Вольта

Википедия дан
Вольта.

Вольта - Батыш Африкадагы дарыя. Вольта Кара жана Ак Вольта дарыясынан куралат.

Уз. (Ка­ра Вольта м-н) 1400 — 1600 км. Алабынын аянты 388 миң км2. Ири куймалары: Оти, Дака (сол), Афрам (оң). Жаан-чачын (сент.— окт.) мезгилинде ташкындап, децгээли 14 м ге чейин көтөрүлөт. Февраль—март айларында тартылат. Ири соода порттору: Кете-Крачи, Кпонг, Кпанду ж. б.

Вольтада ири Акосомбо ГЭСи (0,6 млн кет, Ганада) курулган.

Кара В. Бобо-Диуласо шаарынын (Буркина-Фасо) жанындагы дөңсөөлөрдөн башталып, Ак Bольта кошулганга чейин кристаллдык платодогу кенен өрөөн, ортоңку бөлүгүндө Гананын Буркина-Фасо жана Кот-д’Ивуар өлкөлөрү менен болгон чегаралары (бул бөлүгү босоголуу), андан ары Акосомбо шаарына чейин түздүк аркылуу агат. Бул бөлүгүндө 1964-ж. плотина курулуп, Bольта өрөөнүндө Вольта суусактагычы пайда болгон. Чатына 110 км калганда деңиз боюндагы ойдуң аркылуу агып, Гвинея булуңуна куярда саздуу дельтаны пайда кылат. Суусунун орточо чыгымы чатында 1288 мъ/сек. Ири куймасы Оти (сол). Балык кармалат. Чатынан 400 км аралыкка чейин кеме жүрөт. Ири порттору: Япеи (Тамале-Порт; Ак В-да), Кете-Крачи, Акосомбо. ГЭС курулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4