитивизм учурдагы илимдин жүрүшүндө пайда болгон философиялык-методологиялык актуалдуу көйгөйлөрдү, өзгөчө салтуу философия талкаланып жаткан шарттагы философия менен илимдин мамилесин, илимий ой жүгүртүүдөгү белгилер жана символдор сыяктуу каражаттарынын ролун, илимдин теориялык аппараты менен эмпирикалык базисинин өз ара алакасын, билимди математикалаштыруу жана калыптаныштырунун табияты менен функцияларын анализдөөгө жана чечүүгө талаптанган философиялык окуу катары пайда болгон жана өнүккөн философиялык агым. Дүйнөгө көз караштык көйгөйлөрдү теориялык таанып билүүдө философиянын мүмкүнчүлүктөрүн четке кагып, аны илимге каршы коет.

Неопозитивизм билимди же илимий, философиялык, күнүмдүк тилди логикалык же лингвисттик анализдөөнүн методун иштеп чыгууну өз милдетине айландырган. Неопозитивизмдин алгачкы идеялары Вена ийриминде пайда болгон.

Вена ийриминин мүчөлөрү национал-социализмден Англияга жана АКШга качып, ал жерлерде окутуучулук ишмердүүлүгүн жүргүзгөндүккө байланыштуу, ошондой эле Б. Расселдин, логистиканын жана учурдагы теориялык физиканын күчтүү таасири астында неопозитивизм чет өлкөлөргө тез тарап кеткен.

Неопозитивизмдин негизги өкүлдөрү болуп Мориц Шлик, Рудольф Карнап, Людвиг Витенштейн жана Ханс Рехенбах эсептелишет. Неопозитивизмдин өкүлдөрү учурдагы формалдуу логиканын, семиотиканын жана илимдин логикасынын өнүгүшүндө зор роль ойношкон. Неопозитивизм окууларынын жыйындысын алардын өкүлдөрү унификацияланган илим деп аташат.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8