Ботсвана

Википедия дан

Ботсвана Республикасы
англ. Republic of Botswana
тсванача Калыптарда илмек бар:Калып:Lang-tn

Герб
Туу Герб
Урааны: «Pula»
«Жаамгыр жаасын»
Мамлекеттик Гимни
Файл:Botswana (orthographic projection).svg и LocationBotswana.svg
Эгемендүүлүк күнү 30-сентябрь 1966-жыл

Британиядан)

Расмий тили англисче, тсвана
Борбор шаары Габороне
Ири шаарлар Габороне
Башкаруу формасы Президенттик республика
Президент
Вице-президент
Мокветси Масиси
Сламбер Тсогване
Мам. дини Динден тышкары
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
46 чы - дүйнөдө
581 730 км²
2,6
Калкы
• Бааланган (2021)
Жыштыгы

2 380 250 адам (145)
4,1 ад./км²
АДӨИ ( 2021) 0,693 (117)
Этнохороним тсвана,
тсваналар
ботсваналыктар
Акча бирдиги пула
Домени .bw
ISO коду BW
ЭОК коду BOT
Телефон коду +267
Убакыт аралыгы UTC +2

Ботсвана, Ботсвана Республикасы Африканын түштүгүндө жайгашкан өлкө. Түндүгүнөн жана батышынан Намибия, Түндүк-чыгышынан Замбия жана Зимбабве, түштүгүнөн жана түштүк-чыгышынан Түштүк Африка Республикасы менен чектешет. Аянты 600,4 миң км2. Калкы 2,021 млн (2013). Борбору – Габороне шаары. Расмий тили англис жана сетсвана тилдери. Акча бирдиги пула. Ботсвана администрациялык-аймактык жактан 9 округга (таблицада) жана 5 шаардык муниципалитетке (Габо роне, Жваненг, Лобаце, Селеби-Пхикве, Франсистаун) бөлүнөт.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ботсвана унитардык мамлекет. Шериктештиктин курамында. Башкаруу формасы президенттик-парламенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы бир палаталуу Улуттук ассамблея. Саясий партиялары: Ботсвана демокр. партиясы, «Ботсвана конгресси» улуттук фронту жана башка.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ботсвана Калахари ойдуңун жана аны курчап жаткан платолорду (бийиктиги 1370 м, Ботсвананын эң бийик чокусу Цодило тоосу) ээлеп жатат. Климаты субтропиктик, түндүгүндө тропиктик. Январдын орточо температурасы 21–27°С, июлдуку 14°–16°С. Август–сентябрда кумдуу бороон болуп турат. Түндүк-батышында Окаванго дарыянын дельтасы жатат. Саздуу, көлдөрү көп. Ириси Нгами көлү. Жылдык жаан-чачыны 250600 мм. Өлкөнүн чыгыш бөлүгүнүн кыртышы кызыл күрөң келип, анда саванна басымдуу. Имсбок, Нцкай-Пан, Чобе улуттук парктары бар. Пайдалуу кендеринен: алмаз, жез, никель, көмүр, темир, күмүш, жаратылыш газы бар.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ботсвананын калкынын көбү тсвана (67%; 2003). Банту тобундагы элдердин каланга (15%), калагади, ндебеле, суто, гереро жана башка улут өкүлдөрү да бар. Калахари ойдуңунда жана Окаванго дарыянын дельтасында бушмендер жашайт. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 3 киши. Калкынын орточо жашы эркектериники 31, аялдарыныкы 30,5. Калкынын 50% салт болуп калган динди, 35% ке жакыны африкалык синкреттик динди, 5%ке жакыны христиан динин тутат. Шаар калкы 52%. Ири шаарлары: Канье, Серове, Молепололе, Махалацве, Франсистаун, Бобононг, Селиби-Пикве, Лобаце.

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түштүк Африкадагы бай мамлекеттердин бири. ИДПде кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн үлүшү – 52%; айыл чарбаныкы – 4,0%; өнөр жайыныкы – 44%; анын ичинде тоо кен өндүрүү – 36%. Ички улуттук продукциясы киши башына 2790 доллардан (АКШ) туура келет. Алмаз кенинин ачылышына байланыштуу экономикасы тез өнүгө баштаган. Ботсвана дүйнөдө алмаз казып алуу боюнча 3-орунда турат (экспортунун 75%ин түзөт). Ботсвана агрардык өлкө, тоо кен казып алуу өнөр жайы өнүгүүдө. Алмаз, никель, марганец, жез казылып алынат. Мааниси боюнча 2-орундагы тармагы жез-никель өндүрүшү. Суа-Пан туздуу көлүнөн туз жана сода алынат. Айыл чарбанын негизги тармагы алыскы жайыттарда багылуучу мал чарбачылыгы. Айыл чарба өсүмдүктөрүнөн жүгөрү, ак жүгөрү өсөт. 2007-ж. 891 млн кВт\с\ электр энергиясын өндүргөн. Ботсвана аркылуу ТАРды Зимбабве менен байланыштыруучу темир жол өтөт. Темир жолунун узундугу 971 км, автожолунуку 18,5 миң км (2001). Эл аралык Габороне, Касане, Мауне аэропорттору бар. Экспортко алмаз, жез, никель, эт, тери чыгарат. Оор машиналардын жана химия өнөр жайынын продукциясын, транспорт жабдыктарын, резина, текстиль, бут кийим, кагаз жана жыгач буюмдарын, азык-түлүктөрдү, тамекини сырттан алат. Негизги соода шериктештери ЕС өлкөлөрү жана ТАР.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ботсвананын байыркы жана орто кылымдардагы тарыхы аз изилденген. Байыртадан анын аймагын мекендеген өлкөнүн жергиликтүү калкы көчмөн койноин жана сан уруулары кийинчерээк түндүк-чыгыштан келген бантулар тарабынан Калахари чөлүнө сүрүлгөн. 19-кылымдын башында Ботсванага европалыктар келе баштаган. 1885-ж. Англия өкмөтү бантулдардын түндүктөгү жерлерин (азыркы Б-нын аймагы) өз протектораты деп жарыялап, аны Бечуаналенд деп атайт. 1910-ж. Түштүк Африка Союзу деп аталган Британ доминиону түзүлгөндө, Бечуаналенд ага көзкаранды болуп калат. 2-дүйнөлүк согуштан кийин Африкадагы улуттук-боштондук күрөштүн күчөшү Ботсванадагы улуттук кыймылдын жогорулашына чоң таасир тийгизген. 1960-ж. Ботсванада алгачкы саясий партия Элдик партия түзүлүп, ал Бечуаналендге көзкаранды эместикти берүү талабын койгон. 1965-ж. протекторатка өзүн-өзү башкаруу укугу берилген. 1966-ж. 30-сентябрда Бечуаналенд көз каранды эмес Б. Респ. деп жарыяланып, Шериктештиктин курамында кала берген. 1966-ж. 17-октябрда Б. БУУга кабыл алынган. 1980-жылдан өлкөнү Квет Кетумиле Жонни Масире башкарган. 1994-ж. өткөрүлгөн шайлоодо ал кайрадан жеңишке жетишкен. 1998-ж. президент Масире отставкага кетип, өлкөнү мурдагы вице-президент жана каржы министри Фестус Могае башкарып калган.

Мамлекеттик маалымат агентчилиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик маалымат агентчилиги «Ботсва пресс аженси» (1981). 1970-жылдан күнүгө өкмөттүк гезит «Ботсвана дейли ньюс» чыгат. Радио уктуруу (1965) сетсвана жана англис тилдеринде. Ботсванада жыгачты оймо-чиймелеп кооздоо өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]