Гана

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Gana.png

Га́на (англ. Ghana) же Гана Республикасы (англ. Republic of Ghana) — Батыш Африкадагы мамлекет, борбору - Аккра.

Батышынан Кот-д’Ивуар, Түндүк-батышынан жана түндүгүнөн Буркина-Фасо, чыгышынан Того менен чектешет. Түштүгүнөн Гвинея булуңу чулгап жатат. Аянты 241,9 миң км2. Калкы 21,4 млн (2006). мамлекеттик тили англис тили. Борбору Аккра шаары административдик-аймактык жактан 10 облуска бөлүнөт. Акча бирдиги седи. Гана БУУнун (1957), Африка союзунун (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1957) жана башкалардын мүчөсү. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006): Гана унитардык мамлекет, Шериктештиктин курамына кирет. Конституциясы 1992-ж. 28-апрелде кабыл алынган. Башкаруу формасы президенттик республика Мамлекет жана өкмөт башчысы президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы бир палаталуу парламент. Аткаруу бийлигин президент жетектеген Министрлер кеңеши жүзөгө ашырат. Саясий партиялары: Жаңы патриоттуулук партиясы, Улуттук демократиялык конгресс жана Элдик улуттук конвент.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Гананын аймагы түздүктүү келип, борбордук бөлүгүн кенен плато (бийиктиги 500 м) ээлеп жатат. Атакора тоосунун (бийиктиги 876 мге чейин) Түштүк бөлүгү Гананын аймагына кирип турат. Кенбайлыктарга (боксит, марганец, алтын, алмаз, темир жана башка) бай. Климаты субэкватордук-муссондук. Эң жылуу (март) айынын орто температурасы түштүгүндө 27°Сден түндүгүндө 33°Сге чейин, эң суук (август) айыныкы 23°С 26°С. Жылдык жаан-чачыны 1800-2200 мм, суу тармактары жыш, эң ири дарыясы Вольта. Аймагынын басымдуу бөлүгүн саванна, 10%ке жакынын токой ээлейт. Жалпы аянты 3,7 млн га болгон коргоого алынган 321 табигый аймагы бар; андан ичкери Моле, Дигья, Боди улуттук парктары уюштурулган. Жери кызыл саргыч топурактуу.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Калкынын көбү африкалыктар (98,5%). Шаар калкы - 37%. Калктын жашынын орто узактыгы: эркектериники 58,1; аялдарыныкы - 59,7 жашаары Орто жыштыгы 1 км2 жерге 88 киши. Калктын 60% айыл чарба менен алектенет. Элинин көбү жергиликтүү диндерге ишенет, бир азы христиан жана мусулман. Гананын аймагында адам палеолитжананеолит доорунда эле жашай баштагандыгы белгилүү. 15-кылымга карата Гананын жергиликтүү элдери чарбалык жана маданий өнүгүүнүн жогорку деңгээлине жетишишкен. Алар алыскы өлкөлөр менен соода жүргүзүшкөн (алтын, туз, колөнөрчүлүк буюмдары). Гананын аймагында бир нече майда мамлекеттер өкүм сүрүп, 17-18-кылымдарда алардын ири борбордошкон мамлекеттерге биригүү аракетине европалыктардын келүүсү тоскоол болгон. Ганага португалиялыктар биринчи келип, 1482-ж. Эльмина чебин курган. Алар алтын («Алтын Жээк» деген аты ушундан) жана кул алып турушкан. Мындагы байлыкка Дания, Голландия, Англия сыяктуу европалык өлкөлөр да көз арткан. 19-кылымдын башында Англия атаандаштарын сүрүп чыгып, өлкөнүн аймагын басып алат да, алтын, алмаз жана башка пайдалуу кенбайлыктарын иштетет. Өлкөнүн түндүгүндө жашаган ашанти уруулары борбордошкон күчтүү мамлекет түзүшүп, алардын англичандарга каршы күрөшү Англияашанти согуштарына алып келген. 1896-ж. Улуу Британия Ашантини басып алып, калган уруулар менен протекторат жөнүндөгү келишимдерди түзөт. Колониядагы жогорку бийлик англ. губернаторго берилген. Экинчи дүйнөлүк согуштан (193945) кийин улуттук-боштондук кыймыл күчөгөн.1947-ж. улуттук уюм Алтын Жээктин Бириккен конвенти түзүлүп, ал өлкөгө кыска мөөнөттө көзкаранды эместикти берүүнү талап кылган. 1957-ж. 6-мартта Алтын Жээк көзкаранды эмес деп жарыяланып, Гана мамлекети деп аталып, 1957-ж. 8-мартта БУУга кабыл алынган. 1960-ж. 1-июнда Гана республика болуп жарыяланды. Алгачкы президенти болуп К. Нкрума шайланган. 1966-ж. 24-февралда армия офицерлери мамлекеттик төңкөрүш жасап, генерал Анкра жетектеген Улуттук Боштондук совет (УБС) түзүлгөн. 1969-ж. апрелде генерал Анкра бийликтен четтетилип, ордуна генерал Африфа келди. 197080-жылдарда өлкөдө бир нече жолу аскердик төңкөрүштөр болуп өткөн. 1992-ж. президенттик шайлоо өткөрүлүп, жыйынтыгында бийликке граждандык өкмөт келген. 2000, 2004-ж. президенттик шайлоолордо Ж. Куфуор ийлигикке жетишкен. Гана экономикасынын негизин айыл чарба жана минералдык сырьёлорду өндүрүү, чет элдик туризм түзөт. ИДПде айыл чарбанын үлүшү 36,6%, өнөржайыныкы 24,6%, тейлөө кызматыныкы 38,8% (2005). Негизги жана экспорттолчу өсүмдүгү какао. Ички керектөөлөрүнө маниок, батат, акжүгөрү, май пальмасы, балкамыш өстүрүлөт. Экономикасында негизги орунда тоокен тармагы (алтын, алмаз, боксит жана марганец кенташтары казып алынат), ошондой эле балык уулоо, жыгаччылык, нефть, цемент иштетүү өнөржайлары ээлейт. 2003-ж. 5,4 млрд кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун узундугу 47,8 миң км, темиржолунуку 953 км, деңиз соода флотунун тоннажы 131 миң о дедвейт (2004). Ири деңиз порту Тема, Секонди-Такоради. Вольта, Анкобра, Тано д-нда жана Вольта көлүндө кеме жүрөт. Негизги дарыя порттору Акосомбо, Кете-Крачи, Кпанду. Эл-аралык аэропорту Аккрада. Негизги соода шериктери: Улуу Британия, Япония, АКШ, Германия, Франция жана башка.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]