Калахари

Wikipedia дан

Калахари (жергиликтүү тилде карри-карри азап-тозок) – Түштүк Африканын борбордук бөлүгүндөгү табигый аймак; негизинен Ботсвананын, ошондой эле Ангола, Замбия, Намибия, Зимбабве жана ТАРдын аймактарында. Геоморфологиялык жактан алап тибиндеги зор ойдуң, аянты 2,5 млн км2. Чыгышынан Дракондун этек тоолору менен чектешип, батышында тепкичтүү Намибия платосуна акырындап өтөт. Түндүк чек арасы шарттуу түрдө Конго жана Замбези дарыясынын суу бөлгүчү болгон плато, түштүгү Оранж дарыясынын өрөөнү аркылуу өтөт. Кээде «Калахари» деп ойдуңдун эң кургакчыл болгон борбордукжана түштүк бөлүктөрү (аянты 0,9 млн км2) гана айтылат. Бийик түздүктөрү (бийиктиги 900-1000 м) плейстоцендин кургакчыл мезгилинде пайда болгон кызгылт жана агыш кумдуу дюналар (кум дөбөлөр; бийиктиги түштүгү менен түштүк-батышында 100 мге жетет) менен капталган. Бардык жеринде таманы жайык чакан оёңчолор, борбордукжана түштүк бөлүктөрүндө шортоң жерлер кеңири таралган. Басымдуу бөлүгүнүн климаты тропиктик континенттик, Замбезиден түндүктө субэкватордук. Январдын орточо темпрасы 24-27°С (түштүк-батышында 30°С), июлдуку 12-18°С (түштүк четинде 9°С). Жылдык жаан-чачыны түштүгүндө 150 ммден түндүгүндө 800 ммге чейин. Аймагынын басымдуу бөлүгү (Замбези жана Оранж дарыясы агып өткөн түндүк жана түштүк Чет жакаларынан башкасы) ички агымдар алаптарына кирет; мындагы туруктуу аккан жалгыз дарыясы Окаванго. Замбези дарыясынан түндүктө феррозём топурагында саванна сымал миомбо суйдаң токою, родезия тикасынан турган сейрек токой таралган. Борбордук бөлүгүндө кумдуу кызыл топурактарда чөлдөшкөн саванна, түштүк-батышында кумдуу жарым чөл басымдуу. Калахаринин аймагынын басымдуу бөлүгү жайыт, айрым жерлеринде кен (анын ичиндеалмаз ж. б.) казылып алынат. Калахаринин аянтынын 1/5 бөлүгүнүн табияты коргоого алынган; белгилүү улуттук парктары: Галагади (Ботсвана, ТАР), Сентрал-Калахари жана Макгадикгади (Ботсвана), Этоша (Намибия).

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]